Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Диний экспертизанын максаты жана дарамети


Бишкектеги борбордук мечит.
Бишкектеги борбордук мечит.

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын диний экспертиза жүргүзүүнүн күңгөй-тескейине арнадык.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө диний маалыматты туура жеткирүү мамлекеттин руханий коопсуздугун камсыз кылууга багытталып, диний адабияттарды экспертизадан өткөрүү, аны талдоо жолго коюлган.

Ал эми Кыргызстанда абал кандай? Бул суроолорго алдыдагы баянда жооп издедик.

Экспертизадан өткөрүү процесси кандай иштейт?

Кыргызстанда диний экспертиза оозеки, аудио-видео жана жазма адабияттын (китеп, брошюра, баракча, гезиттеги макала) негизинде жүргүзүлөт.

Башкача айтканда, адамдын ой-пикирин же тандоосун көргөзгөн кандайдыр бир кыймыл-аракет экспертизанын темасы боло алат.

Диний ишеним назик келип, кылдат мамилени талап кылгандыктан, динге байланыштуу үстүрт же бир тараптуу жазылган, айтылган пикирлер талаш-тартышка тамызгы болуп, коомчулукту бөлүп-жарган учурлар кездешет.

Ошондуктан социалдык желеде болуп жаткан окуяларга жасалган реакциялар, дин маселесине арналган же динди камтыган посттор да талдоонун темасы катары каралган учурлар бар.

Динге арналган сайттардагы макалаларга, видеороликтерге экспертиза жасалышы мүмкүн. Диний экспертиза басылып чыга турган жана басылып чыккан адабияттарга да жасалышы ыктымал.

Диний экспертизадан өткөрүүнүн учурдагы абалы

Диний экспертизаны жүргүзүү Кыргызстанда жаңыдан жолго коюлуп келе жатат. Учурда дин чөйрөсүн тескеп жаткан мыйзамдын 29-беренесинин 3-пунктунда дин жаатындагы мамлекеттик органдын диний адабияттарга, башка басылмаларга, аудио-видео материалдарга экспертиза жүргүзгөнү каралган.

Мекеменин экспертиза өткөрүү укугун, анын тартибин Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы кызматкери, теолог Денис Пышкин мындайча баяндады:

Денис Пышкин.
Денис Пышкин.

«Жакынкы убакка чейин Дин иштери боюнча комиссия дин таануу боюнча тиешелүү экспертиза жүргүзгөн жалгыз орган болгон. Анткени мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта тиешелүү адистер менен бир багыттуу диний экспертиза жүргүзгөн бөлүм болгон эмес. Дин комиссиясы функционалдык милдеттеринин алкагында мамлекеттик жана сот органдарынын өтүнүчү менен сунуш-кеңештерди, тиешелүү эксперттик бүтүмдөрдү бере алат.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат түзүлгөндөн кийин атайын комплекстүү диний, психологиялык, лингвистикалык экспертиза жүргүзө турган бөлүм ачылган. Учурда динге байланышкан кылмыш иштеринин алкагындагы экспертизаны соттук-эксперттик кызмат жүргүзөт. Ал эми Дин иштери боюнча комиссия диний уюмдарды, чет өлкөлүк диний миссияларды эсептик каттоо же кайра каттоо, алардын ишмердүүлүгүн токтотуу, диний адабияттарды же башка басылмаларды басып чыгаруу, чет жактан алып кирүүгө же алып чыгуу, аны таркатуу, аудио-видео материалдарга жана диний адабияттардын китепкана фонддоруна келип түшүшү боюнча экспертиза жасайт».

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат диний адабияттарга комплекстүү экспертиза жүргүзүүгө арналган атайын усулдук колдонмо да иштелип чыкканын кошумчалаган.

«Мурда экспертиза жүргүзүүгө материалдарды жибергенде тергөөчүлөр адабияттарда экстремисттик маанайдагы психологиялык чакырыктар барбы деген сыяктуу суроолорду коюшчу. Бул суроолор лингвисттер менен психологдордун компетенциясына киргендиктен дин таануучулар суроолорго жооп берүүдө кыйынчылыкка учурашкан. Анткени суроолор лингвистикалык-филологиялык өңүттү өз ичине камтыган. Ошондуктан көпчүлүк эксперттер комплекстүү диний, психологиялык жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө маселе көтөрүшкөн», - деди Денис Пышкин.

Маселени чечүү максатында өкмөткө караштуу мамлекеттик соттук- эксперттик кызмат түзүлгөн. Ал 2017-жылдын 14-июлунда өкмөт бекиткен жобого ылайык иш жүргүзүп келет. Уюмдун негизги милдети - белгиленген тартипте соттук экспертиза жүргүзүү.

Аталган кызматтын дин таануу боюнча эксперти Айжан Молдосатыева:

Айжан Молдосатыева.
Айжан Молдосатыева.

«Бүгүнкү күндө соттук-эксперттик кызматта экспертизанын ондой түрү жүргүзүлөт. Дин таануу соттук экспертизасын биздин кызматтын лингвистикалык, дин таануучулук жана психологиялык экспертизалар башкармалыгынын компетенттүүлүк тууралуу сертификатка ээ соттук эксперттери жүргүзөт. Экстремизм жана терроризмге байланыштуу кылмыш иштери боюнча материалдар дин таануу соттук экспертизасынын объектиси болуп эсептелет. Ал эми экстремизмге байланыштуу иштердин материалдары лингвистикалык экспертизанын объектиси болушу ыктымал. Айрым учурларда комплекстүү лингвистикалык, дин таануучулук жана психологиялык экспертиза дайындалышы мүмкүн.

Экспертизанын комплекстүү, комиссиялык жана башка түрү тергөөчүнүн же сот органынын чечимине жараша аныкталат. Соттук дин таануу экспертизасы, башка экспертизалар сыяктуу эле Жазык-процессуалдык кодекстин 171-172- беренелерине ылайык сот органдарынын аныктамасы же тергөө органдарынын токтомдорунун негизинде дайындалат», - деп түшүндүрдү.

Буга чейин эле Кыргызстанда айрым укук коргоочулар, адвокаттар диний-экстремисттик деп табылган материалдардын экспертизасы боюнча маселе көтөрүп келишкен. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул маселе терең диний изилдөөнү талап кылат деген пикирде болушкан.

«Диний экспертиза жүргүзгөн адистердин коопсуздугун мамлекет эске алышы керек. Ал эми адистер диний илимдин бардык өңүттөрүн терең өздөштүргөнү максатка ылайыктуу болмок», - деген Денис Пышкин өзү да тыюу салынган диний уюмдардын мүчөлөрүн айыптаган кээ бир сот процесстерине катышып, диний экспертизанын жыйынтыгы боюнча кетирилген мүчүлүштүктөр боюнча пикирин төмөнкүчө айтты:

«Ооба, соттук-эксперттик кызмат жана атайын лингвистикалык, дин таануучулук жана психологиялык экспертиза жасаган бөлүм түзүлгөнгө чейин экспертизаны Дин иштери боюнча комиссия жүргүзгөн. Ал учурда бизге өтө көп суроолор болгон. «Канчалык деңгээлде жүргүзүлгөн экспертиза мыйзамга туура келет? Дин комиссиясы экспертиза жүргүзүүгө укугу барбы?» деген сыяктуу.

Белгилей кетсем, бул экспертиза иштеп жаткан дин жаатындагы мыйзамдын, Кылмыш-процессуалдык кодекстин жана тиешелүү жоболордун алкагында жүргүзүлгөн. Ооба, эксперттер бир нерсени белгилешкен. Алар: «Канчалык деңгээлде Дин комиссиясынын эксперттеринин компетенциясы талапка ылайык?

Талдоого берилген материалдардагы мамлекеттик түзүмдү күч менен кулатууга чакырык таштоо сыяктуу суроолорду кантип аныктап, бүтүм чыгарышат?» деген. Бирок көпчүлүк учурда Дин комиссиясынын дин таануучу эксперттери адабияттар кайсы бир диний уюмга тиешелүү экенин гана аныктап беришкен.

Эгерде адабият сот тарабынан тыюу салынган уюмга тиешелүү болсо, анда «ушундай уюмга тиешелүү» деп бүтүм чыгарылган. Учурунда бул маселеге байланыштуу көптөгөн суроолор, соттук териштирүү болгон. Соттор дайыма чыгарылган экспертизалар мыйзамдуу болгон деген чечимдерди чыгарышкан. Көптөгөн кемчиликтер болгонун да моюнга алыш керек. Анткени дин таануу боюнча экспертиза - салыштырмалуу жаңы көрүнүш. Мисалы, башка өлкөлөрдө дин таануу боюнча атайын адистештирилген экспертизанын түрү жок».

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын алкагында иш жүргүзүп жаткан дин таануу соттук-экспертиза башкармалыгынын ишинин жанданышы менен динге байланышкан, бир диндин ичинде болуп жаткан маселелер, диний материалдарда экстремизм жана терроризмге байланыштуу ар кандай маалыматтарды камтыган көптөгөн суроолор да күн тартибинен алынып салынды.

«Соттук дин таануу экспертизасын дайындоо, жүргүзүү Жазык кодекси (эксперттин укуктары жана милдеттери, жоопкерчилиги), Жазык-процессуалдык кодекс жана «Соттук-эксперттик иш жөнүндө» мыйзам менен жөнгө салынат. 2018 -жылы 75 экспертиза дайындалып, 37 соттук экспертизанын тыянагы берилген. 2019-жылы 592 экспертиза дайындалып, 462 изилдөө жүргүзүлгөн», - деди Айжан Молдосатыева.

Бирок «экспертиза өткөрүүнүн деңгээлин дагы жогорулатыш керек» деген пикирлер тар чөйрөдө айтылып келет. Бул максатта дин таануу адистиги боюнча билим берген мекемелерде атайын окуу программалар иштелип чыгып, ушул багыттагы адистиктерге окутуу зарылдыгы бар. Аталган программа бир гана диний маалыматты өз ичине камтыбастан, экспертиза жүргүзүүнүн усулу да окутулушу абзел.

Экспертиза бейтарап, калыс болушу үчүн туруктуу эксперттик топтун кайсы бир мекемеге караштуу экендиги да маселе жаратат.

Ошондуктан көз каранды эмес эксперттик-усулдук институтту түзүү максатка ылайыктуу болмок. Аталган институт негизинен руханий коопсуздукту камсыз кылып, түрдүү деструктивдик жана радикалдык диний топтордун катарына кирүүгө чакырган идеологияларга бөгөт коюшу зарыл.

Макаланы толугу менен аудиодон угуңуз.

Диний экспертиза же руханий коопсуздукка камкордук
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:14 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG