Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Тумоого каршы күрөштүн көрүнбөгөн жоокерлери


Он жаштагы Айрат Касымов медиктердин тамак-ашы үчүн багып аткан балапандарын берди.
Он жаштагы Айрат Касымов медиктердин тамак-ашы үчүн багып аткан балапандарын берди.

Кыргызстанда кыйын кырдаалда ири ишкерлерден баштап, пенсиядагы карыялар, чет жердеги мекендештер кала берсе мектеп окуучуларына чейин жардамга кол сунуп жатышат.

Бишкек шаарынын 10 жаштагы тургуну Айрат Касымов атасынын досу белекке берген отуздай жөжөнү бир айдан ашык убакыттан бери багып жаткан.

Баланын “чоңойсо тоок кылып жумуртка алам, кайсы бир бөлүгүн сатып өз керектөөмө жаратам” деген планы да бар болчу.

Бирок Кыргызстанда абал оорлоп, медиктерге жардам керек болуп турганда багып жаткан балапандарын кайрымдуулукка жумшоону чечкен. Ошентип 23 жөжөсүн шаардагы медициналык мекемелерге тамак даярдап, жеткирип жаткан “Столовой №1” аттуу ашканага өткөрүп берген.

"Азыр көпчүлүк жардамга муктаж. Жөжөлөргө бир айдан ашып калды. Дагы багып чоңойтсом болмок, бирок кырдаал кыйын болуп жатпайбы", - деди Айрат.

Баланын атасы Айбек Касымов уулунун чечимин колдогон. Ал кыйын кезеңде эч ким четте карап турбашы керек деп эсептейт.

“Бул Айраттын чечими болду. Өлкөдө эмне болуп жатканын көрүп жатат. Биз аны колдойбуз. Анын мындай кадамын элге жарыялайлы деген деле оюбуз болгон эмес. Бирок башкаларды да кайрымдуулук кылууга шыктандырабы дедик”.

Бектемир Рысбек уулу
Бектемир Рысбек уулу

Ал эми ашпозчу Бектемир Рысбек уулу Бишкектеги чакан үйүндө досу менен палоо басып жаткан кези.

Алар бир жумадан бери күнүнө 300дөй табак тамак жасап, шаардагы медициналык кызматкерлерге, муктаждарга таратып жатышат.

Бектемир социалдык тармактар аркылуу элден жардам сурап, чогулган каражатка базардан азык-түлүк алып, үйүнөн тамак даярдап жатканын айтты:

“Обсервацияга атайын барып, бейтаптарды өз көзүм менен көрүп келдим. Өзүмдүн, ата-энемдин ошол жерде жатканын элестетип жүрөгүм ооруду. Бейтаптар кандай жардам керек экенин айтып жатышты. Анан ушул иш башталып кетти, азыр күнү-түнү иштеп атам. Негизинен медициналык кызматкерлерге анан Бишкектеги стационарларга тамак жеткирип жатабыз”.

Бектемир биз менен байланышкан учурда үйүндөгү болгон азык-түлүктөн тамак жасап жаткан экен. Мындан улам ал коомчулукка кайрылып, 100 сомдон болсо да жардам берүүгө чакырды. Бектемирдин ишине колдоо көрсөткүсү келгендер 0 707 833 893 номерине чалса болот.

Ал эми бир туугандар Шамил Талантов менен Камчыбек Асхатов үй-бүлөсүнө таандык автоунааны сатып, Каракол шаарындагы ооруканаларга жардам бергени турушат.

4200 АКШ долларына баалаган автоунааны ала турган кардар бат эле табылды. Эки-үч күн ичинде сатылса, ага-ини ал каражатка кычкылтек концентраторун жана коргонуучу кийимдерди алууну чечишти.

“Машинени сатып алууга кызыгып көп киши чалды. Жөн эле чалып, “азамат” деп айткандар көп болду. Бүгүн буюрса сатылганы калды. Бирөө жарым акчасын алып тургула, калганын кийин берем деди. Ошол акчага концентратор анан коргонуучу кийимдерди алабыз. Андан ашканына ыктыярчылар менен Караколдо иш кылабыз”, - деди бир туугандардын улуусу Шамил.

Шамил 22 жашта, келечекте тиш догдур кесибинин ээси. 17 жаштагы иниси Камчыбек мектепте окуйт. Алар үй-бүлөсү менен ооругандан кийин азыркы кырдаалда иштеп жаткан дарыгерлердин, бейтаптардын абалын көрүп, жардам кылууну чечишкен.

Жашы жетимишке барып калган ыктыярчы медайым Токон Жетиешикова болсо кечээ саат күндүзгү экиде чыгып, түнү менен бейтаптардын үйүн кыдырып ийне сайып жүрдү. Бир аз чырм этип алып кайра элге жардам бергени жөнөйт. Мындан 10 жыл мурда пенсияга чыккан медайым эл жапырт ооруй баштаганда үйүндө тынч отура албаганын айтты:

“Үйдө жаткандар толтура, кээде бир үйдө эки-үчтөн киши жатат. Абал оор. Бизге окшогон ыктыярчылар көп, алар дагы үйлөрдү кыдырып жетишпей жатат. "Вотсаптан" чакырып атышат. Кечээ таңкы саат алтыда үйгө келдим. Эми эс алып, кечки саат сегизде чыгайын деп жатам”.

Токон Жетиешикова ушу күндөрү үйүндө ооруп кыйналып жаткан бейтаптарды көрүп, жүрөгү ооруса, бир чети оор кырдаалда бир муштумга түйүлүп, жаны тынбай чуркап жүргөн жаштарга ыраазы.

Оор күндөрдө чыгармачыл чөйрө да кайрымдуулук ишин активдүү жүргүзүп жатат.

Интернетте белгилүү жылдыздар өз баракчалары аркылуу коронавируска каршы каражат чогултуп жаткан кези.

Мисалы, "Инстаграм" баракчасында 2 миллиондон ашык колдонуучусу бар ырчы Анжелика медициналык жабдуу алууга кыйла эле каражат топтоду. Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков "Инстаграмдагы" ГИВ оюнунун демөөрчүлөрүнөн топтолгон 2 млн. сомду жардам үчүн жумшарын жарыя кылды.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оорлоп, илдеттин жайылышы күчөгөндөн бери активдүү жарандар биригип, кайрымдуулук иштерин уюштурган ондогон топтор иштеп жатат.

Алар өмүрүн тобокелге салып, илдеттин очогунда күнү-түнү жүрүшөт. Журналист Тынчтык Алтымышов алгачкылардан болуп Бишкекте убактылуу стационарларды уюштурду.

“Илгери кыргыздар жамандык-жакшылыкта ушундай жардам кылышкан экен. Бирок эми азыр өкмөт, бийлик деген бар да. Ушул кырдаалдын алдын алса, минтип жүрбөйт элек. Айла жок, элди сакташ керек. Жакшы адамдарды жоготуп жатабыз. Карайлап тургандарга ким кол сунат? Колуна уучтап акча кармап жүргөндөргө караганда карапайым эл жардамын аяган жок. Чет өлкөдө кароолчу, техник болуп иштеп жүргөндөр айлыгын салып жатышат. Колунан эч нерсе келбей калгандар “жок дегенде ооруканага барып, жууп-тазалап иштейм” деп турушат. Ушул кырсыктан аман-эсен чыгып кетели деген тилегибиз бар...”.

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан алты, пневмониядан 40 бейтап каза болду.

Учурда өлкө боюнча жарандар жапырт ооруп жатканын социалдык тармактарга жазып, медиа аркылуу айтып жатышат. Ал эми ооруканаларда эң ириде адис, орун жана медициналык жабдыктар жетишпей жатат. Бул кырдаалда бийлик коомчулукка кайрылып, демөөрчүлөрдү жардамга чакырууда.

Кыйын кезеңде медиктерге кол сунган усталар

Кыйын кезеңде медиктерге кол сунган усталар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG