Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Кыргызстандагы белгилүү ишкер Лондондон үй алды


Шаршенбек Абдыкеримов
Шаршенбек Абдыкеримов

Ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Лондондун чок ортосундагы кымбат баалуу үй-комплексинен батир сатып алганын The Guardian гезити жазып чыкты. 50 кабаттык бийик мунара үйдөн ага коңшу болуп орусиялык миллионерлер менен нигериялык банкирлер да жайгашканы кабарланууда. Tower деп аталган үй-комплексиндеги пентхаус батирлердин баасы 51 миллион фунт стерлинг деп бааланган. Темзанын жээгинде жайгашкан шаардын чок ортосундагы имаратка орусиялык олигарх Андрей Гуриев ээлик кылары айтылууда. Бул имараттагы батирлердин өлчөмү Лондондун стандарт үйлөрүнөн 24 эсе чоң. Аталган гезит Шаршенбек Абдыкеримовдун батиринин баасы тууралуу маалымат жарыялаган эмес.

Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти, жана "Аю" фирмасынын ээси. Ал "Кыргызстан" партиясынын түптөөчүлөрдүн бири катары белгилүү жана буга чейин "Республика" партиясынын атынан Жогорку Кеңеште депутат болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG