Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:43

"Вечерний Бишкек" боюнча экинчи иш козголду


"Вечерний Бишкек" гезити.
"Вечерний Бишкек" гезити.

Бишкектеги "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн мындан үч жыл мурун алмашкан кожоюну камакка алынды.

Ага "доогерлер Эркин Мамбеталиев менен Икрамжан Илмияновдун пайдасына 1 миллион сомдон өндүрүү боюнча соттун чечимин мыйзамсыз аткарып, басма үйүнүн акционерлерине материалдык зыян келтирген" деген айып тагылууда.

Буга чейин басма үйүнүн мурдагы кожоюну Александр Ким да "Вечерний Бишкек" медиа холдинги Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда рейдерлик жол менен басып алынганы боюнча арызданып, бул боюнча кылмыш иши козголгон.

"Вечерний Бишкек" басма үйү жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Александр Рябушкин кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Басма үйүнүн мурдагы директору Мурат Божокоев сурак берип чыкты.

Буга кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана документтерди жасалмалоо аркылуу басма үйүнө материалдык зыян келтирүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши негиз болду. Анда "Вечерний Бишкекке" каршы басма үйүнүн кожоюну алмашканга чейин берилген акчалай доолорду кийин келген жетекчилик мыйзамсыз канааттандырган учурлары көрсөтүлгөн. Натыйжада басма үйүнө каржылык зыян келтирилгени боюнча басма үйүнүн акционерлери арызданган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бул иш боюнча мындай деди:

- Божокоев менен Рябушкин келишим түзө коюп эле, басма үйүнүн кассасынан Эркин Мамбеталиев менен Икрамжан Илмияновго бир миллион сомдон накталай акча төлөп берген. Анткени буга чейин аталган эки жарандын пайдасына акча өндүрүү боюнча сот чечимдери чыккан экен. Бирок акчаны өндүрүү тиешелүү мыйзамдарды сактабастан жана андагы акционерлердин кызыкчылыгы эске алынбаган жагдайда ишке ашкан. Бул боюнча буга чейин аталган басма үйүнүн акционерлери милицияга арыз менен кайрылган.

Бишкек шаардык соту 2016-жылы доогер Эркин Мамбеталиевдин "Вечерний Бишкек" басма үйүнө каршы дооматын канааттандырып, анын пайдасына 1 млн. сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Андан мурун 2015-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту "Вечерний Бишкек" басма үйүн Икрамжан Илмияновго 1 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Экөө тең аталган басылма аркылуу алардын аброюна шек келтирилгенин айтып, миллиондогон сомго доо койгон.

Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары катары сөз болуп жүргөн бул доогерлердин дооматы "Вечерний Бишкек" басма үйүнө мурдагы кожоюн Александр Ким ээлик кылып турган учурда коюлган.

Дина Маслова.
Дина Маслова.

"Вечерний Бишкек" интернет-басылмасынын ошол кездеги башкы редактору Дина Маслова басма үйүн тартып алыш үчүн алгач ага олчойгон доолор коюлуп, кийинки соттук териштирүүлөрдү күтпөй эле алгачкы сот чечиминин негизинде басма үйүнөн акчалай доолор мыйзамсыз жол менен өндүрүлгөнүн айтты:

- Ошол доо арыздарды ал жакта биз турган учурда беришкен. Алардын максаты - басма үйүн тартып алыш үчүн аны алгач сызга отургузууну көздөшкөн. Бул жерде соттун биринчи инстанциясынын эле чечими чыккан. Бул иштер кийинки соттук инстанцияларга чейин жеткен эмес. Бирок биз кеткенден кийин доону каалагандай кылып, өндүрүп алышкан экен.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 173-221- 350-беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча иш козголду. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, азырынча бул кылмыш иши боюнча шектелген адамдарды кармоо тууралуу тергөө токтому чыкканы менен алардын айыбы коюла элек.

Буга чейин Башкы прокуратура "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн мурдагы кожоюну Александр Кимдин арызы менен "Рейдерлик басып алуу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. 2014-жылы ошол кездеги соттун чечими менен аталган басма үйүнүн кожоюну алмашып, холдингге ээлик кылуу Александр Рябушкинге өткөн. Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов басма үйүн тартып алуу мурдагы бийликтеги колдоочулардын көмөгү менен ишке ашканын белгиледи:

- Мурда эле Рябушкин менчик укугун жоготкону тууралуу сот чечими бар болчу. 2006-2011-жылдары ал сотко бергенде, сот анын арызын канааттандырган эмес. Анткени соттордо ал мурда эле өзүнүн үлүшүн сатып жибергени жана менчик укугун жоготкону аныкталган болчу. Анан эле 2014-жылы сот аркылуу анын менчик укугу таанылып жатат. Ошол эле кезде буга байланыштуу мурдагы сот чечимдери жокко чыгарылган эмес. Сот чечимдерин карап да коюшкан эмес. Ошондуктан биз муну рейдерлик баскынчылык катары карап, арыз бергенбиз. Рябушкинге колдоочулары жардам берген болсо керек.

Ниязовду айланган "кара булут"

Буга чейин 2014-жылы "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюнун алмаштырууга ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Анткен менен соттон уттурган тарап ага кандайдыр түз далилдерди келтире алган эмес. Бирок айрым саясат талдоочулар кийинки убакта "Вечерний Бишкек" басма үйүн тартып алуу аракети жана андагы каржылык көз боёмочулуктар боюнча кылмыш иштеринин козголуп жатышын Фарид Ниязовду камоого карата башталган ишарат катары баалашууда.

Кыргызстан социалдык-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева аталган басма үйүнүн айланасында козголуп жаткан азыркы иштерди Атамбаевге каршы багытталган "чабуул" катары мүнөздөдү:

- Жайдан бери эле бул маселени козутуп жазып жатышат. Фарид Ниязов өзү бул иштерге эч кандай тиешеси жок экенин айтууда. Ал Рябушкин менен мурда-кийин байланышкан эмес экен. Аны акыркы жолу 2000-жылдары Александр Рябушкин "Вечерний Бишкек" басылмасында башкы редактор болуп турганда көрүптүр. Анан Фарид Ниязов соңку аракеттерди Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган басым көрсөтүүнүн бир элементи катары сыпаттайт.

"Вечерний Бишкек" медиа холдинги "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясы, vb.kg Интернет-сайты, "Жаңы агым” гезитинин редакциясы, "Рубикон" рекламалык фирмасы сыяктуу медиа түзүмдөрдөн турат. Ал мурдагы "Вечерний Бишкек" шаардык гезитинин базасында уюштурулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG