Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Ош: «Клооптун» үч кызматкери сурак берди


«Клооп» сайтынын башкы бети.
«Клооп» сайтынын башкы бети.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы Руслан Матраимовдун арызынын негизинде «Клооп» басылмасынын азыр иштеп жаткан үч кызматкерин суракка алды. Ошондой эле басылманын мурдагы дагы бир кызматкери 13-январга суракка чакырылды. 

Руслан Матраимов — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси. Ал 9-январь күнү шаардык милицияга «белгисиз топ үйүбүздү дрон менен тартып, жеке жашообуздун кол тийбестигин бузуп, коопсуздугубузга шек келтирип жатат» деген мааниде арыз жазган.

«Медиа Полиси Институту» (МПИ) «Клооп» порталынын журналисттеринин суракка алынышын милициядагы укуктук башаламандык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу катары баалады.

Руслан Матраимовдун арызынын негизинде Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы ыкчам иликтөө тобун түзгөн. Милиционерлер 10-январь күнү «Клооптун» айдоочусу Бекболсун Кайыповду машинеси аркылуу таап, Ош ШИИБине жеткирип суракка алышкан. Ошол эле күнү басылманын журналисти Элдияр Бакиров да сурак берген. Эртеси күнү оператор Хамидулло Узаков да суралган. 13-январда саат 15:00гө да башкармалык басылманын мурдагы кызматкерин күбө катары суракка чакырды.

«Клооп» басылмасынын редактору Элвира Акимова буларды айтып берди:

- Жалпысынан төрт киши суракка алынып жатат. Бул иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча катталыптыр.

«Клооптун» кызматкерлери 9-январь күнү Ленин көчөсү 308 дареги боюнча жайгашкан кароосуз калган имаратты тартышкан. Журналисттердин божомолуна караганда ал мыйзамсыз курулган. Элвира Акимованын айтымында, алар Матраимовдордун үйүн тарткан эмес, алар тууралуу маалымат да чогулткан эмес.

Элвира Акимова ошондуктан жогоруда сөз болгон берене менен басылманын кызматкерлери суракка чакырылып жатканы түшүнүксүз экенин кошумчалады:

Элвира Акимова.
Элвира Акимова.

- Биздин журналист катары маалымат чогултууга укугубуз бар. Ал жакта биздин божомолубуз боюнча мыйзамсыз курулган имарат болгон. Биз ошол имарат боюнча материал чогултуп жатканбыз. Ал имарат Матраимовдордун үйүнөн жүздөгөн метр алыс жайгашкан. Анан Матраимовдун жакын кишиси келип алып, биздин видеого тартуу тобубузга эмне себептен тоскоолдук кылганы түшүнүксүз. Ал келип тоскоолдук кылганынан улам биз ал жердеги видеого тартуу ишибизди токтотуп кетүүгө аргасыз болдук. Тескерисинче, алар биздин ишибизге тоскоолдук кылышты.

Руслан Матраимов — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси. Ал 9-январь күнү шаардык милицияга «белгисиз топ үйүн дрон менен тартып, жеке жашообуздун кол тийбестигин бузуп, коопсуздугубузга шек келтирип жатат» деген мааниде арыз жазган. Милиция Матраимовдун арызынын негизинде «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Тергөө эки тарапты угуп, тиешелүү чечим чыгарат го...


- Матраимовдор «видео тартуу мыйзамдуу болгонбу же жокпу, биздин коопсуздугубуз үчүн текшерип бергиле» деп арыз жазган. Алар эки тараптын жүйөлөрүн угуп, мыйзамдуу же мыйзамсыз эккенине баа бериш үчүн гана чакырылган. Тергөө эки тарапты угуп, тиешелүү чечим чыгарат го. Анткени жаран катары бир тарап арыз жазып жатат да. Биз алардын арызын караганга милдеттүүбүз. Эгер «Клооптун» журналисттери кандайдыр бир нааразылыгы болуп арыз жазса, алардыкын да карайбыз, - деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ал арада «Медиа Полиси Институту» (МПИ) «Клооп» порталынын журналисттеринин суракка алынышын милициядагы укуктук башаламандык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу катары баалады. Уюм «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси кайсы бир адамдын жеке жашоосу жөнүндө маалыматты мыйзамсыз чогултуу, сактоо, колдонуу жана таратуу аракети болсо гана колдонуларын белгилейт.

«Ал эми «Клооптун» журналисттери Ош шаарында мыйзамсыз курулган үй боюнча видео тартып жүрүп, кимдир-бирөөнүн жеке жашоосу боюнча маалыматты чогулткан эмес жана аны тараткан эмес» деп эсептейт «Медиа Полиси Институту».

- Бул жерде таптакыр мыйзам бузуу болгон эмес. Дрон учуруп бир нерсени камерага тартууда эч кандай мыйзам бузуу жок. Камерага жазылган нерсе жарыяланса гана мыйзамды буздуңар десе жөндүү болот. Бул жерде андай нерсе болгон жок да, эч ким маалымат тараткан жок, - деди “Медиа полиси” институтунун юристи, медиа эксперт Акмат Алагушев​.

«Kloop» маалымат агенттиги «Азаттык» радиосу жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) менен бирге Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупция, бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдуy аты аталган иштер боюнча иликтөө даярдоого катышкан.

Руслан Матраимовдун арызынын негизинде «Клооп» басылмасынын кызматкерлерин биринин артынан бирин суракка чакыруу Бишкекте «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу болуп, анын ишин Ички иштер министрлиги өтө жай иликтеп жатат деген дооматтар айтылып жаткан учурга туш келди.

«FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Ал 12-январдагы социалдык тармактагы баракчасына бул аракеттердин баары аны коркутуу экенин дагы бир ирет жазып, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылуу боюнча ишин улантарын билдирди.

Иликтөөчү журналист чак түштө сабалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG