Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

"Казакты" үй камагына чыгарган сот иштен кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 17-январда талаштуу чечим чыгарган Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы иштен бошотту.

Буга чейин Соттор кеңешинин тартип комиссиясы Сулайманованы жумуштан четтетүү боюнча чечимин президентке жолдогон. Буга судьянын баңгизат ташуучуга байланыштуу ишти кароодо мыйзамсыз чыгарган токтому себеп болгон. Мындан сырткары cоттун «Казак» деген каймана атын алып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсүн үй камагына чыгарып жибергени да коомчулукту нааразы кылган.

Судьянын маңзат ташуучуга чыгарган "жумшак" чечими

17-январда президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту. Буга чейин Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясы Сулайманованы иштен бошотуу тууралуу жыйынтыкка келген.

Комиссиянын басма сөз катчысы Наргиза Сыдыгалиева буга Ош шаардык прокуратурасынын судьянын үстүнөн жазган арызы себеп болгонун "Азаттык" радиосуна билдирди.

Прокуратуранын арызы 2019-жылдын 12-декабрындагы комиссиянын отурумунда каралып, Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда иштен бошотуу чечими кабыл алынган.

- 12-декабрдагы кезектеги жыйында Ош шаардык прокурорунун сунушу канааттандырылып, макулдук берилген. Мөөнөтүнөн мурда бошотууга макул болушкан. Президентке сунушталат, андан кийин президент өз алдынча карап, макулдугун берет же бербейт, - деген Сыдыгалиева президенттин жарлыгы чыкканга чейин берген интервьюсунда.

"Азаттык" иштен бошогон судья Айнура Сулайманова менен байланышууга аракет кылды, бирок андан майнап чыккан жок.

Президенттин сайтында Сулайманованын кызматтан алынышына өзгөчө оор кылмышка айыпталган адамдын ишин кароодо мыйзамсыз токтом чыгарганы себеп болгону жазылган. Башкача айтканда, судья соттук экспертизанын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарган.

Жогору турган сот инстанциясы соттук актыны жокко чыгарды. Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен бошотулган адам 110 миң сом айыпка жыгылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бүгүнкү күндө бул өкүм күчүнө кирген.

Судьянын чуу жараткан экинчи чечими

Буга чейин судья Айнура Сулайманованын «зордуктоого» жана «ээнбаштыкка» шек саналып жаткан, «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү», «Казак» деген каймана ат менен таанымал Умар Маратовду үй камагына коё бергени коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Сулайманова Маратовдун туруктуу жашаган жери бар экенин эске алган жана соттон качып кетүүгө себептери жок деген жүйө менен 8-январда үй камагына чыгарган.

Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Соттун бул чечими Жогорку Кеңеште сынга алынып, депутат Наталья Никитенко 16-январдагы жыйында өкмөттү криминал менен күрөшүүгө чакырган:

- Сот Ошто «Казак» деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн үй камагына чыгарды. Бул киши бир катар кылмыш ишинде, анын ичинде жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жатат. Милициядан уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан басымды сезип жатканын айтышууда. Мындай шартта эмне үчүн ушундай чечим кабыл алынды? Жогорку сот буга көңүл бурушу керек. Соттордун тартип комиссиясы чечим кандай негизде кабыл алынганын текшериши зарыл. Криминал менен реалдуу күрөшүүгө убакыт келди.

Милиция кармайт, сот бошотуп жибереби?

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков кылмышкерлер кармалганы менен иш сотко жеткен учурда алар бошонуп кетип жатканына нааразы болду.

- Эртең чыгып эле кылмыш жасарына биздин көзүбүз жетет. Соттор "тигиндей экен, чыгарып ийдик" деп актанып жатышпайбы. Биз кантип эле коё берели. Күнү-түнү аңдып, үч-төрткө чейин суукта титиреп туруп зорго кармаган адамды коё бермек белек? Баары соттон көз каранды экен.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов көпчүлүк учурда ачылган иштер тергөөчүлөр тарабынан «жеңил кылмыш» деп бааланганы үчүн судьяларга шектүүлөрдү кармоого негиз жок болуп каларын түшүндүрдү. «Казактын» үй камагына коё берилиши тууралуу буларды айтты:

- "Судья өзүнүн ички туюмуна, айыпталуучунун качып кетпей турганына ишенсе, каралып жаткан иштин башка жагдайларына таянып, токтом кабыл алса болот" деп мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок бул чечимдин канчалык туура кабыл алынгандыгы териштирилип жатат.

Мамлекеттик органда иштегендер интервьюдан сырткары сүйлөшкөндө Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованын мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынганына "Казакты" бошотуп жибергени түздөн-түз таасир эткенин айтышты.

Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясына 2019-жылы судьяларга каршы 863 арыз түшкөн.

Анын ичинен Тартип комиссиясы 456сын артка кайтарып, 167 арыз боюнча сотторго тартип жазасын берүүдөн баш тарткан.

32 судьяга алдын-ала эскертүү, 11ине эскертүү берилген. Беш судьяга сөгүш жарыяланып, эки судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууга, ал эми үч сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Сотторго каршы дагы 135 арыз каралып жатат.

"Азаттыктын" архиви: Сот реформасынын өксүгү эмнеде?, 11-декабрь, 2019-жыл.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG