Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:17

Бограти: АКШ-Иран мамилеси 40 жылдан бери мынча курчуган эмес


«Фарда» радиосунун башкы редактору Ниуша Бограти.

Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын мамилелери кескин курчуду. Биздин суроолорубузга ирандык журналист, «Фарда» радиосунун башкы редактору Ниуша Бограти жооп берип, эми окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн деген ойлору менен бөлүштү.

«Азаттык»: - Вашингтон Сулейманини «номур биринчи террорчу» деп эсептечү. Ага кандай негиз бар эле?

Ниуша Бограти: - Касем Сулеймани чөлкөмдө Ислам Республикасынын «империясын» түзгөн адам болгон. Ислам Республикасы башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип же чабуулдар койгон болсо, кеминде акыркы 20 жылда андай операцияларды дал ошол генерал уюштуруп, жетектеп келген. Аймакта Ирандын саясатын жүргүзүүдө ал эң таасирдүү, эң кубаттуу адам болчу.

Аймактагы түрдүү согушкер топтор генералдын, Ирандын Батыштын кызыкчылыктарына каршы чабуул коюу өнөктүгүнө катышкысы келсе, алар биринчи кезекте Сулейманиге кайрылышчу. Ал аскердик операцияларга келгенде, жогорку лидер Али Хаменинин эң жакын адамы болчу. Батыш Ислам Республикасынын кандай гана ырайымсыз аракеттерине күбө болбосун, анын артында Сулеймани турчу. Дал ушундан улам АКШ, Европа өлкөлөрү, чөлкөмдөгү башка мамлекеттер жоопкерчиликти ага жүктөшөт.

«Азаттык»: - Иран бийлиги генерал менен коштошууга Тегеранда миллиондогон киши чогулганын билдирүүдө. Кемран шаарында 40тай киши тепсендиде калып өлгөнү кабарланды. Катардагы ирандыктар чындап аны барктап, жакшы көрүшчүбү? Колдоочулары ошончолук көп беле?

Ниуша Бограти: - Иран эли Сулейманиге каршы чыккандар жана жактагандар болуп экиге бөлүнүп калды. Бул же тиги тарапка кошулбай, аралаш сезимде тургандар абдан аз. Жактоочулары Сулейманини Ислам Республикасынын кубатын даңазалаган адам, айрымдары ал түгүл улуттун каарманы деп билишет. Бирок көптөгөн ирандыктар таптакыр башка ойдо. Алар үчүн генерал Иранды ушундай аянычтуу абалга кептеген карасанатай жетекчилердин бири. Көптөгөн ирандыктар аны жек көрүшөт, көптөгөн ирандыктар аны репрессивдүү режимдин колундагы курал деп эсептешет. Бир нече жума мурун эле Ирандын булуң-бурчунда анын кол астындагы аскерлерден бир жарым миң киши өлгөн. Мындай санды «Reuters» агенттиги келтирди. Касем Сулеймани бул режимдин эң репрессивдүү механизми – Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң жогорку командачыларынын бири болгонун унутпайлы. Кыскасы, ооба, анын колдоочулары бар. Алардын саны чектелүү деп айта албайбыз. Сулейманини жактагандар көп. Бирок миллиондогон киши ага каршы экенин, карасанатай саясатчы деп эсептешерин так билебиз.

«Азаттык»: - Албетте, көпчүлүктү «Эми эмне болот?» деген суроо кызыктырып турган кез. Тегеран өч аларын эскертсе, Вашингтон Иранда бутага алынган жайлардын тизмеси түзүлгөнүн айтып жооп кайтарды. Эки өлкөнүн мамилелери кескин курчуду...

Ниуша Бограти: - Окуялар кандай нукта өнүгөрүн болжолдоо абдан кыйын. Бирок бир нече сценарий бар. Биринчиден жогорку лидер Хаменеи соңку окуяга абдан кыжырданып турат. Тегеранда Сулеймани менен коштошуу учурунда абдан кайгырып, аза күттү. 40 жылдан бери эч ким аны мындай абалда көргөн эмес. Генерал Хаменеиге абдан жакын болчу, жогорку лидер ишеним арткан, артыкчылык берген адамдардан болчу. Хамени аны оозунан түшүрчү эмес. Айтор, менимче, генералдын өлүмү үчүн кандайдыр бир өч алууну көздөйт. Бирок кандай деңгээлде жооп кайтарылат деген суроо бар. Кээ бирлер жакын болгондугу үчүн чөлкөмдөгү америкалык аскерлерге чабуулдар коюлушу мүмкүн деп боолгошот. Андай да болушу ыктымал. Анын арты олуттуу кесепеттерге алып келет деп күтсө болот. Президент Дональд Трамп «Ирандагы 52 жайды бутага алууга даярбыз» деп айтпадыбы. Дагы бир жолу – кадамдарды жакшылап эсептеп чыгып, мындайча айтканда намысын сактап калып, ошол эле маалда «өч алдык» деп айтыш үчүн балким аймактагы прокси-согуштарды күчөтүшү мүмкүн. Мисалы Иран колдогон согушкер топтор Израилге ракеталар менен чабуул коюшу ыктымал. Мындай аракеттердин Ислам Республикасы үчүн тобокелдиги азыраак болсо керек. Менимче, абал курчуйт. Муну так түшүнүү зарыл. Мындан 40 жыл мурунку барымта кризисинен бери Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу мындай деңгээлге жеткен эмес. Бул эмне менен аяктайт, урушка алып келеби? Иран менен АКШ кадыресе ачык согушка барышат деген ойдон алысмын. Бирок абал курчуйт, тараптар бири бирине чабуул коюшу мүмкүн. Андан ары кандай болорун байкайбыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG