Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Оштогу милиция менен криминалдын күрөшү


Ошто өткөн «Бандит» рейдинин натыйжасында кармалгандар.
Ошто өткөн «Бандит» рейдинин натыйжасында кармалгандар.

Ошто акыркы күндөрү кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү экени айтылган бир топ киши кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бирок бул иш-чарадан аз күн өтпөй кайра кылмыш кылып беш адам кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясы 23-25-январь күндөрү «Бандит» деген рейд уюштуруп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 16 адамды кармаган. Бул тууралуу 27-январда мекеменин басма сөз кызматы билдирүү тараткан.

Маалыматка караганда, кармалгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайра коё берилген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги «бир да кылмыштуу топтун мүчөсү ээн-эркин кылмыш кылып жүрүшүнө мүмкүнчүлүк бербеш керек» деп, өздүк курамга катуу эскерткен жери бар.

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жапырт кармоонун себептери тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков мындай деди:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

- Ош шаарынын аймагында ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 34 киши турат. Бүгүнкү күндө 34 адамдын тогузу коомдон изоляция болгон. Тагыраагы, сегиз адам жаза өтөө мекемелеринде, бирөө «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратовдун үстүнөн сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Ал азыр тергөө абагында. Ошондо тогуз адам абакта болсо, дагы тогуз адам Кыргызстандан сырткары Орусияда жана Казакстанда жүрөт. Ал эми калган Ош шаарынын аймагында жашап жаткан 16 адамдын баскан-турганын такай көзөмөлгө алып, мыйзамдуулукту сактоо боюнча эскертип жатабыз.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылган 16 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн көп өтпөй 29-январь күнү Ош шаарынын борбордук аянтынын жанынан милиция беш кишини кармады.

Ошто өткөн «Бандит» рейди учурунда кармалгандар.
Ошто өткөн «Бандит» рейди учурунда кармалгандар.

Маалыматка ылайык, камалгандардын төртөө Ош облусунун, бирөө Ош шаарынын тургундары. Алар Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») боюнча шектүү катары убактылуу камоочу жайга киргизилди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, кармалган беш адам түшкөн машинеден баңгизат жана таяк табылган.

- Кармалган беш адам 28-январда 29 жаштагы жаранга өкүмзорлук кылып, ур-тепкиге алганы тууралуу бизге маалымат келип түшкөн, - деди ал. - Бирок жабыркаган жаран арыз жазуудан баш тартты. Биздин кызматкерлер бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, атайын операциянын негизинде аларды кармады. Алардын машинесин кароо учурунда 5,5 грамм гашиш жана таяк табылды. Бешөө тең ИИМдин атайын тизмесинде турган адамдар. Алар 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бирөө буга чейин кармалган 16 адамдын арасында болгон. Түшүндүрүү иштеринен кийин кайра кылмышка барып жатканы өкүнүчтүү.

Буга чейин Кыргызстанда криминал саясатка кадыресе аралашып келгенин айткан серепчи Төлөгөн Келдибаев Ошто акыркы убакта кылмыштуулук көбөйүп жатат деген пикирин билдирди.

Анын айтымында, милицияга коомчулукта тескери пикир жаралууда. Ушундан улам ал тартип коргоочулар кылмыштуулук менен күрөшүүнүн элементин көрсөтүп жатышат деп эсептейт. Серепчи Ошто уюшкан кылмыштуу топтордун, криминалдын таасири сакталууда деген пикирин кошумчалады:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

- Ички иштер органдарына, кылмыштуулук менен күрөш башкармалыктарына коомчулуктун пикири жакшы болбой калды. Акыркы убакта Ошто кылмыш көбөйүп кетти. Бийликтин негизги милдеттеринин бири - уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Ошонун алкагында милиция иш жүргүзүп жатат. Криминал курчуп кетти. Муну жөн койсо чоң, таасирдүү күчкө айланат. Ошто кримчөйрө күчүндө, таасири бар. Түрмөдө да, эркиндикте да, саясатта да таасирин жоготпойт.

28-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 23 жаштагы «Аманкелди» деген ат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын тизмесинде турган адамды кармаган. Ал мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, буга чейинки кылмышы үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарында жайгашкан жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, бул кызмат тарабынан издөөдө жүргөнү аныкталды. Шектүүгө карата иш Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ошто кылмыштуулук нормага айланып баратканын сындаган:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Ошто бул нерсе, тилекке каршы, нормага айланып баратат. «Күндүз атышса болот, таңга маал сабап кетсе боло берет, кааласа тартып алса болот» деген норма болуп жатат. Мыйзамдын алдында баары бирдей болушу зарыл.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча аймак аралык башкармалыгы Ош шаардык ички иштер башкармалыгына уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген 35 адамды алып келгени кабарланган. Алардын арасында «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов да бар экендиги сөз болгон.

Ушу тапта ИИМдин атайын тизмесинде Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 34 киши турат.

Ал эми милициянын атайын тизмесинде өлкө боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү менен үч уюшкан кылмыштуу топ бар экени 2019-жылдын декабрында расмий айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG