Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Мушташты сүйгөн жаштар көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө белгилүү болгон UFCнын (таймаштын аралаш түрлөрү) көзүрлөрүнүн бири орусиялык мушкердин Кыргызстанга келип кетиши спорт чөйрөсүндө кызуу талашка жем таштады.

Өз спортчуларыбыз колдоого муктаж дегендер, орусиялык мушкерди Кыргызстанда көкөлөтүп тосуп алгандарды сындап жатышат. Спортчу Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен келген.

Дүйнөлүк мелдешке акча таппаган спортчулар

Белгилүү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Бишкекке 24-январда келип кеткен. Уюштуруучулар UFC жылдызын аэропорттон жандуу оркестр, онго жакын жол тандабас кортеж, МАИчилердин коштоосунда тосуп алды. Ал Бишкекте спорт чөйрөсүндөгү ишмерлер, жаштар менен жолукту. Уюштуруучулардын айтымында, спортчу менен жолугушууга 10 миңдей адам келген.

Кыргызстандын снукер федерациясынын баш катчысы Шайырбек Маматокторов орусиялык спортчуну Бишкекте шаан-шөкөт менен тосуп алгандарды сындагандардын бири. Ал ушул тапта бильярддын снукер түрү боюнча дүйнөлүк биринчиликке спортчусун жиберүү үчүн 1500 доллар издеп жүрөт.

Маматокторов Улуттук олимпиада комитети өзүнө тиешелүү спорттун түрү боюнча жылдыздарды чакырса болмок деп сындады.

- Испаниянын курама командасын жетектеп жүргөн Талант Дүйшөбаевди, орус тилдүү десең Мария Шарапованы бир күн келип мастер-класс өтүп кетүүгө чакырса болобу? Мен балдарымдын мушкер болушун каалабайм. Балдарыбыз сууда сүзүү боюнча, теннис же вело жарыштан олимпиадалык чемпион болушун каалайм. Менин спортчуларым мелдешке бара албай отурат.

Шаршенбек Абдыкеримов
Шаршенбек Абдыкеримов

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси, белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун жеке чакыруусу менен келген. Спортчунун бардык чыгымын Абдыкеримовдун компаниясы көтөргөн.

Компаниянын өкүлү Балбак Түлөбаев коомчулуктагы айрым нааразычылыктарга мындайча жооп берди:

- Хабиб Нурмагомедов “Аю” холдингинин жеке коногу. Биз Кыргызстанды көрсөтүп, кайра узатып койдук. Эми биздин дарекке ар кандай сөздөр айтылып жатат. Негизи биз бир спорттун олимпиадалык түрүнө эң көп салым кошкон холдинг болушубуз керек. Акыркы үч жылдын ичинде биз спортко 1 млн долларга чейин акча салдык. Ал эми Хабиб келип олимпиадалык резервди даярдоо мектебине, Айтматовдун үй музейине барып, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Кыргызстанды "Инстаграмдагы" 3,5 миллион досуна көрсөттү.

Улуттук олимпиада комитети орусиялык мушкер жетекчиликтин жеке тааныштыгы менен келип спортчуларга дем берди деп, эми жакынкы жылдары башка чет элдик олимпиада чемпиондорун чакырууга аракет кылып жатканын билдирди.

Бакубат турмушту эр уруштан издегендер...

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда эрежесиз эр уруш спортуна ыктаган жаштар арбын. Ири шаарларда саясатчы, ишкерлер колдогон ар кандай спорт клубдар ачылып, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча спорттук мелдештер байма-бай өтүп турат.

Мындай таймаштарга кирүү акысы 1000-2000 сом болгонуна карабай, ышкыбоздор көп келет. Ал эми бокс же эркин күрөш сыяктуу спорт мелдештерин көрүүчүлөрдүн саны кескин азайды. Мунун себебин криминал темасында макала жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу мындай божомолдойт:

- Бул спортто криминалдык элементтер бар. Ачык эмес, криминал өкүлдөрү уюштурган жабык мелдештер дагы болот деп айтылып жүрөт. Ал эми көөп турган жаштар кычыраган машине минип, чымыр денелүү, чоң сүйлөгөндөрдү эрежесиз эр уруштан көрүшөт. Анан "мен дагы ошондой болсом" деп ушул спортко ооп жатышат.

Эркин күрөш менен машыгып, кийин таймаштын аралаш түрлөрү спортуна өткөн Кубаныч Аманбеков азыр Кыргызстандагы эрежесиз эр уруш мелдештеринин уюштуруу иштерине катышып жүрөт.

- Эгерде мелдешти ири уюмдар өткөрүп жатса анда спортчулардын ден соолугун карашат. Медиктер урушка чейин, андан кийин текшерип турат. Мушташты утса байге алат, демөөрчүсү жакшы болсо кошумча каражат берет. Мына ошол каражатка ден соолугун карашы керек.

ММА, UFC - бул көрүүчүлөргө, телеге шоу, уюштуруучуларга кызылдай акча. Мушташып жаткан балдар аябай жаракат алышат. Тапкан каражаты кийин ден соолугун чыңдоого жетпейт.
Орузбек Назаров

Анткен менен бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров мындай спорттун түрү менен машыккан жаштардын ден соолугуна тынчсызданат. Чемпиондун айтымында, эрежесиз эр уруш жаш спортчунун саламаттыгына чоң залакасын тийгизет.

- Бүгүн бул спорттун түрүн мыкты жарнамалашты. Ошондуктан белгилүү болуп кетти. Америкадан башталып, Европага, Азияга келди. Коомчулукка “нан менен зоок” эле керек экен да. Анан UFCдеги былчылдашкан мушташ, кан элге жагат окшойт. Мен бул спорттун жактоочусу эмесмин, спорт деп деле айтуудан корком. Анткени боксто колуң менен урушасың, күрөштө күрөшөсүң. ММА, UFC - бул көрүүчүлөргө, телеге шоу, уюштуруучуларга кызылдай акча. Мушташып жаткан балдар аябай жаракат алышат. Тапкан каражаты кийин ден соолугун чыңдоого жетпейт.

Кыргызстанда спорт чөйрөсүн саясий максаттар үчүн колдонуу аракеттери байкалып жүрөт. Саясатка аралашкан ири ишкерлердин жер-жерлерде спорт залдарды ачып, эрежесиз эр урушка машыктыргандар арбыды. Эл арасында кылмыш топторуна таандык жашыруун ачылган спорт клубдары бар экени айтылып жүрөт.

"Азаттык+": Караларды пир туткан жаштар. 26.01.2018

Криминалды пир туткан жаш муун
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:34 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG