Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 3-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:32

ИИМ: Уюшкан кылмыштуулуктун коркунучу күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук улуттук коопсуздукка жана экономикага коркунуч жараткан деңгээлге жетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы даярдаган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө айтылат.

Жаңы мыйзам долбоору ушул жумада өкмөттүн сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду. Анда уюшкан кылмыш тобун башкаргандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

ИИМ уюшкан кылмыштуулуктун коркунучун эскертти

Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу беренелерге өзгөртүү, толуктоо киргизүү максатында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жазасын күчөтүү, аларды аныктоо жана чара көрүү механизмдери жазылган мыйзам долбоорун сунуш кылды. Ага ылайык, Жазык кодексинин 249-беренесине («Кылмыштуу уюмду түзүү же анын ишине катышуу») бир топ өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилет. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

«Азыркы учурда Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулуктун масштабы кеңейип, улуттук коопсуздукту, элдин экономикалык жана руханий негиздерин бузуп, мамлекеттик институттардын жана жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн өз кызыкчылыгына колдонуп жатат», - деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов бул аныктама туура берилген деп эсептейт:

Дастан Бекешов.
Дастан Бекешов.

«Эң туура жазылган. Анткени булар саясатка кийлигишип жатат. Бул мыйзам долбоору бизге абдан керек. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү мындай мыйзам кирсе, чочулап калышат. Албетте бул мыйзам өтпөй калышы үчүн аракет да кылышат».

Ички иштер министрлиги сунуш кылган мыйзам добоорунда «Кылмыштуу иерархияда кандайдыр бир даражага ээ болуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу уюмдарды каржылоо» деген жаңы бөлүмдөр киргизилет. Башкача айтканда, 249-беренедеги («Кылмыштуу уюмду түзүү же анын ишине катышуу») жогорудагы белгилерге туура келген кылмыштар үчүн эркинен ажыратуу каралууда.

Депутат Дастан Бекешов өкмөтү мыйзам долбоорун парламентке тезирек киргизүүгө чакырды.

«Өкмөт бул мыйзам долбоорун созбой, премьер-министр колду коюп, дароо бизге жөнөтүшү керек. Бул мыйзам кирип калса, кээ бири качышы мүмкүн. Айрымдары качпай, бирок мен ишкермин деп айтышы ыктымал. Мындай мыйзамды биринчи Грузия кылган, 2019-жылы ушундай эле мыйзамды Орусия да киргизген. Ошондуктан мындай мыйзам бизде да болушу керек. Анткени бизге да кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү башка жактан «импорт» болбосун. Тескерисинче, биз уюшкан кылмыш топторун качыралы».


ИИМ сунуштаган мыйзам долбоорунун негиздемесинде «Уюшкан кылмыштуулуктун көбөйүшүнүн негизги себеби экономикалык абалда жана коомдогу саясий туруксуздукта, элдин көбүн жана бийликтин бардык катмарын каптаган укуктук нигилизмде болуп жатат» деп да айтылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, Жазык кодексинин 249-беренесине («Кылмыштуу уюмду түзүү же анын ишине катышуу») бир топ өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилет. Мисалы, аталган берене «Кылмыштуу топтор же уюмдар арасында кылмыштуу таасир жана кылмыштуу кирешелер чөйрөлөрүн бөлүштүрүү», «Кылмыштуу уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү жана ошондой жолугушууларга катышуусу», «Кылмыш иерархиясында жогорку абалга ээ болгон адам тарабынан жасалган кылмыштар» деген пункттар менен толукталат.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов буларга токтолду:

Алмазбек Эргешов.
Алмазбек Эргешов.

«Постсоветтик аймактагы мыйзамдагы ууру аталгандардын көбү грузиндер. Михаил Саакашвили Грузияда президент болуп турганда ошолорду жок кылуу үчүн «мен мыйзамдагы уурумун» дегендин баары камалат деген мыйзам кабыл алган. Ошондо баары өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр Грузияда мыйзамдагы ууру деген жок».

Мыйзам долбоорунда уюшкан кылмыш тобуна мүчө болгондорду 10-12,5 жылга соттоо, ал эми кылмыш дүйнөсүнүн башында тургандарды 12,5 - 15 жылга эркинен ажыратуу каралып жатат.

Кылмыш дүйнөсүндөгү темаларды жазып жүргөн журналист жана жарандык активист Семетей Талас уулу мамлекеттин укуругу узун, бирок ушул кезге чейин бийлик кылмыш дүйнөсүнө каршы чыныгы күрөш жүргүзбөй келе жатканына токтолду:

Семетей Талас уулу
Семетей Талас уулу

«Тоноп кеткен сыяктуу жаштар кылып жаткан криминалды чоң криминалга кошкон болбойт. Чоң криминал деген башка да. Алар шайлоодо иштеп берет, иштеп бергенине жараша кийин жеңилдиктерди алат. Бул сыяктуу иштердин баары коомчулукка ачык чыкпаган бойдон калат. А чындыгында криминалды тазалап коюш бат эле. Эң көп дегенде бир жыл кетет. Болбосо алты айдын ичинде тазалап койсо болот. Албетте эгер тазалагысы келсе. Мамлекет деген күчтүү да».

Мыйзам долбоорундагы айрым жазалар

  • Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу уюмду түзүү, ошого тете мындай уюмду же ага кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жетектөө, ошого тете оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, мындай топтор же уюмдар арасында кылмыштуу таасир жана (же) кылмыштуу кирешелер чөйрөлөрүн бөлүштүрүү – 12-12,5 жылдык жаза берилет.
  • Кылмыштуу уюмга мүчө болуу – 7,5- 10 жылга,
  • Кылмыштуу уюмдун өкүлдөрүнүн жыйынына катышуу – 10 – 12,5 жылга,
  • Кылмыштуу иерархияда даражага ээ болуу -10-12,5 жылга,
  • Кылмыш иерархиясында жогорку даражага ээ болуу – 12,6 – 15 жылга.
  • Ошол эле кезде уюшкан топко катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына мындай топту түзүүдө, аны жетектөөдө же ага катышууда, же болбосо ага кирген түзүмдөрү жетектөөдө же ага катышууда, ошондой эле уюшулган топтордун уюштуруучуларын, жетекчилерин же башка өкүлдөрүн бирикмелерин түзүүдө кылмыштуу уюмдун жана аны менен байланышкан бирикмелердин ишмердигинин бетин ачууга жана ага бөгөт коюуга активдүү жардам берген кылмыштуу уюмдар адамдардын бетин ачкан маалыматтарды кабарлаган адам уюшкан топко катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

Кыргызстандагы уюшкан кылмыш дүйнөсү

Кыргыз милициясы өлкөдө кримчөйрөнүн лөгү атыккан Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев жана Максат Абакиров түзгөн төрт негизги уюшкан кылмыштуу топ бар экенин билдирип жүргөн. Бирок акыркы кезде кылмыш дүйнөсүндө «Водолаз» деген каймана ат менен таанылган Максат Абакировдун аты көп аталбай, үч эле ири топ бар деп айтылып калды.

Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдин тобуна таандык уюшкан кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар.

2010-жылы апрель окуяларынан кийинки президент Роза Отунбаева уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган. «Караларды» ооздуктоо, алардын ордун көрсөтүү күч органдарынын башкы максаты болушу керек» деп эскерткен, чукул тапшырмаларды берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG