Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

ИИМ киши колдуу болгон эки адамдын Саймаитиге байланышын четке какпайт (видео)


Таңгакталган акчанын сүрөтү.
Таңгакталган акчанын сүрөтү.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) октябрда киши колдуу болгон уйгур улутундагы эки адамдын Айеркен Саймаити менен байланышы болгон деген версияны четке какпайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында министрдин орун басары Памирбек Асанов билдирди.

- Байланышы барбы же жокпу, аны четке какпайбыз. Бүгүнкү күндө бул биздин версияларыбыздын бири, - деди ал.

Асанов Түркиянын тийиштүү органдары менен да иш жүргүзүлүп жатканын айтып, «биз фактыга гана негиздеп иштейбиз» деп кошумчалады.

ИИМдин Тергөө башкармалыгынын башчысы Сыргак Айткурманов аэропортто табылган сөөктүн жана «Мадинанын» сатуучусунун өлүмүнүн Саймаитиге «байланышы бар-жок же курьер деп айтууга азыр эрте» экенин билдирди.

Айткурманов «бардык версия боюнча божомол түзүлүп, аягына чейин иштеп чыккандан кийин маалымат берилет» деди.

ИИМдин маалыматына караганда, Хуфур Абдурахеман боюнча жети кишинин катышы бар экени аныкталып, алар баары эки айга камакка алынды.

3-декабрда «Азаттыктын» сайтына «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө чыкты.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана «Kloop» порталы бул системанын ийне-жибине чейин билиш үчүн декларацияларды, авиакаттамдардын, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматын жана башка документтерди иликтеп, ошондой эле бир катар интервьюларды алды.

Иликтөөдө жылдар бою нак акча ташыгандардын түйүнүн тымызын иштетип келген уйгур тектүү кытай жараны, ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити, 23-октябрда сөөгү «Манас» аэропортунун жанынан табылган таксист Хусан Керимов жана андан бир жума мурун сөөгү Нарын облусунда табылган «Мадина» базарынын соодагери Хуфур Абдурахеман тууралуу да сөз болот. (RK)

XS
SM
MD
LG