Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Ошто активисттер опузага кабылды


Бишкекте өткөн «#REакция» митинги. 18-декабрь, 2019-жыл.
Бишкекте өткөн «#REакция» митинги. 18-декабрь, 2019-жыл.

Ошто болгон окуяны жарандык коом сөз эркиндигине коркунуч катары баалады.

13-февралда Улан Үсөйүн баштаган активисттер семинар өткөрүп жаткан учурда бир нече аял олбурлуу жигиттердин коштоосунда иш-чараны токтотуп, ага катышкандардын шаардан чыгып кетишин талап кылышкан.

Семинар бүткөндөн кийин да шектүү кишилер активисттерди түнү менен күзөтүп жүрүшкөн. Улан Үсөйүн бул окуяны коркунуч катары баалады. Милиция бул иш боюнча арыз келип түшпөгөнүн, ага карабай териштирилерин билдирди.

13-февраль күнү Ошто Улан Үсөйүн, Данияр Аманалиев жана Азизбек Ашуровдор «Валить нельзя остаться» («Качканга/Кеткенге болбойт») аттуу семинар өткөрүшкөн.

Үсөйүндүн «Азаттык» радиосуна берген интервьюсуна караганда иш-чара башталарга жакын эле шектүү адамдар кирип-чыгып жатышкан. Кийин алар аны сыртка чакырып, «туура эмес маалымат таратып жатасың», «бул бурчка өт, сүйлөшөлү» деп колунан тартып чыгарууга аракет кылышкан.

Улан Үсөйүн.
Улан Үсөйүн.

«Мен эшикке чыксам: «Сен эмне маалымат берип жатасың? Эмне туура эмес иш кылып жатасың?» дей башташты. «Мен эмне кылып атыптырмын?» деп түшүндүрө баштадым. Анан эле агрессивдүү аракеттер башталды, «чык эшикке, бас, сүйлөшөбүз, аркы бурчка барабыз» дешти. «Бара албайм, кечирип койгула» деп айттым. Анан телефонго тарта баштаганда «тартпа» деп баары качышты да. Колумдан бекем кармап, силкип сүйрөштү. Мен «тийбегиле» дедим. Ошол маалда кесиптештерим сыртка чыгып калышты. Ошентип кичине токтоп калышты. Антпесе алар мени сыртка сүйрөй башташкан».

Бул окуяны иш-чаранын уюштуруучулары коркунуч катары көрөрүн айтышты. Анткени олбурлуу жигиттер уюштуруучулардан тартып катышуучуларга чейин кайда барса сары изине чөп салып жүрүшкөн.

Улан Үсөйүн алар орган кызматкерлери жана Матраимовдорду жактагандар болушу мүмкүн деп божомолдойт. Анткени алардын Бишкекте эки ирет өткөргөн коррупцияга каршы «#REакция» аттуу митингинен кийин аны ээрчип жүргөндөр көбөйгөн.

Коррупцияга, Раимге каршы чыксаң эле сени эл душманы кылганга аракет кылышат.

«Аңдып жүрүшкөнүнө караганда чагымчылдык кылган бул атайын органдын эле балдары. Бирок аларга кошулган да спорт жаатында жүргөн балдар жүрдү. Бул мага көнүмүш адат болуп калды.

Иш-чарага келген адамдардын үйүнө чейин артынан барып, кафеге барса кафеге чейин барып, жолдон кетип баратышса токтотуп, суракка алышкан. «Эмнеге келдиңер, силерге көргөзөбүз» деп кээ бир жаш балдарды коркуткан учурлар болду. Өзүңдүн өлкөңдө эркин баса албай калганың абдан өкүнүчтүү. Бул жакта атайын топ иштеп жатат. Бирок ошол топ жарандар болсо башка кеп болчу. Ал эми бул жакта кызматкерлер жүрөт аралашып, криминал болуп жатат да. Эң байкалган нерсе - бул жакта чагымчылдыкка катышып, кайра таң атканга чейин бизди кайтарып чыккан балдар жөн эле эмес да».

Иш-чаранын катышуучулары да аларды капюшон кийген балдар ээрчип, үйлөрүнө чейин күзөтүп барышканын айтууда. Коопсуздугунан чочулап атын жашыруун калтырууну өтүнгөн айым эки машине аларды үйүнө чейин ээрчип барганын айтып берди:

«Менин байкашымча ондон ашуун бала жүргөн. Анан өзүбүз такси чакырып кеттик. Үй-үйлөрүбүзгө кеткен кезде биздин артыбыздан эки машине жүргөн да. Үйгө чейин ээрчип барды. Анткени Улан Үсөйүн буга чейин «#REакция» тынчтык митингин өткөргөн. Ошондон улам болсо керек деген пикирдемин».

Улан Үсөйүн алардын ишине тоскоолдук кылып, коркуткандар жөнүндө арыз жазууга камынып жатканын билдирди.

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков менен байланышканыбызда, милиция бул окуяга тап-такыр тиешеси жок экенин жана арыз келип түшпөгөнүнө карабай териштирүү болорун айткан:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

«Арыз менен кайрыла элек. Азыр Интернетке чыкпадыбы. Ошол маалыматтар боюнча сөзсүз териштиребиз. Улан Үсөйүн менен биздин кызматкерлер жолугат. Мен бир нерсе деп айта албайм. Ал жерде катышкан жокмун. Бирок органдардын адамдары болушу мүмкүн эмес. Органдардын адамдарын саясатка аралаштыруунун кереги жок. Айрым адамдар өздөрүнүн саясий максатына жетип, жеке рейтингин көтөрүш үчүн «органдар катыштырып жатышат, мага тоскоол болуп жатат, мага күн көрсөтпөй жатышат» деп айтканды модага айландырып алышты. Милиция андай ызы-чуу, тополоң кылганга кызыкчылыгы жок».

Укук коргоочу Динара Ошурахунова ушул сыяктуу ар бир окуяда тиешелүү органдарга жазып, аны уюштургандарды табуу керек деп эсептейт:

- "Муну сүйлөбө, тигил жакка барба" деп, бүгүн буларга тыюу салса, эртең башкаларга тыюу салат. Ошондуктан ушундай ар бир окуя боюнча алардын ким экенин таптырыш керек. Андай кылмайынча мындай окуялар боло берет.

Активист Улан Үсөйүн буга чейин эки ирет өткөн «#REакция» митингин алып барган.

Жарандык коом өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу жакында эле Бишкекте 2019-жылдын 29-январында катталган. Анда «Адилет» укуктук клиникасы өкмөттүк эмес уюмдардын ишин катаалданткан мыйзам долбоорун талкуулаган жыйынга белгисиз адамдар келип, анын жүрүшүнө тоскоолдук кылышкан.

30-январда «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова 29-январда Бишкекте өткөн жыйындагы окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү укук коргоочунун арызына байланыштуу Жазык кодексинин 226 -беренеси («Бейбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG