Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:15

Депутат Акаев журналистке кол салуу боюнча ИИМди сынга алды


Болот Темиров кол салуудан кийин.
Болот Темиров кол салуудан кийин.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салууну тергөө боюнча Ички иштер министрлигинин аракеттерин сынга алды. Депутат бул тууралуу социалдык баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айткан. Анда Жанарбек Акаев журналисттин сабалышы абдан кабатыр кылганын белгилеп, ага кол салгандарды кармоо боюнча аракеттер байкалбай жатканын билдирген.

«Чак түштө Темировду сабап кеткен зөөкүр кылмышкерлерди кармоо боюнча Ички иштер министрлигинин ишинин чабал жана солгун болуп жатканы бизди кыжырдантып жатат. Анткени Кыргызстанда коррупцияны, адилетсиздикти жазган эч бир журналистке мындай мамиле болбошу керек. Жалгыз мактанган сөз эркиндиги сыяктуу байлыгыбызды баарыбыз сакташыбыз керек. ИИМ, бардык күч органдары Болот Темировду сабап кеткендерди жана аларга буйрук бергендерди тез арада табышын талап кылабыз», - деген Акаев.

Мындан тышкары депутат Ош шаарында күч түзүмдөрү «Клооп» порталынын журналисттерин автоунаасынын номери боюнча таап, дароо суракка чакырганын мисал келтирип, ошол эле учурда көзөмөл камералары көп орнотулган Бишкекте Темировго кол салгандарды таппай жатканына таң калганын билдирген. Жанарбек Акаев журналистти сабагандарды жазага тартуу боюнча парламентте да маселе көтөрөрүн кошумчалаган.

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Ал 12-январдагы социалдык тармактагы баракчасына бул аракеттердин баары аны коркутуу экенин дагы бир ирет жазып, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылуу боюнча ишин улантарын билдирди.

Кылмышка шектүүлөр кармала элек. Буга чейин бул ишти ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алганы кабарланган.

Бул кол салууну бир катар эл аралык уюмдар, медиа коомчулук айыптап, бийликти тезинен чара көрүүгө чакырышты.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналистке кол салууга өкүнүчүн билдирип, бул кылмыш ишинин бети ачылышы керек экенин айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG