Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Трамп Иракты санкция менен коркутту


Жакынкы Чыгыштагы абал АКШ Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманини өлтүргөндөн бери курчуп жатат. 
Жакынкы Чыгыштагы абал АКШ Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманини өлтүргөндөн бери курчуп жатат. 

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Багдад америкалык аскерлерди чыгара турган болсо, аларга «мурда болуп көрбөгөндөй катаал» санкция саларын эскертти.

Жекшембиде Ирак парламенти Кошмо Штаттардын жоокерлерин чыгарууну колдогон резолюция кабыл алган. Ал арада Иран 2015-жылы дүйнөлүк алты держава менен түзүлгөн өзөктүк программанын шарттарын аткаруудан баш тартарын жарыялады. Жакынкы Чыгыштагы абал АКШ өткөн аптада Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманини өлтүргөндөн бери курчуп жатат.

Дональд Трамп Тегерандын америкалык аскерлерге байланыштуу соңку чечими тууралуу учкай комментарий берип жатып, Кошмо Штаттардын Ирактагы аскердик базаларын эстеди. Ал миллиарддаган долларга салынган, «өтө кымбат» база бар экенин айтып, ал үчүн кенемте талап кыларын эскертти:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Биз ал базага акы алмайынча кетпейбиз. Эгер АКШ Ирактан «достук шартта» кетпесе, анда биз аларга мурда болуп көрбөгөндөй катаал санкция салабыз.

АКШ аскерлери Иракта 12 базаны колдонот жана Трамп алардын кайсынысын сөз кылганын тактаган жок. Ушул тушта Иракта америкалык 5 миңден ашык жоокер бар жана алардын көбү кеңешчилик милдетти аткарат.

Ирак парламенти жекшембиде кезексиз чукул жыйынга чогулуп, «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы уюшулган коалиция менен түзүлгөн макулдашууну токтотуу жана чет өлкөлүк аскерлердин чыгаруу боюнча резолюция кабыл алды.

Тегеран АКШны «Ирактын эгемендигине жана коопсуздугуна шек келтирди» деп айыптап, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылганы жатат.

Ал арада Иран дүйнөлүк алты держава менен 2015-жылы кол койгон «өзөктүк келишимдин» шарттарын аткаруудан баш тартарын жарыялады. Бирок расмий Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык комитет (МАГАТЭ) менен кызматташа берерин билдирди.

Бул келишимден АКШ 2018-жылы чыгып кеткен жана Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иранга санкция салган. Мындай чарага жооп катары Иран бийлиги ошондон тартып келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартып келе жаткан.

Эми өлкөнүн ортосундагы жаңжалдын дагы курчушуна Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү себеп болду.

Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 50дөн ашык объектисине, алардын арасында маданий жайларга «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп эскерткен. Ирак бийлиги муну «аскердик кылмышка» теңеп, сынга алган.

Муну менен катар АКШнын Өкүлдөр палатасы Трамптын Иранга каршы аскердик чара көргөн ыйгарым укугун чектөө максатында резолюция кабыл алганы жатат. Конгресстин төмөнкү палатасынын спикери Нэнси Пелоси документ ушул жумада каралып, добушка коюларын билдирди.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан курман болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

Ирак парламенти.
Ирак парламенти.

АКШнын армиясы бул операцияны жүргүзгөнүн моюнга алып, аны «коргонуу» максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камынып жүргөнүн билдирген.

Вашингтон генерал Сулейманини Ирак менен Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.

Тегеран 6-январда Касем Сулеймани менен коштошту. Ага жүз миңдеген адам чогулуп, Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү катышып, дуба кылды. Бир нече шаарда уюштурулган коштошуудан кийин маркумдун табыты туулган жери Керманга жеткирилип, 7-январда жерге берилмекчи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG