Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Жыйындагы чыр: Жакупованын арызын милиция териштире баштады


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

30-январда «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова 29-январда Бишкекте өткөн жыйындагы окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Каktus.media сайты Свердлов райондук ички иштер бөлүмү укук коргоочунун арызына байланыштуу Жазык кодексинин 226 -беренеси («Бейбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынганын жазды.

29-январда «Адилет» укуктук клиникасы өкмөттүк эмес уюмдардын ишин катаалданткан мыйзам долбоорун талкуулаган чогулуш өткөргөн. Укук коргоочу өз арызында ошол жыйынга белгисиз адамдар келип, анын жүрүшүнө тоскоолдук кылышканын, катышуучуларды кемсинткен сөздөрдү айтышканын жазган. Арыз ээси президент менен укук коргоо органдарынан буга байланыштуу чара көрүүнү суранган.

XS
SM
MD
LG