Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:41

ИИМди кыжалат кылган белек


Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт. (Сүрөт «Кактус медиа» сайтынан алынды).
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт. (Сүрөт «Кактус медиа» сайтынан алынды).

Ушул жуманын башында Эркин Мамбеталиев Баткендин күч органдарына эки автоунаа белек кылганы тууралуу видео тараган. Бирок Ишки иштер министрлиги кабарды четке кагып, окуянын чоо-жайын башкача түшүндүрүп жатат.

Социалдык түйүндөрдө жана айрым басылмаларда мындан эки күн мурда «Эркин Мамбеталиев күч органдарына автоунаа белек кылды» деген кабар тараган. Андагы сүрөттөрдөн Мамбеталиев жана форма кийген бир нече адам эки жолтандабастын жанында алакан жайып бата тилеп жатканын көрүүгө болот.

Бул кабарга удаа эле Эркин Мамбеталиевдин күч органдарына машине ыроолоп жатканы тартылган видео да тарап кетти.

Аны “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырган журналист Тынчтык Алтымышев сүрөт менен видеону жергиликтүү тургундар жибергенин айтууда:

- Биздин сайтыбызда элден келген кабарларды чыгарган бөлүм бар. Мамбеталиев тууралуу сүрөт менен видеону окуяга күбө болгон жергиликтүү тургун "WhatsApp" аркылуу жиберген экен. Биз биринчи сүрөттөрүн чыгардык. ИИМ тигиндей кабар тараткан соң видеосун да жарыяладык. Мен Эркин Мамбеталиевди жакындан тааныбайм. Элди криминал менен иштешүүгө да чакырган жокпуз. Болгону фактынын өзүн гана бердик.

“Азаттык” социалдык тармакта тараган маалымат менен Ички иштер министрлигинин реакциясынан кийин Эркин Мамбеталиевдин өзү менен байланышты. Ал эки автоунааны чындап эле Баткендин күч түзүмдөрүнө белек кылганын ырастады.

Чек арадагы кырдаалдан кийин ушул кадамга барганын айтып, жакшы мүдөөсүн айрым саясатчылар бурмалап жиберди деген ойдо.

- Билбейм, кандай болуп кетти. Эч кандай саясаттын деле кереги жок болчу. Чек арадагы кырдаалды көрүп жатасыңар. Ошого байланыштуу чын жүрөктөн белек кылгам. Бирин Мамлекеттик чек ара кызматына, бирин ИИМге караштуу ички аскерлер бөлүмүнө бергем. Кээ бир саясатчылар жөн эле оюн кылып жиберишти. Биз барган маалда Мамлекеттик чек ара кызматынан киши келбей калды. Анан мен: "Силерде болуп турсун, анан көрөбүз” деп кете бердим. Органда иштегендерди да түшүнсө болот. Бул жерде саясат болуп кетпедиби. Бул оюндардын артында ким турганын билем. Азыркы министрдин ордуна баргысы келген генералдар да бар. Алар өздөрүнүн максатына жетүү үчүн жакшы нерсени жаман кылып көргөзүштү.

Эркин Мамбеталиев күч түзүмдөрүнө берген эки автоунааны 2012-жылы бизнес кылуу максатында Орусиядан алып келгенин айтты:

Эркин Мамбеталиев.
Эркин Мамбеталиев.

- Орусияда күч органдарында иштеген досум бар. Ошол досум экөөбүз машине сатып, ишкерлик кылалы дегенбиз. Чек арада чыр болуп кеткенде ага чалып, "ушундай болуп жатат, белек кылып койбойлубу" деп айттым. Ал дароо макул болду. Муну пиар деле кылгыбыз келген эмес. Интернетке эмне болуп чыгып кеткенин да билбейм. Мен ал жерден чай да ичкен эмесмин. Бердик, бата сурап эле чыгып кеткенбиз. Эми ал машинелер азыр чек арачылардын колунда. Бирок алар "алган жокпуз" деп айтып алышты. Билбейм, эми кандай болот. "Кайра алып кет" десе, алып кетем да. Балким башка кайрымдуулук иштерине берем.

Эскерте кетсек, "эки автоунаа берилди" деген кабардан кийин Ички иштер министрлигинин бул чындыкка дал келбей турганын билдирген.

«7-октябрда болжол менен кечки саат алтыда Баткендин Кадамжай районунда милиция кызматкерлери документ текшериш үчүн Э.Мамбеталиев аттуу жаранга тиешелүү 09KS822AAI жана 09KS820AAI номерлүү эки «CHEVPOLET-SUBURBAN» машинесин токтоткон. Учурда Кадамжай ИИБинин кызматкерлери бул машинелерди текшерип жатышат», - деп айтылат ИИМдин сайтына чыккан билдирүүдө.

ИИМдин сайтына чыккан маалымат.
ИИМдин сайтына чыккан маалымат.

Эркин Мамбеталиев автоунаа тапшырган учурда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынын өкүлү Дамира Юсупова да болгон. Ал мурдагы жансакчыны тааныбай турганын, сүрөткө кокусунан түшүп калганын айтып берди:

- 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болот. Андан сырткары Баткен облустук милициясынын түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Бул датага байланыштуу Кадамжай райондук милициясы үчүн жаңы имарат курулуп жатат. Мен ошол курулушту көрүш үчүн баргам. Кадамжай райондук милициясынын жетекчиси менен бирге курулушту сүрөткө тартып жаткан учурда алар (Эркин Мамбеталиев-ред.) келип калышты. Анан менден "сүрөткө тартып кой" деп суранышкан. Бирок мен ал кишилердин ким экенин тааныбайм.

Мамлекеттик чек ара кызматынан бул тууралуу маалымат алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Бирок мекеме расмий түшүндүрмө берсе, аны макалага кошууга даярбыз.

Мамбеталиев катышкан машине чыры социалдык тармакта да кызуу талкууга түштү. Бир даары "бул машинелер Баткенге керек болчу" деп жансакчынын таламын талашса, калгандары мамлекеттин жеке адамдардан тартуу алганын туура көрбөй турат.

Айталы, мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев Эркин Мамбеталиев жазасын эбак өтөп чыкканын белгилеп, учурдагы окуяны ашынган саясаттын кесепети катары баалады.

Ал эми саясий серепчи Бекбосун Бөрүбашев мамлекет күчтүү болсо сырттан жардам алмак эмес деген оюн айтты:

- Кытай канча техника берип жатат? Орусия да аскердик техникасын берип жатат. Укук коргоо органдарына кийимге чейин берди. Ага эмнеге таарынып жатабыз, түшүнбөйм. Муктаждык болгону үчүн алышты да. Биздин мамлекет буга көнүп калган да. Бергенди жөн алышы керек же таптакыр албашы керек.

Ал эми жарандык активист Рита Карасартова мамлекеттик органдардын, айрыкча күч түзүмдөрүнүн жеке жүздөрдөн жардам алганын сынга алды:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Бул жакшы көрүнүш эмес. Мамбеталиев эч жерде иштебесе, үйлөрүн, пансионаттарын, "Жиптерин" кайдан алды деген суроо туулат. Мейли, байлар көбөйсүн, салык төлөсүн. Ошондой болсо да бул маселени башка жагынан караш керек эле. Жардам алгандан кийин орган кызматкерлери ага лоялдуу болуп калышы мүмкүн. Негизи мыйзамда жардам боюнча жазылган. Ошол киши ишкер болсо, билим берүү өңдүү жарандык тармактарга жардам көрсөтө алат. Бирок күч органдарына жардам бергени туура эмес. Экинчиден, бул киши Атамбаевдин жансакчысы болгон. Азыр мурдагы президенттин кишилеринин баары камалып жатат. Мамбеталиевге да "машинеңди бер, болбосо мурдагы иштериңди кайра козгойбуз" деген коркутуу болушу мүмкүн. Биз анын артында эмне барын билбейбиз да. Азыр бүт тармактарда рейдерлик болуп атат. Ошол себептүү "тартып алды" кылбай "жардам, белек" деп жымсалдаган жүрүш болушу мүмкүн.

Мамлекеттик мекеменин тыштан тартуу алган учуру 2016-жылы да катталган. Анда Ош шаарынын ошол кездеги мэрине ​Кытай элчилигинин "Land Cruiser 200" үлгүсүндөгү жолтандабас белек кылганы кызуу талкууга себеп болгон. Айрымдар муну коррупция катары баалашса, дагы бир тобу ал жолтандабас мэрге эмес, мэрияга берилгенин эскертишкен.

Баткендин күч түзүмдөрүнө эки автоунаа белек кылган Эркин Мамбеталиев 1990-жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. 2000-жылдардын башында Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болгон. 2008-жылы Жогорку сот анын үч адамдын өлүмүнө катышы бар деген негизде өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Мамбеталиев түрмөдөн чыккан.

Ал камактан чыкканда "Алмазбек Атамбаевдин кийлигишти" деген сөз тараган. Бирок Мамбеталиев бүгүн "Азаттыкка" берген комментарийинде боштондук алышына мурдагы президенттин тиешеси жок экенин, киши өлтүрүүгө барбаганын кыстара кетти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG