Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

ИИМ: Уюшма кылмыштуу топтордун 421 мүчөсү каттоодо турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ыкчам каттоосунда 421 мүчөсү менен үч уюшкан кылмыштуу топ турат. Бул тууралуу министр Кашкар Жунушалиев 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:

- 2019-жылдын 10 айында жүргүзүлгөн ыкчам чаралардын негизинде уюшкан кылмыштуу топтордун 136 мүчөсү кармалып, алардын тогузунан ок атуучу курал алынган. Издөөдө жүргөн 13 мүчөсү кармалган. Алардын төртөө «Киши өлтүрүү», бешөө «Каракчылык», 12 мүчөсү «Опузалап талап кылуу» жана «Адам уурдоо», «Зордуктоо», «Алдамчылык» беренелери боюнча айыпталган.

Министр андан тышкары уюшкан кылмыштуу топтордун дагы 12 мүчөсүнө мамлекеттик жана эл аралык издөө жарыяланганын айтты.

Жогорку Кеңеш учурда «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Бишкекте кыска убакыттын ичинде адам өмүрүн алган чуулгандуу кылмыштар катталды.

«Мадина» базарында соода кылган Кытай жараны Хуфур Абдурахеман аттуу ишкер октябрда киши колдуу болгон. Бул кылмышты иликтөөнүн алкагында жети киши кармалды.

Андан кийин 23-октябрда «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын ичинен киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Милиция анын өлүмүнө шектүү катары эки киши кармалып, дагы экөөнө издөө жарыяланганын билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча, киши колдуу болгон адам акча ташуу менен алектенген, аны өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалгандардын жанынан 100 миң доллардан ашык акча табылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG