Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Башкы прокуратура "Вечерний Бишкек" боюнча кылмыш иши козголгонун ырастады


"Вечерний Бишкек" басма үйү жана "Рубикон" рекламалык фирмасына байланыштуу жаңы кылмыш ишин козголгонун Башкы прокуратура ырастады.

Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Наргиза Кубатова билдиргендей, 4-сентябрда кылмыш иши рейдерлик эмес, факты боюнча ачылган:

-"Вечерний Бишкек" боюнча 4-сентябрда кылмыш иши козголгон. Бирок рейдерлик боюнча эмес. Факты боюнча. Тагыраагы, Сот департаментинин Бишкектин Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин үстүнөн ачылган. Конкреттүү бир адамдарга карата эмес, факт боюнча. Башкача айтканда, бул кызматкерлердин аракеттери каралат. Александр Кимден арыз келип түшкөндөн кийин иште акыйкаттык, мыйзамсыздык болгон-болбогонун тактоо үчүн иш ачылган. Ансыз тергөө иштерин жүргүзүү, сурак жүргүзүү мүмкүн эмес. Андан кийин иликтөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет.

Кубатова иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) жана 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен каралып жатканын кошумчалады.

Мунун алдында "Адилет" укуктук клиникасы кабар таратып, "Вечерний Бишкек" басма үйүн жана "Рубикон" рекламалык фирмасын рейдерлик басып алуу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун жарыялаган. Башкы көзөмөл органы иш аталган басма үйдүн мурдагы ээси Александр Кимдин арызынын негизинде козголгонун, иликтөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатканын билдирген.

Андан тышкары компаниянын азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлкү камакка алынганы айтылууда.

"Вечерний Бишкек" басылмасына байланышкан иш Александр Кимдин арызына ылайык 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра карала турган болууда. Александр Кимге карата мурда Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон.

Быйыл февралда райондук сот Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Ошондой эле сот аны "Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу. Чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган эле.

Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, “Вечерний Бишкек” толугу менен Александр Рябушкинге өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG