Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Кылмыш чөйрөсүнүн ич ара кагылышы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция Бишкектеги атышуу боюнча шектүү эки киши кармалганын маалымдады.

Бул окуя Жогорку Кеңеш ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүн канааттандырарлык деп тапкандан төрт күн өткөндөн кийин катталды.

Милициянын маалыматына караганда, 9-декабрда саат жети жарымга чукул Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз автоунаадан «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү машинеге ок атылган. Машиненин ичинде үч киши болгон жана алар аткандарды кубалап баратканда жол кырсыгына кабылган.

Ички иштер министрлигинин ыкчам тергөө тобунун маалымдашынча, бул кылмышка шектүү 24 жаштагы эки адам кармалган. Алардын жанынан огу жок Макаров үлгүсүндөгү пистолет табылган.

Милиция шектүүлөр «Коопсуз шаардын» видео көзөмөл камераларынын жардамы менен табылганын белгилеп, кармалгандар менен атышкандардын ортосунда келишпестик болгонун айтууда.

Коомчулук арасында бийлик уюшкан кылмыштуу топторго карата чечкиндүү чара көрбөй, керек болсо шайлоодо курал катары колдонору тууралуу пикирлер байма-бай айтылып келет.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев бийлик криминалга каршы күрөш жүргүзбөгөнү үчүн ушундай окуялар болуп жатат деп эсептейт.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

- Бизде буга чейин президенттик, парламенттик шайлоолор өтүп келген, - деди ал. - Ошонун ичинен бир да талапкер уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшөм деп айткан эмес. Экинчиден, Акаевдин, Бакиевдин тушунда күчөгөн кылмыштуу топтор 2010-жылы Роза Отунбаева президенттикке келгенде таасирин, күчүн жоготуп, айрымдары тышка чыгып кетүүгө аргасыз болгон эле. Тилекке каршы, андан кийинки бийликке келгендердин тушунда кайра жанданып, өзүн ишенимдүү алып жүрө башташты. Өз ара тирешип, таасир талашып жатат. Буга коом да кадыресе карап калды. Президент Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшөм деп жатат, бирок криминалга каршы күрөш тууралуу ооз ача элек.

Бирок ИИМ «криминалга каршы күрөш солгундап кетти» деген сын пикирлерге макул эмес. Министрликтин басма сөз борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев криминалга каршы күрөштө башаламандык жок экенин айткан:

- Уюшкан кылмыштуу топтун криминалдык макамы бар мүчөлөрү да кармалууда. Мисалы, өткөн жайда кармалган жанагы «Дөө Чыңгыз» деген каймана аты бар адам менен бирге кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн айтсак болот. Азыркы күндө кылмыштуулукту көзөмөлдөөдө баягы 90-жылдардагыдай башаламандык жок. Быйыл уюшкан кылмыштуулукка каршы бир топ күрөш, жыйынтыктуу иштер жүрдү. Бул багытта күрөш солгундап кетти деп айтууга негиз жок.

Буга чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «уюшкан кылмыштуу топтор бардык учурда болгон жана азыр да бар» деп айтканы талкуу жараткан.​

Эске сала кетсек, өткөн октябрь айында уйгур ишкери Хуфур Абдурехаман өлтүрүлгөн. Андан кийин «​Манас» аэропортунда машиненин багажынан дагы бир кишинин сөөгү табылган. Кийинчирээк бул адамдардын Түркияда киши колдуу болгон Айеркен Саимаити менен байланышы болгону «Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана «Kloop» медиасынын ​иликтөөсүндө айтылган. Маалыматты ИИМ четке каккан эмес.

Ал эми коопсуздук жаатындагы серепчилер саясий күчтөрдүн тиреши курчуп бараткан учурду эске алганда, мындай көрүнүштөр опурталдуу экенин эскертишет.

Социолог Самар Сыргабаев болсо уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш мыйзам гана эмес, аларга каршы идеология аркылуу да жүрүшү керек деп эсептейт.

- Азыр деле айрым жаштардын аң-сезиминде белгилүү кылмышкерлердин образы сиңип калган. Ар кандай кинолордогу, Интернеттеги криминалдарга окшош болууга аракет кылышат. Анан алар менен күрөшчү жогорку кызмат адамынын оозунан ушундай сөздөрдүн айтылышы алардын образын күчөтөт, - деген социолог.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда 2019-жылдын башынан бери уюшкан кылмыштуу топтордун 130 мүчөсү кармалган.

Жалпысынан 126 кылмыш иши катталган. Бул былтыркыдан 447ге көп. Министрлик мунун себебин жаңы кодекстерге ылайык мурда токтотулган кылмыш иштери кайрадан карала баштаганы менен түшүндүргөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG