Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

МПИ «Клооптун» журналисттерин суракка алуу мыйзамсыз экенин билдирди


«Медиа Полиси Институту» (МПИ) «Клооп» порталынын журналисттеринин суракка алынышын милициядагы укуктук башаламандык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу катары баалады. Уюмдун юристи Акмат Алагушевдин айтымында, журналисттер Ош шаарынын тургуну Руслан Матраимовдун арызынын негизинде суракка чакырылып жатат. Милиция бул арыздын негизинде Жазык кодексинин «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча текшерүү баштады.

Бирок юрист бул берене кайсы бир адамдын жеке жашоосу жөнүндө маалыматты мыйзамсыз чогултуу, сактоо, колдонуу жана таратуу аракети болсо колдонуларын белгилейт. Ал эми «Клооптун» журналисттери Ош шаарында мыйзамсыз курулган үй боюнча видео тартып жүрүп, кимдир-бирөөнүн жеке жашоосу боюнча маалыматты чогулткан эмес жана аны тараткан эмес, деп эсептейт «Медиа Полиси Институту».

«Клооп» порталынын журналисти, оператору жана айдоочусу 10-11-январда Ош шаардык милициясына сурак берген. Ош шаардык милициясы буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимовдун арызы негиз болгонун билдирген. Анда Матраимов «белгисиз топ үйүн дрон менен тартып, жеке жашоосунун кол тийбестигине жана коопсуздугуна шек келтирип жатканы» тууралуу арыз жазган.

«Клооптун» жамааты кабарчылар тартып жүргөн имарат Матраимовдорго таптакыр тиешеси жок экенин билдирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG