Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

"Вечерний Бишкектин" талашы кайра жанданды


"Вечерний Бишкек" гезити.
"Вечерний Бишкек" гезити.

Үч жыл мурда кожоюндары алмашкан "Вечерний Бишкек" гезитинин айланасында жаңы кылмыш иши ачылды.

Башкы көзөмөл органы иш козгоого аталган басма үйдүн мурдагы ээси Александр Кимдин азыркы кожоюну Александр Рябушкиндин үстүнөн жазган арызы негиз болгонун билдирди. Ошол себептүү бул иш Кимге мүлкүн кайтарып алууга шарт түзүшү мүмкүнчүлүк берерин айткандар чыкты. Бирок адистер бул аракеттер мыйзамдуу жүрбөсө, кайрадан эле рейдерлик аракет болуп калаарын эскертүүдө.

Кайра козголгон иш

"Вечерний Бишкек" басма үйүнө жана "Рубикон" жарнамалык фирмасына байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгонун алгач "Адилет" укуктук клиникасы жарыялады. Аталган мекемелердин мурдагы кожоюну Александр Кимдин кызыкчылыгын жактаган клиника иштин алкагында гезитти рейдерлик жол менен басып алуу маселеси териштириле баштаганын билдирүүдө.

Юридикалык клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупова жагдайды мындайча түшүндүрдү:

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

- Александр Ким өзүнүнВечерний Бишкекгезитин Александр Рябушкин рейдерлик жол менен тартып алганына даттанып, быйыл апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратурага арыз жолдогон. Башкы прокуратура бул арызды карап, баштапкы анализди жүргүзүп, кылмыш ишин ачууга негиз тааптыр. Натыйжада жаңы кылмыш ишин козгошуптур. Биздин практикабызда бул иш мыйзамсыздыктын туу чокусу болуп кала берүүдө. Укук коргоо органдары жана соттор мыйзамды болуп көрбөгөндөй бузуу аркылуу Кимдин мүлкүн тартып алып коюшкан. 2005-жылы кеминде 400 млн. сомго бааланган гезит менен рекламалык фирманы анын ээсин катыштырбастан, сот жарым саатта экинчи адамга өткөрүп салган. Жаңы кылмыш ишинде мына ушул жагдайлардын баары кылдат иликтениши керек деп ойлойм.

Жакупова иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 166-беренеси (алдамчылык) менен козголгонун кошумчалады.

Прокуратуранын пикири

Ал эми Башкы прокуратура чуулуу басылмага байланыштуу жаңы кылмыш ишине ушул беренелер коюлганын ырастап, бирок гезиттин кожоюндарынын алмашуу фактысын азырынча “басып алуу” деп атоодон карманууда.

Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Наргиза Кубатова иш козголушуна жаңы табылган жагдайлар себеп болгонун айтты:

- Мындан бир апта мурдараак, 4-сентябрда "Вечерний Бишкек" боюнча кылмыш иши козголгону чын. Бирок рейдердик басып алуу боюнча эмес, фактынын негизинде ачылган. Тагыраагы Сот департаментинин Бишкектин Биринчи Май райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн ачылган. Конкреттүү бир адамдарга карата эмес, факт боюнча. Башкача айтканда алардын аракеттери каралат. Александр Кимден арыз келип түшкөндөн кийин иште акыйкаттыкты, мыйзамсыздык болгон-болбогонун тактоо үчүн иш ачылган. Анткени ансыз тергөө иштерин жүргүзүү, сурак жүргүзүү мүмкүн эмес. Анан иликтөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү маселеге юридикалык баа берилет.

“Адилет” юридикалык борбору “Вечерний Бишкек” компаниясынын азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлкү камакка алынганын айтууда. Бирок бул маалыматты прокуратура тактаган жок. Өлкөнүн башкы көзөмөл мекемеси билдиргендей, иликтөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзөт.

Бул маалыматтар жана билдирүүлөр жөнүндө экинчи тарап, гезиттин кожоюну Рябушкинден комментарий алууга мүмкүн болбоду. “Вечерний Бишкектин” кеңсесине чалганыбызда жакын арада билдирүү болоорун айтуу менен гана чектелишти.

Акыйкаттык табылабы?

Ал ортодо жаңы козголгон кылмыш ишинин алкагында бейтарап иликтөө жүрүп, калыс сот болсо гезит мекеменин мурдагы кожоюну Александр Кимге кайтарылышы мүмкүндүгүн айткандар чыкты. Алардын бири “Вечерний Бишкек” медиахолдингинин мурдагы кызматкери Тынчтык Алтымышев:

- Гезит сөзсүз түрдө Александар Кимге кайтарылышы керек. Анткени ага кайдагы бир 14 жыл мурдагы факты менен негизсиз эле кылмыш ишин козгошуп, мүлкүн ачык тартып алып коюшкан. Бул мыйзамсыз иш экени сокурга деле маалым болчу. Муну Рябушкин өзү эмес, анын артында турган таасирдүү адамдар алып коюшкан. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы биринчи рейдерлик басып алуу болгон. Ошол кишинин айланасындагы кишилер тартып алган. Сот иштери мыйзамсыз болуп, Кимдин жүйөлөрүн таптакыр угушкан эмес. Эми азыр жаңы президент Сооронбай Жээнбеков келип, коррупция менен күрөштү жандантып жаткан чакта бул иш да кайра каралып, акыйкаттык табабы деген ишеним бар.

Александр Кимдин адвокаты Чолпон Жакупова да алар арызды атайын саясий конъюнктура алмашып, жаңы президент келгенден кийин жазышканын, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында алардын иши да акыйкат каралып калышынан үмүт кылууда.

Рейдерлик аракет болбошу керек

Бирок ошол эле кезде адистер белгилүү гезиттин азыркы жана мурдагы кожоюндарынын талашы боюнча ишти кароо кайра мыйзам бузууга алып барбашы керектигин эскертүүдө. Коомдук талдоо институтунун директору Рита Карасартова:

- Кезинде Александр Рябушкин соттордун, прокурорлордун жана сот аткаруучулардын жардамы жок ал мүлктү ушунчалык бат жана оңой тартып ала алмак эмес. Тартып алуу соттун чечими менен жүрдү. Ошондуктан соттордун аракети да иликтене баштаса, анда биз муну коррупция менен күрөш деп айта алабыз. Эгер ошондой болсо бул сотторго да сабак болмок. Бирок соттор, прокурорлор жоопко тартылбай, көмүскөдө калып, жөн эле мүлктү мыйзамсыз алып алган экен деп Рябушкинден гезитти кайра алып алышса, анда бул деле кайрадан рейдер болуп калат. Бул кирешелүү, Бишкектин борборунда имараты бар жана келерки шайлоодо таасири чоң болчу басылманы дагы бирөө алууга кызыкдар деп баалоого туура келет.

“Вечерний Бишкектин” таржымалы

Маалым болгондой, Александр Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы анын басылмадагы үлүшүн бизнес-өнөктөшү Александр Ким тартып алганын билдирген. 2015-жылы сотто анын арызы канааттандырылып, “Вечерний Бишкек” толугу менен Рябушкинге өткөн.

Александр Ким.
Александр Ким.

Ал эми Кимдин өзүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча быйыл февралда райондук сот Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Сот ошондой эле аны "Рубикон” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу. Чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган эле.

Александр Ким өзү муну экс-президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясы турат деп, анын ошол учурда айланасында иштеген кишилерди айыптап келет. Кезинде “Вечерний Бишкектин" башка кожоюнга өтүшү коомчулукта да бир катар нааразылыктарды жаратып, эл аралык уюмдардын сынына кабылган.

"Вечерний Бишкек" басылмасы боюнча эки линиядагы иштин бири, Александр Кимдин даттануусу 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кайра каралат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG