Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Сулейманинин жаназасында 50дөй киши көз жумду


Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу. Керман шаары, 7-январь, 2020-жыл.
Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу. Керман шаары, 7-январь, 2020-жыл.

Иранда таасирдүү генерал Касем Сулейманинин сөөгү 7-январда кичи мекени Керман шаарында жайына берилмек. Бирок 50дөй киши тебелиндиде каза болгондон кийин анын жаназасы жылдырылганы кабарланды.

Тебелендиде калган адамдарга жардам берүү учуру.

Сулейманини акыркы сапарга узатууга Ирандын түштүк-чыгышындагы Керман шаарына түмөндөгөн адамдар чогулду. Жергиликтүү мамлекеттик телеканалдар кеминде 50дөй киши тебелендиде калып каза тапканын, 200гө жакыны жараланганын маалымдашты. Мындан улам генералдын жаназасын жылдырууга туура келди.

Касем Сулейманинин казасына келгендер. Керман шаары. 7-январь, 2020-жыл.
Касем Сулейманинин казасына келгендер. Керман шаары. 7-январь, 2020-жыл.

Ага чейин Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кол башчысы генерал Хусейн Салами зыйнатка келген элге кайрылып, АКШдан өч алышарын эскертип, «Америка колдогон жерлерге өрт коёбуз, кайсы жерлер экенин алар жакшы билишет» деген.

Анын бул сөздөрүнөн кийин чогулгандар «Израилге өлүм!» - деп кыйкырып турушту.

Мурунку күнү аза күтүү жөрөлгөсү баш калаа Тегеренда өтүп, Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү дуба окуду.

Полиция генерал менен коштошууга миллиондогон киши келгенин ырастоодо.

- Кечээ элдин кубатына күбө болдуңар. Трамп мырза мынча көп киши чогулганын өмүрүндө көрбөсө керек. Жада калса анын инаугурациясына да мынча көп киши келген эмес, - деди Ирандын тышкы иштер министри Мухамад Жавад Зариф 7-январда Тегерандагы жыйында.

Бирок катышкандардын санын өз алдынча булактардан билүү мүмкүн эмес.

Касем Сулеймани менен коштошуу. Тегеран.

Генерал жана аны коштоп жүргөн бир нече киши өткөн жума күнү Ирактын борбор шаарынын четинде америкалык дрондун соккусунан каза табышкан.

Сулеймани Ислам революциясынын сакчылар корпусунун атайын күчтөрүн – «Кудс» тандалма бөлүгүн жетектечү жана Ирандын чет жактардагы жашыруун жана аскердик операциялары үчүн жооп берчү. Вашингтон аны «номур биринчи террорчу», жүздөгөн америкалык жоокердин өлүмү үчүн жооптуу адам, ошондой эле Ирак менен Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.

Ирандык журналист Ниуша Богратинин айтымында, Сулеймани аятолла Али Хаменеинин эң жакын адамдарынын бири, таасирдүү кол башчы болчу.

- Касем Сулеймани чөлкөмдө Ислам Республикасынын «империясын» түзгөн адам болгон, - деди ал. - Ислам Республикасы башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип же чабуулдарды ишке ашырган болсо, кеминде акыркы 20 жылда андай аракеттердин артында дал ошол генерал турган. Аймакта Ирандын саясатын жүргүзүүдө ал эң таасирдүү, эң кубаттуу адам болчу.

АКШ президенти Дональд Трамп Иран боюнча билдирүү жасап жатат. Флорида, 3-январь, 2020-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран боюнча билдирүү жасап жатат. Флорида, 3-январь, 2020-жыл.

АКШ ирандык генералды өлтүргөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын мамилелери ого бетер чыңалып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кескин курчуду. Ислам Республикасы Сулеймани үчүн өч аларын эскертсе, АКШ президенти Доналд Трамп андай болсо Ирандагы 52 объект, анын ичинде маданий жана тарыхый жайлар бутага алынарын 4-январда билдирген. Анын бул билдирүүсүн «Human Rights Watch», ЮНЕСКО өңдүү уюмдар сындашкандан кийин дүйшөмбү күнү АКШнын коргоо министри Марк Эспер америкалык аскерлер куралдуу жаңжалдардын мыйзамдарын сактай турганын белгилеп, Ирандын тарыхый жайларына сокку урулбай турганын ишарат кылды.

7-январда Ирандын парламенти Пентагондун аскердик командачылыгын жана АКШ аскерлерин же армияда келишим менен кызмат өтөгөндөрдү террорчулар деп тааныган документти бир добуштан кабыл алды. Буга чейин, өткөн апрелде Трамп Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизген чечим чыгарган.

Ал арада Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Кошмо Штаттар ага виза берүүдөн баш тартканын билдирди. Министр 9-январда Нью-Йоркто Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышмак.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул маселеге комментарий бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG