Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Жанарбек Акаев: Ошто атышуу, сабап кетүү нормага айланып баратат (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Ошто «Азаттык» радиосунун кабарчысы сабалганына байланыштуу Матраимовдор менен жаралган талашка чекитти бир гана милиция коюшу керек, бирок милицияга талап катуу коюлушу зарыл. Мындай пикирин 2-октябрда «Азаттык» радиосунун эфиринде сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев билдирди:

- Ошто бул нерсе, тилекке каршы, нормага айланып баратат. «Күндүз атышса болот, таңга маал сабап кетсе боло берет, кааласа тартып алса болот» деген норма болуп жатат. Мыйзамдын алдында баары бирдей болушу зарыл.

Акаев эки жолу бийлик алмашкан, «ачык жана адилеттүү коом курабыз» деген, «сөз эркиндиги сакталган мамлекетти түптөйбүз» деген өлкөдө журналисттерге кандай гана болбосун кол салуу – бул кечирилгис ката экенин айтты.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан.

Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. (RK)

XS
SM
MD
LG