Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Иран Ирактагы АКШ аскерлерине сокку урду


Иран Ирактагы АКШ аскерлерине сокку урду
Иран Ирактагы АКШ аскерлерине сокку урду

Иран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан эки базага баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Бул маалыматты Пентагон ырастады.

8-январга караган түнү, Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулайманинин сөөгү жерге берилгенден бир нече саат өткөндөн кийин Тегеран Ирактагы АКШнын аскерлери жайгашкан эки базага баллистикалык ракеталар менен сокку урду.

Чабуул үчүн жоопкерчилик алган Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу сокку генералдын өлүмү үчүн өч алуу максатында жасалганын билдирди.

Бир күн мурда Сулайманини акыркы сапарга узатуу зыйнатында Ирандагы аскердик жетекчилер жана Ирактагы иранчыл күчтөр өч алууга убада беришкен.

АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү Жонатан Хоффман Айн-Асад жана Эрбил аскердик базаларына сокку тийгенин ырастады. Бирок курмандыктар тууралуу маалымат берген жок. Ал эми Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жалпысынан 15 ракеталык сокку урулганын кабарлап, эч кандай далилдерди келтирбестен «80дей америкалык аскер жок кылынганын жана бир катар техника, анын ичинде тик учактар жана учкучсуз аппараттар жабыркаганын» кошумчалады.

Расмий Багдад ирактык күчтөрдүн арасында жоготуулар болбогонун билдирди. Бул соккулардан кийин АКШ президенти Дональд Трамп «Твиттерге»: «Баары жакшы! Ирандан ракеталар менен Ирактагы эки аскер базасына сокку урулду. Учурда курмандыктарды жана жабыркагандарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бардыгы жайында. Биздин армия дүйнөдөгү эң кубаттуу жана мыкты жабдылган!» - деп жазды.

Ал эми Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи телеканал аркылуу жасаган билдирүүсүндө бул сокку менен алар Кошмо Штаттарды жаакка чабышканын билдирди.

- Кечээ кечинде биз аларды жаакка чаптык. Эң маанилүүсү Американын күчтөрү аймактан чыгарылып кетиши керек, - деп айтты Ирандын руханий башчысы.

Ушундай эле эскертүүнү Ислам революциясынын сакчылар корпусу да жасады. Аталган корпустун өкүлүнүн айтымында, операция «Азаткөй Сулеймани» деп аталган.

Ирандын Жогорку Руханий лидери Аятолла Али Хаменени. 8-январь, 2020-жыл.
Ирандын Жогорку Руханий лидери Аятолла Али Хаменени. 8-январь, 2020-жыл.

Чабуулдан көп өтпөй АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Пентагондун башчысы Марк Эспер Ак үйгө келишти. Бир күн мурда жасаган билдирүүсүндө Эспер журналисттерге Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын күтүп жатышканын айткан.

- Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даярбыз. Мына ошондо биз алардын кадамдарына тиешелүү жооп кайтарабыз, - деген эле ал.

Бул соккулардан кийин бир нече ири авиакомпания Ирак менен Ирандын аба майданынан өтчү каттамдарын башка багытка бурганын билдиришти.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун атайын күчтөрүн – «Кудс» тандалма бөлүгүн жетектеп келген генерал Сулаймани өткөн жума күнү Ирактын борбор шаарынын четинде америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Ал ошондой эле Ирандын чет жактардагы жашыруун жана аскердик операциялары үчүн жооп берчү.

АКШ ирандык генералды өлтүргөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын мамилелери ого бетер чыңалып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кескин курчуду.

Иран: Генералдын жаназасында 50дөй киши өлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG