Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Криминалды "даңазалаган" кайрымдуулук


Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек, 18-апрель, 2013-жыл.

Пандемия маалында кримчөйрөнүн өкүлдөрүн, коррупцияга шектүү адамдардын жардамын жарнамалоо аракети күчөдү.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы жайылып, ооругандар менен каза болгондордун саны көбөйүп жаткан учурда анын кесепетин азайтуу үчүн кайдыгер эмес жарандар колунан келген жардамды көрсөтүүдө.

Учурда ооруканаларга дары-дармек, медициналык жабдыктар гуманитардык жардам катары тапшырылып жатат. Ушундай кырдаалда кримчөйрөнүн өкүлдөрүн "жардам көрсөттү" деп жарнамалоо коомчулукта талкуу жаратты.

Тагыраагы, Кыргызстандагы кримтөбөл катары таанымал Камчы Көлбаевдин Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жардам көрсөткөнү үчүн теле алып баруучу Ассоль Молдокматованын ыраазычылык билдирип чыкканы талашка түштү.

Социалдык баракчасындагы кайрылуусунда Молдокматова Көлбаевге “ооруканага жардам көрсөткөнү, көптөгөн жылдардан бери спортчуларды жана маданият ишмерлерин колдоп келе жатканы үчүн алкыш” айткан.

Мындан соң Камчы Көлбаевге дал ушундай эле ыраазычылыгын билдирип жаткан Чолпон-Атадагы оорукананын дарыгеринин видеосу да тарады. Бул тасманы социалдык тармактарда мамлекеттик кызматта иштеген адамдар да бөлүшүп жатты.

Ассоль Молдокматова кримтөбөлгө кайрылганын ырастап, азыркыдай оор кырдаалда кимдин жардамы болбосун маанилүү экенин кайталады.

“Эл үчүн оор кырдаалда биз дары-дармек, башка керектүү нерселерди камсыздап, жардам берип жатабыз. Ошондуктан, мен баарына, депутаттар, саясатчылар, көрүнүктүү ишмерлерге кайрылып атам. Мага алардын ким экени баарыбир, элге жардам берсе болду. Эми Камчы Көлбаев Чолпон-Атадагы ооруканага жардам берсе эмне болуптур? Мындан мен коркунучтуу нерсе көргөн жокмун. Ал дайыма жардам берет. Ачык айтылбай жүргөнү болбосо, бардык саясатчылар менен сүйлөшөт”.

Ассоль Молдокматованын мындай түшүндүрмөсүнө карабай, мамлекет кыйын учурга кептелгенде эл жакшылары кримтөбөл, коррупцияга шектүү адамдарды даңазалаганы туура эмес экенин айтып, сындагандар чыкты.

Камчы Көлбаев ким?

Ассоль Молдокматова ыраазычылык билдирип жаткан Камчы Көлбаев 46 жашта. Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турат.

2012-жылдын декабрында "кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган" деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

Артынан ушундай көп сөз ээрчиген адамдын азыркыдай кыйын кырдаалда мактоого алынып жатышын жарнама деп эсептегендер, аны сынга алып, терс көрүнүш катары баалагандар да арбын.

Алардын бири Борбор Азиядагы Америка университетинин юридика факультетинин доценти Сания Токтогазиева муну коркунучтуу көрүнүш катары сыпаттады:

Сания Токтогазиева
Сания Токтогазиева

“Бул жерде негизги көйгөй алардын кайрымдуулук кылганында эмес. Кайрымдуулук кылса кылсын. Бирок коркунуч туудурчу нерсе, биздин айрым атактуу адамдардын, коомдук ишмерлердин жана журналисттердин криминалдык лидерлерди, коррупциялык иштерге шектүүлөрдү даңазалап көтөрүп жатышы. Менин оюмча, мындай адамдарды эл алдында даңазалоо этикага, адеп-ахлакка туура келбеген орой көрүнүш. Азыркыдай оор мезгилде биздин жарандардын үмүтсүздүгүнөн пайдаланып, алардын аң-сезимин манипуляциялап, түшүнүктөрдү алмаштырууга таптакыр болбойт. Ассоль Молдокматова сыяктуу таанымал адамдардын эл алдында кримтөбөлдү даңазалаганы этикага жатпайт. Мындай көрүнүштөр өлкөдө мыйзамсыздыктын күчөшүнө алып келет. Биз эч качан укуктук мамлекет кура албайбыз”.

Сания Токтогазиева буга чейин криминал менен коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүргөндө, азыркыдай оор кырдаал жаралмак эместигин да кошумчалады.

Мамлекеттин алсыздыгынын белгисиби?

Адистер акыркы кырдаалды мамлекеттик органдардын өз ишин толук кандуу жүргүзө албаганы, бийликтин жоопкерчиликсиз мамилесинин кесепети катары баалашууда.

Коомдук ишмер Алмаз Кулматов мындай аракеттерге бийликтин алсыздыгы себеп болуп жатканын белгиледи. Анын пикиринде, кандай шарт болбосун бийлик баш болуп мыйзамдуулукту туу тутса, акыркыдай жагдай жаралмак эмес.

“Байлыгынын булагы шектүү, кылмыштуу аракеттери менен белгилүү адамдарды даңазалоо абдан жаман көрүнүш. Жада калса Жогорку Кеңеште алар менен учурашканынан бери сөз кылгандар болгон. Эгер ушундай кырдаал улана берсе, алардын кандайдыр бир образы жаралат. Мамлекетке караганда кылмыштуу топтун күчүн арттырып жатабыз. Мамлекеттүүлүк - бул жалаң эле куралдуу күч эмес, ириде мыйзамдын күчүн, баалуулуктарын сыйлоо. Ошондуктан, коомчулук кандай кыйналса да буга жол бербей, бекем турушубуз керек”.

Кримтөбөлдөрдү даңазалоого байланыштуу расмий бийлик органдары эч кандай пикирин билдире элек.

Бирок ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө экенин билдирди:

Мирлан Каниметов.
Мирлан Каниметов.

“Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш дайыма жүрүп келет. Ким кандай сүйлөсө өз эрки. Бирок биз криминалга карата өз ишибизди жүргүзүп, мыйзамсыз иштерди жайылтууга болбой турганын ар дайым түшүндүрүп келебиз”, - деди Каниметов.

Ал арада дал ушул криминалга күрөшкө байланыштуу дагы бир кызык жагдай орун алды.

Улуттук коопсуздук комитети Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун билдирүүсү делген аудио тасма боюнча териштирүү башталганын жарыялады. Аталган аудиодо депутатка үнү окшош адам шайлоочуларына кайрылып, өлкөдөгү мыйзамсыздык, кылмыштуу топтордун аракети боюнча эмоционалдуу сүйлөгөнүн угууга болот.

Депутат Сабиров “Азаттыкка” комментарий берип жатып, чынында эле мыйзамга каршы аракеттерди сынга алып сүйлөгөнүн билдирди:

Максат Сабиров
Максат Сабиров

“Кечээ ооруп жаткан Бейшен Дүйшембиев деген досумду үйүнө кирип өлтүрүп кетишти. Ошону уккандан кийин “Эмне болгон мамлекетте жашайбыз?” дедим. Өзүм да ооруп жатам. Менин эмне деп сүйлөгөнүм тарап жатканын билген жокмун. Мен бийликке каршы чыгайын деген да жокмун, "Ушу бийлик эмнеге иштебей жатат?" дедим. Эми каршы чыккандан деле кайра тартпай калдык окшойт. Эмне болуп атат? Ооруп жаткан кишини үйүнө кирип өлтүрүп жатышат. Биз бандиттерди "жардам берди" деп мактап чыгарып атабыз”, - деди депутат.

Кыргызстанда коронавирус күчөгөн шартта өкмөт баш болуп ишкерлерге, ыктыярчыларга кайрылып, аларды жардам көрсөтүүгө чакырып келет. Буга чейин Бишкек мэри Азиз Суракматов ишкерлерден кычкылтык концентраторлорун сатып берүүнү суранган.

Учурда жүздөгөн ыктыярчылар, саясатчылар, маданият ишмерлери акча топтоп, дары-дармек, медициналык жабдыктарды сатып алууга берип жатышат. Мындан сырткары бир катар саясатчылар менен ишкерлер убактылуу оорукана катары пайдаланууга менчик имараттарын сунушташты.

Кыргыз бийлиги коронавируска байланыштуу март айында карантин киргизген маалда жарандардын ыктыярдуу жардамы үчүн атайын эсептерди ачкан. Ал учурда Саламаттык сактоо министрлиги ачкан эсепке 140 миллион сомдон ашык каражат топтолуп, аны илдетке каршы күрөшкөн дарыгерлерге кошумча акы катары төлөп беришкен. Мындан сырткары Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында эсеп ачылып, каражат топтолгон.

Бул ирет өкмөт атайын эсеп ачкан жок. Ошондуктан, кимдер жана кандай өлчөмдө жардам көрсөтүп жатканы иретке салынган жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (36)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG