Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Пандемия маалындагы муфтияттын ролу


Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде тартылган сүрөт.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мечиттерге чогулууга кайрадан чектөө киргизиле баштады. Муфтият мечитке келип сыйынуунун, маркумду акыркы сапарга узатуунун жаңы эрежелерин киргизүүдө.

Талаптарды толук аткарууда муфтият кантип көзөмөл жүргүзөт? Жакындап келаткан Курман айт намазы кандай шартта окулат? Мусулмандар дин башкармалыгы ага кандай даярдык көрүүдө?

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы ушул темага арналды. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бактияр талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус жана өпкөнүн сезгенүү ооруларынын кесепетинен мекендештерибиз каза болууда. Аларды акыркы сапарга узатуу жараяны чектөөлөргө карабай, көптөгөн адамдардын катышуусунда өтүп жаткан фактылар бар. Бул учурда ооруну жугузуп алуу коркунучу көп экенин дарыгерлер тынбай эле айтып келатышат. Коронавирустан кайтыш болгон кишини акыркы сапарга узатуу эрежелери боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы атайын фатва да чыгарган. Муфтияттын бул чечиминде көз жумган адамды сууга алууда, кепиндөөдө жана жерге берүүдө кандай шарттар камтылганын айта кетсеңиз.

Бактияр Токтогазы уулу.
Бактияр Токтогазы уулу.

Бактияр Токтогазы уулу: - Каза болгон маркумдарга жаназа намазын окуу маселеси боюнча муфтият Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашып, фатва иштеп чыккан. Көзү өтүп кеткен адамды урмат-сый менен жерге берүү - инсандын негизги вазыйпаларынын бири. Жаназа намазын окуш үчүн атайын бир убакыт белгиленген эмес. Даяр болуп калган сөөктү көп күттүрбөстөн жаназасын окуп, жерге берүү негизги иш.

Кырдаалга байланыштуу фатвада көрсөтүлгөн маселеге токтоло турган болсок, эгер медицина кызматкерлери коронавирустан көз жумган адамды жууп, вирустан коргоочу материал менен ороп берсе, анда дарыгерлердин маркумду жууганы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайрадан ачып жууп, кепиндөөнүн кажети жок. Балким, бул илдет менен ооруп, жуулбай калган болсо, анда белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот. Ошондой эле маркумду сууга алууда оору жугуп калуу коркунучу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип, жөрөлгөнү жасаса болот. Мунун баары кесипкөй адистердин чечимине байланыштуу.

Эгер медицина кызматкерлери коронавирустан көз жумган адамды жууп, вирустан коргоочу материал менен ороп берсе, анда дарыгерлердин маркумду жууганы жана кепиндегени жетиштүү.

Коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамга жаназа окуу, анын денесин шариятка ылайык жерге берүү милдеттүү болуп эсептелет. Денени өрттөп, кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп, көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Албетте, этияттык үчүн вирустан коргоочу каражаттардын жардамы менен жерге бериш керек. Сөөктү салттык тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуу болсо, атайын (өлүк салуучу) сумка же табыт менен көмүүгө да болот.

Баары кырдаалга жараша болот. Мусулман бир тууганыбыздын астындагы акыркы диний вазыйпаларыбызды аткарып жатабыз деген аң-сезимде болушубуз керек.

Канатбек Мурзахалилов: - Бул илдеттен каза болгондорго жаназа намазын окууда имамдар ушул фатванын аткарылышы боюнча кандай иштерди жасашууда? Муфтият аны көзөлдөп жатабы?

Бактияр Токтогазы уулу: - Бул чечимди биз бардык мечиттерге, имамдарыбызга жеткиргенбиз. Ал эми фатванын ишке ашуусу ар кандай тартипте, түрдүү абалда аткарылып жатат. Кээде биз башка тапшырмаларды да айтабыз, «эл көп чогулбасын, өзүнүн жакын туугандарынын катышуусунда эле жерге берилсин» деп. Бирок коомчулук арасында абройлуу, аттуу-баштуу адамдар көзү өтүп кетсе, көп адам жаназасына келип атат. Колдон келишинче бул фатванын туура жана так аткарылышын көзөмөлдөп, сунуш-пикирлерди айтуудабыз.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: - Дээрлик үч айлык карантинден соң 8-июндан тартып мечиттерге намаз окууга уруксат берилген. Аралыкты сактоо менен намаз окуу, дезинфекция иштерин тынбай жүргүзүү жөнүндө айтылган. Мечиттер да оору таратуучу жайлардын катарын толуктайт деген ойлор да бар. Дезинфекцияны ким жана кандай тартипте кылууда? Өлкө боюнча бардык мечиттер күнүнө дезинфекцияланып жатат деп муфтият кепилдик бере алабы?

Бактияр Токтогазы уулу: - Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык, чектөө алынып салынганга чейин өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын окуу максатында мечитке келүүчү кишилерге атайын эрежелерди так аткарышы үчүн талаптар жана сунуштар иштелип чыкты. Ал муфтийдин атайын буйругунун негизинде ишке ашырылып жатат. Айтсак, күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандардын беткап тагынышы талап кылынат. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана мечитке келген кишилердин дене табын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Намаз убагында адамдардын ортосундагы бир жарым метр аралык сакталышы зарыл. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

Жарандар көпкө кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында мечиттен чыгып кетиши зарыл.

Даарат алчу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сакташ керек. Балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандар мечитке келбей турушу талап кылынат. Буга кошумча сунуштар да бар. Биринчиден, дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү сунушталат. Жарандар көпкө кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында мечиттен чыгып кетиши зарыл. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келиши керек.

Беш маал жамаат намазын жана жума намаздарын өткөрүүдө ар бир мечитте санитардык талаптарды көзөмөлдөй турган жооптуу дин кызматкерлеринен жана ыктыярчылардан турган топ түзүлгөн. Ар бир мечитте нөөмөтчү жана жоопкер адамдар санитардык талаптардын толук аткарылышын камсыздоо максатында мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды чачышат. Мындан сырткары, мечитке келгендердин дене табын текшерип турушат.

Канатбек Мурзахалилов: - Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу оор абал учурунда айрым мечиттер менен медреселерди күндүзгү стационарлар, обсервация үчүн колдонуу жагынан демилге көтөрүлүп жатат. Бул багытта муфтияттын көз карашы кандай? Ага дин башкармачылыгынын мүмкүнчүлүгү барбы?

Бактияр Токтогазы уулу: - Өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абал учурунда муфтият да четте карап турбастан, колдон келишинче жардам кылып жатат. Ушул күнгө чейин бизде жети диний окуу жайы жергиликтүү бийлик менен макулдашып, обсервацияга берилген. 8-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Токтомушев Максатбек ажы Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов менен кеңешип, абалга жараша бардыгын өлчөп, таразалап, республикадагы 24 диний окуу жайынан 1415 орун обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга бериш үчүн даярдалды.

Бул дин кызматкерлеринин элибизге болгон жардамы. Мындан тышкары, ыйык Орозо айында жана карантин мезгилинде муфтият, облустук казыяттар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен калктын аярлуу катмарына тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү. Быйыл мечиттерибиз карантин учурунда жабык болгондуктан садага-битирге 11 миллион сом гана чогулду. Албетте, кырдаалдан улам аз каражат топтолду. Ошентсе да аны муктаждарга толугу менен таратып бердик.

Интервьюну бул жерден угуңуз:

Пандемияга каршы күрөштө муфтияттын ролу
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:04 0:00
Түз линк

Канатбек Мурзахалилов: - Ал арада Курман айт да жакындап калды. Айт намазын кандай тартипте окуу маселесин аныктоону муфтият күн тартибине киргиздиби?

Бактияр Токтогазы уулу: - Абалга карап, Курман айт жакындаганда Аалымдар кеңеши менен муфтият кеңешип, элге кошумча маалымат берилет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG