Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 19-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:01

«Тергөө менен кызматташуунун» максаты


Иллюсторациялык сүрөт.

2019-жылы күчүнө кирген жаңы мыйзамдардагы «тергөө менен кызматташуу» жобосу кылмышка шектүүлөргө тандалма мамиле кылууга жол ачып жаткан жокпу?

Мындай укуктук ченемдердин түпкү маңызы эмнеде? «Кызматташтыктын» артында бийликтин, кызыкчылыгы бар тараптардын курал болуп калуу коркунучу жокпу?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана адвокат Замир Жоошев катышты.

«Азаттык»: - Клара айым, 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык «тергөө менен кызматташтык» жобосунун киргизилишине эмне себеп болгон? Кылмыштын бетин тезирээк ачыш үчүнбү же мыйзамдарды гумандаштырыш үчүнбү?

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова: - Бул жаңы жобонун киргизилиши биздин мыйзамдар, кодекстер үчүн жаңылык болду. Мурдагы СССР өлкөлөрүн эске алсак, буга чейин мындай укук ченемдери Украинада, Орусияда, Казакстанда жана Тажикстанда кирген. Тарыхый жагынан алсак мындай жобо алгач Америкада, кийин Европа өлкөлөрүндө киргизилген, кеңири колдонулуп келаткан тажрыйба десек болот.

Мындай жобонун Жазык-процессуалдык кодекске киргизилиши, биринчиден, тергөө менен сот процесстеринин убактысын үнөмдөгөнгө шарт түзөт, экинчиден кылмыштын бетин тез ачууга мүмкүнчүлүк берет.

«Азаттык»: - Замир мырза, бул жобонун киргенине бир жылга жакын убакыт өттү. Ал тергөөнүн жана соттук процесстердин жүрүшүндө кандай иштеп жатат? Өзүн актап жатабы?

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

Замир Жоошев: - Жыл башынан бери көп саясатчыларга байланыштуу тергөө иштери, сот процесстери уланууда. Мен ошол жараяндарга таянып айтсам, Кыргызстанда «тергөө менен кызматташтык» жөнүндө жобо көбүнчө саясий өңүтү бар тергөө жана сот процесстеринде көбүрөөк колдонулуп жатат.

Мыйзам боюнча «тергөө менен кызматташтык жөнүндө келишим» боюнча айыпталып жаткан, шектүү адам демилге көтөрүшү керек. Тилекке каршы, иш жүзүндө «кызматташтыктын» демилгечилери көп учурда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болуп жатат. Алар айыпталуучу адамга басым жасап, коркутуп-үркүтүү аркылуу «тергөө менен кызматташууга» мажбурлап жатат десек болот. Ал келишимдерди өз кызыкчылыгына пайдаланып жатышат.

Мыйзам боюнча кылмыштын 18 түрү боюнча «кызматташтык жөнүндө келишимдерди» түзсө болот. Мыйзам экстремизм, терроризм, барымтага алуу, коррупцияга байланышкан, бир нече адамдар катышкан уюшкан топтордун оор кылмыштарын бир адамдын «тергөө менен кызматташтыгы» аркылуу ачууга жакшы шарт түзөт. Бирок биздин шартта, мисалы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп сөз болуп келаткан «Батукаевдин иши» боюнча 19 адамдын 14ү менен «тергөө менен кызматташтык жөнүндө келишим» түзүлдү. Менимче, эми алар иштин жыйынтыгы боюнча эң көп дегенде айып пул менен жазадан кутулуп кетишет.

«Азаттык»: - Каныбек агай, «Тергөө менен кызматташуу» беренеси азыркы соттук иштерде бийликтин же башка кызыкчылыгы бар тараптардын пайдасына иштеп, шектүү адамдар алардын курмандыгына айланууда деген пикирлер бар. Сиздин көз караш кандай?

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев: - Мындай жобонун биздин практикабызга кириши юриспруденцияда абдан феноменалдуу көрүнүш болду. «Тергөө менен кызматташтык» -аморфтук түшүнүк. Кандай шартта «кызматташат»? Уруп-сабап мойнуна коюп койгон тарыхый тажрыйбадан өткөнбүз.

Азыр «Батукаевдин иши» боюнча 14 адам тергөө менен кызматташып жазадан оңой кутулуп кетүүнү көздөп жатышат. Алардын баарынын күнөөсү бирдей эмес да? Алардын ичинде ашынган кылмыш кылгандар болсо эмне кылабыз? Тергөө менен кызматташып сот адилеттигине жетише алабызбы?

«Азаттык»: - Клара айым, Жазык кодексиндеги «Кызматташтык жөнүндө процессуалдык макулдашууну» кылмышка шектүү адам кайсы учурда пайдалана алат? Макулдашуу жазуу жүзүндө болобу?

Клара Сооронкулова: - Мындай жобо биздин тарыхый тажрыйбабызда жок болгондуктан көп түшүнбөстүк болуп жатат. Башка жактарга мындай кызматташтыкка кандай адамдар барышат? Коюлган айыпты жокко чыгарып, актыгын далилдей ала турган адам кылмыш ишинин жалпы кызыкчылыгы үчүн, иштин тезирээк ачылышы үчүн өз каалоосу менен «кызматташтыкка» барат.

Негизи бул жобонун кодекске киргизилишинин максаты жакшы. Ал натыйжалуу иштеп кетиши үчүн Кыргызстанда сот реформасы болушу керек, прокурорлор таза, тергөөчүлөр мыйзам чегинде иштеши керек. «Тергөө менен кызматташтык жөнүндө» келишим боюнча адвокаттын катышуусунда, тергөөчүнүн макулдугу болгондон кийин, прокурор аркылуу бекитип алгандан кийин, тергөө судьясы «негиз бар» деп тапкандан кийин чечим кабыл алынат. Төрт тепкичтен тең катуу текшерилет. Акыры, «тергөө менен кызматташкан» адамдын жазасын сот аныктайт, жеңилдетилген жаза бериши мүмкүн.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG