Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:51

Апта: Ирандын күнөөсү, чек арадагы чыр


Украиналык учактын кырсыгынан курман болгондорду эскерүү. 11-январь, 2020-жыл.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (6-12-январь, 2020-жыл).

«Ушундан көрө өлүп эле калбай...»

Бул аптада Тегерандан Киевди көздөй жол тарткан жүргүнчү учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кыйрады. Каргаша 8-январда таңга маал болду жана 176 адамдын өмүрү кыйылды. Иран ишембиде, 11-январда учакты кокусунан атып алганын расмий ырастады.

Алгач бул билдирүүнү мамлекеттик телеканал жарыялады. Анда «Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык «учак Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер базасын көздөй багыт алгандай көрүнгөнү, ошондон улам «душмандын объектиси» катары жаңылыш кабыл алынып, сокку урулганы» айтылган.

Ирандын генералы Амир Али Хажизаде 11-январда атайын билдирүү менен чыгып, жоопкерчилик толугу менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунда экенин жарыялады:

-Учактын кыйраганын уккканда, ушундай алааматка күбө болгондон көрө өлүп эле калгым келди... Буз буга байланыштуу жоопкерчиликти толугу менен мойнубузга алабыз. Бийлик кандай гана чечим кабыл албасын, биз аны аткарабыз.

Ирандын президенти Хасан Роухани «Твиттердеги» баракчасына «Тегеран бул орду толгус жаңылыштыкка байланыштуу терең өкүнүчүн билдирет» деп жазды. Ал мындай кечирилгис катага жол бергендердин баарын жазалоого убада берди.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Жавад Зариф бул алаамат адамдын катасы экенин белгилеп, «АКШнын авантюрасынан улам жаралган жагдай кошул-ташыл болгонун» кошумчалады.

Буга чейин Ирандын жетекчилиги Батыштагы бир катар өлкө башчылары менен эксперттердин «учакка ракетадан сокку урулган болушу ыктымал» деген билдирүүлөрүн караманча четке кагып жаткан эле.

Украина кенемте доолайт

Украинанын президенти Владимир Зеленский Иран катасын мойнуна алгандан кийин атайын билдирүү таратты. Ал Тегерандан кырсыктын ар тараптан толук иликтенишин талап кыларын жана Киев кенемте күтүп жатканын айтты.

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

- Эл аралык комиссия кырсыктын себебин иликтеп бүтө электе Иран украиналык учакты атып түшүргөнүн мойнуна алды. Бирок биз Тегеран күнөөнү мойнуна толук алышын талап кылабыз. Ирандан кырсыкты ачык иликтөө боюнча даяр экенин билдирген ишаратты, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну, мерт болгондордун сөөгүн мекенине кайтарууну, кенемте төлөп беришин жана дипломатиялык каналдар аркылуу расмий кечирим сурашын күтүп жатабыз, - деп айтылат Зеленскийдин билдирүүсүндө.

Кыйраган учактагы 176 кишинин тогузу экипаж мүчөлөрү болгон. Ажал тапкандардын басымдуу бөлүгү Ирандын жана Канаданын жарандары экени аныкталган. Андан сырткары кыйраган учакта Ооганстандын, Германиянын, Британиянын жана Украинанын жарандары отурган.

Вашингтон менен Тегерандын ансыз да чыңалып турган алака-катышы 3-январда АКШнын аба соккусунан Ислам Республикасынын таасирдүү генералы Касем Сулеймани өлгөндөн кийин ого курчуп кетти. Ал окуядан кийин Иран АКШ баштаган коалициялык күчтөр жайгашкан Ирактагы аскердик базаларга ракета чабуул койгон.

Мунун алдында Ирандын генералы Хусейн Салами Тегеран Вашингтондон өч аларын жарыялаган болчу:

- Америка колдогон жерлерге өрт койбуз. Алар кайсы жерлер экенин жакшы билишет.

АКШнын президенти Дональд Трамп 8-январда Жакынкы Чыгыштагы соңку жагдайларга байланыштуу кайрылуу таратты. Ал анда өзү кызматта турганда Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын айтты.

Трамп Тегеранды «эл аралык терроризмди колдойт» деп дагы бир ирет айыптады жана Вашингтон ага жаңы санкция саларын эскертти:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Иран чегинип жатат, бул дүйнө үчүн жакшы жаңылык. Британия, Германия, Франция, Кытай жана Орусия сыяктуу державалар Иранга байланыштуу маселелерди чечүүдө жигердүү роль ойной турган мезгил келди. Алар Иран менен өзөктүк келишими боюнча өз позицияларын кайрадан карап чыгышы керек. Вашингтон Иранга жакын арада кошумча санкцияларды салат. Иран өзөктүк дымагын тыйып, террорчулукту колдогонун токтотушу зарыл.

Андан соң АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы президенттин Иранга каршы аскердик акция жүргүзүү укугун чектеген резолюцияны жактырды. Демократтар үстөмдүк кылган палатадагы көпчүлүк мыйзам чыгаруучулар ирандык таасирдүү генерал Касем Сулейманини өлтүрүүгө кандай негиз болгону тууралуу Ак үйдүн түшүндүрмөсүнө анча ынанбай турушат.

Сөз болгон резолюция Сенат колдосо гана аткарууга милдеттүү болмокчу. Бирок жогорку палатаны Трамптын республикачыл тарапташтары көзөмөлдөгөнүн эске алуу менен, документ өтпөйт деп божомолдосо болот.

АКШ Иранга санкция салды

Буга удаа эле Кошмо Штаттар Ирандын сегиз жогорку расмий өкүлүнө каршы санкция киргизди. 10-январда Вашингтондогу басма сөз жыйынында мамлекеттик катчы Майк Помпео жана финансы министри Стивен Мнучин Ислам Республикасынын болот, металл өнөр жай тармагындагы 17 компаниясына да санкция салынганын жарыялашты.

Жазалоочу чараларга туш болгон аткаминерлердин арасында Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани, Куралдуу күчтөрдүн штаб башчысынын орун басары Мохаммад Реза Асхитани жана башкалар бар.

Финансы министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, президент кол койгон буйрук «Иран режими өзөктүк программасын, ракеталарды өркүндөтүү, терроризмди жана террордук уюмдарды колдоо, чөлкөмдөгү карасанатай таасирин өрчүтүү үчүн пайдаланган кошумча булактарды жана кирешени бутага алат».

Буга чейин да Вашингтон Иранга каршы санкция салып келген.

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында америкалык авиациянын соккусунан курман болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

АКШ армиясы бул операцияны жүргүзгөнүн моюнга алып, аны «коргонуу» максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камынып жүргөнүн билдирген.

Генерал Касем Сулейманинин сөөгү 7-январда жерге берилди. Анын жаназасына жүз миңдеген киши келди жана 50дөй адам тепсендиде калып каза болду, дагы 200дөн ашыгы жабыркаганы кабарланды.

Кыргыз-тажик чек арасында кайра чыр чыкты

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында дагы чуу чыкты.

Айрым айылдыктар 11-январда Ош-Баткен-Исфана жолун бууп, кайра милиция күч менен ачты. Анда айрым автоунааларга зыян келтирилгени маалым болду. Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чегинде абал салыштырмалуу туруктуу экенин, бирок чыңалуу сакталып турганын билдирди.

Көк-Таштын тургундары жана Тажикстандын Самониён айылынын тургундары өз аймактарында чогулуп турган учуру.
Көк-Таштын тургундары жана Тажикстандын Самониён айылынын тургундары өз аймактарында чогулуп турган учуру.

Бул окуяга Көк-Таш айылынын төрт тургунун «чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды» деген кине менен милиция кармап кеткени себеп болгон. Жергиликтүү тургундар аларды бошотууну талап кылып, жол бууган кадамга барышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы 11-январда Төрт-Көчө аймагында тажик жарандары Кыргызстандын жарандарынын автоунааларына таш ыргытканын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, ошондон улам тараптар бири-бирин таш менен ургулашкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда тургундар эл жыш жайгашкан чек ара аймактарына туруктуу күзөт коюуну талап кылышты.

Президенттер сүйлөштү

Чек арадагы соңку жагдай боюнча 11-январда Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча анда Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарыл экенин белгилеп, жарандардын күнүмдүк тиричилик чыр-чатактары өтө сезимтал болуп калганын кошумчалаган.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Кыргыздар менен тажиктердин ортосунда көп кылымдан бери достук мамиле болуп келген, бар жана да боло бермекчи. Биз чек арадагы кырдаалдын курчуп кетишине жол бербешибиз керек. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак катталды», - деп айтылат президенттик аппарат тараткан маалыматта.

Жээнбеков мындай окуялардын алдын алыш үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек белгилеп, ЖМКдагы чагымчыл маалыматтар эки өлкөнүн коңшулук жана достук мамилелерине туура келбей турганын айткан.

Кыргыз президенти биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгышына күнөөлүүлөрдү жазага тартыш керек экенин кошумчалаган.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүүнү тапшырды.

Тажик тараптын дооматы

Тажик тараптын маалыматы боюнча, 9-январь кечинде Көк-Таштын тургундары Султанбек Абдуллаев деген тургундун үйүнүн жанына чогулуп, тажик жарандарынын жолдон өтүшүнө жолтоо кылышкан. Кечки саат 21.30дар чамасында кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн Кожоало айылынын тургуну Зафар Азамовдун автоунаасына таш менен ургулап, терезесин сындырган.

Тажикстандын расмий органынын маалыматында коңшу өлкөнүн тургундары ошондон кийин гана кыргызстандыктардын автоунаасына таш ыргытканы, ал эми 10-январга караган түнү эки жолу кыргызстандыктар мергенчи мылтыктан ок атканы айтылган. Ошондой эле атылган октордун бири тажикстандык милиция кызматкерине тийгенин, андан эч ким жабыркабаганы да кеп болгон.

Бирок кыргыз тарап окуянын өнүгүшү боюнча тажик бийлигинин бул маалыматынын толугу менен четке какты.

Акыркы жолу 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыр чыккан. Анда кыргыз тараптан баш-аягы алты киши жабыркаган. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген.

Журналист кол салууга кабылды

Бишкекте 9-январда түшкө маал «FactCheck» порталынын редактору Болот Темиров сабалды. Темировдун айтымында, аны басылманын кеңсесинин жанынан олбурлуу үч жигит ур-токмокко алгандан кийин телефонун тартып алышкан.

Болот Темиров кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырган жана «FactCheck» порталы жарыялаган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдоп жатканын белгилеген.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов журналист Болот Темировго кол салуу боюнча пикирин билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына Темировдун сабалышы анын кесибине байланыштуубу же башка себептери барбы деген суроо тактала элек экенин жазган.

«Эгер журналисттин сабалышы анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт. Журналист гана эмес, башка жарандардын да сабалышы - мыйзамга каршы аракет. Тиешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл», деп жазган Искендер Матраимов.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

Журналистке кол салууну айыптап бир нече медиа уюм жана журналисттер билдирүү таратышты. «Медиа Полиси» институтунун баракчасына жарыяланган билдирүүдө «Темировдун сабалышы - журналисттик иликтөө менен алектенгендерди коркутуу актысы» экени айтылган.

Акыйкатчы Токон Мамытов «Factcheck.kg» сайтынын редактору Болот Темировдун сабалышын жакшылап иликтөөгө чакырды жана журналисттин окуясын көзөмөлгө аларын кошумчалады.

Бугу улай эле Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилиги Болот Темировдун токмоктолушуна байланыштуу фактыны көзөмөлгө алганын жарыялады. Бишкек шаардык милициясы журналистти сабагандарга издөө жарыялады.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир «FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго кол салууну айыптады. Ушундай эле мазмундагы билдирүүнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да таратты. Анда элчилик кол салууну сынга алып, аны тез иликтөөгө чакырган президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратына үндөш пикирде экенин билдирген.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары журналисттер коркутуп-үркүтүүгө кабылбай иш алып барган учурда гана эркин болууга мүмкүнчүлүк алышат. Окуянын так иликтенип жана кол салууга күнөөлүүлөрдүн кечиктирилбестен жоопко тартылышы, Кыргыз Республикасынын өз демократиялык баалуулуктарын жана эркин жана ачык басма сөздү коргоо салтын улантышы чоң мааниге ээ», деп айтылган билдирүүдө.

Бишкек шаардык милициясы «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салууну «Тоноо» беренеси менен тергеп жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.

- Темировдун телефонун алып кетишиптир, ошондуктан тоноо фактысы боюнча текшерүү башталды. Экспертизанын жыйынтыгына жараша тергөөчү беренесин өзгөртө алат, - деди Жумаков.

Учурда журналистке кол салгандарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. Азырынча алар кармала элек.

«FactCheck» порталы Кыргызстанда коррупциялык көрүнүштөрдү жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү боло баштаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG