Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:36

Кыргызстандагы католиктер жана алардын миссиясы


Коронавирустан улам католик христиандардын диний борбору саналган Ватикандагы Ыйык Перт сарайында Пасха эл жок белгиленди. 12-апрель, 2020-жыл.

«Биз жана дин» түрмөгүндө христиан дининин негизги багыттарын түзгөн католик ишеними тууралуу кеп кылабыз.

Католик окуусунун пайда болушун, анын диний жөрөлгөлөрүн, дүйнө жүзүнө таралышын жана бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы абалын айтып беребиз. Автор макаланы бир канча тарыхый булактардагы маалыматтарды негиз кылып жазды.

Кыргызстандагы католиктер

Кыргызстандын аймагына католиктер биринчи жолу XIX кылымдын аягында келген. Алар негизинен Орус империясынын армиясында кызмат кылган поляк жана немис улутундагылар болгон.

Кыргызстандагы католиктер 1930-1940-жылдары Сталиндин жарлыгы менен Кыргызстанга депортацияланган түмөндөгөн поляктардын, украиндердин, немистердин, беларустардын, латыштардын жана литвалыктардын эсебинен көбөйгөн.

Тарыхый маалыматтарга ылайык, ХХ кылымдын 50-жылдарында Фрунзе шаарынын чет-жакасында немис католиктери сыйына турган үй курууга аракет кылышып, бул аракет ийгиликсиз аяктаган. Алардын имараттары талкаланган, өзгөчө белдүү католиктер менен дин кызматкерлери камакка алынган.

1960-жылдардын аягында гана католиктер жамааты Фрунзе шаарында чакан храм куруп, легалдуу чиркөө коомун негиздеп, аны Васильев көчөсү №203 дарегинде мамлекеттик каттоодон өткөргөн. Мурдагы лагердик туткун Михаил Келер жамааттын жетекчиси болгон.

1990-жылдын башына чейин республикадагы католиктердин көпчүлүгүн немис улутундагылар түзгөн.

1987-жылы Александр Кан жетектеген миссия негизделген. 2006-жылы миссия Апостолдук администратура деңгээлине көтөрүлүп, анын башчылыгына Николай Мессмер дайындалган. Бул мезгилде Бишкекте, Таласта жана Жалал-Абадда кечилдик кылып келишкен 13 католик дин кызматкери иштеп турган.

Учурда Кыргызстанда католик жамааттын мүчөлөрү 600 адамга жакын.

Кыргызстандагы католиктик епархиянын басма сөз катчысы, Сокулуктагы католик чиркөөсүнүн жетекчиси Ремигюш Кальски буларды айтты:

Ремигюш Кальски.
Ремигюш Кальски.

«Биздин дин дүйнөлүк болуп эсептелет. Дин кызматкерлери, кечилдер жана чет өлкөдөн келген католиктер Бишкектеги, Таластагы, Жалал-Абаддагы, Сокулуктагы чиркөөлөрдөн тышкары өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы калктуу конуштардагы чакан католиктик жамааттарга барып турат. Биздин жамааттын азчылык бөлүгүн мурдатан эле өлкөдө жашап келген поляк жана немис улутундагы кыргыз жарандары түзөт. Көпчүлүк бөлүгүн Кыргызстанда убактылуу жашаган дипломатиялык кызматтагылар, чет элден келген ишкерлер, туристтер. Жекшемби күнкү сыйынууга 60-70 киши келет. Пасха күнү мындан эки эсе көп киши болот, ал эми иш күндөрү 5-6 сыйынуучу келет.

Сыйынуу орус жана англис тилинде өтөт. Чиркөөгө келген чет элдиктер үчүн жекшембидеги сыйынуубуздун бирин англис тилинде жүргүзөбүз. Кыргызстанда жаш католиктер да бар. Көпчүлүгү ата-энесинин жолун жолдоп, ушул динди карманат.

Ыйык Михаил храмынын алдында францискандык кечил аялдар туруктуу жашап, ар түрдүү кайрымдуулук иштерин жүргүзөт. 2000-жылдардан бери эле католик дин кызматкерлери түрмөлөрдү кыдырып, кайрымдуулук иштерин кылып жүрүшөт.

Республикадагы карылардын жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүнө барып, кийим-кечек, азык-түлүк таркатабыз.

Сокулуктагы католик чиркөөсү.
Сокулуктагы католик чиркөөсү.

Оорукчан балдарды, аракечтик сыяктуу жаман адаттарга чалдыккан жарандарыбызды реабилитациялоочу борборубуз бар. Жыл сайын майып балдар үчүн жайгы лагерлерди уюштурабыз. Мындан сырткары, астрономия боюнча атайын ийрим ачканбыз. Жаштарды жогорку окуу жайларына даярдоочу курстарды уюштурабыз.

Башка диний уюмдар менен сый жана бири-бирибизди урматтаган мамиледебиз. Мамлекеттин диний радикализм жана экстремизм менен күрөшүү ниетин түшүнөбүз жана колдойбуз».

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, өлкөдө жети дин кызматкери жетектеген төрт католик чиркөөсү бар.

Католик окуусу боюнча жалпы маалымат

Католик ишеними башка диний ынанымдардан башкаруу түзүмү менен айрымаланып, жолдоочуларынын санынын көптүгү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган, өзүнө гана тиешелүү мамлекети бар жападан-жалгыз дин.

Христиан дини биздин замандын I кылымынын башында пайда болгондон эле өзүнүн «бүткүл ааламдык, кафоликалык», башкача айтканда «курама» деп аталган бирдиктүү чиркөөсү болгон. Өз маңызы боюнча космополиттик (улуттук мүнөзгө ээ эмес) дин катары эсептелген христиан окуусу Европадагы элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлашып, анын негизинде ажырым пайда болгон. Атап айтканда, Константинополду борбор кылган Чыгыш (православия) жана Римди ордого айландырган Батыш (католик ишеними) деп аталган эки бөлөк чиркөөгө бөлүнүшү IX кылымда башталып, XI кылымда аяктаган. Натыйжада 1054-жылы христиан дини расмий түрдө эки багытка ажыраган. Ал эми 1517-жылы католик ишениминде кризис болуп, Мартин Лютер андан протестант ишенимине бөлүнүп чыгып кеткен.

«Католик» сөзү - бүткүл дүйнөлүк (жалпы дүйнөлүк, бүткүл ааламдык) дегенди билдирет.

Католик ишеними окуусунун өзгөчөлүктөрү

Католиктер кудайдын Үчилтиги жөнүндөгү жалпы христиандык догматты, Инжилдин жана андагы дүйнөнүн, адамдын жаралуусу жөнүндөгү мифтердин системасындагы түшүнүктөрдү тааныйт. Православиеден айырмаланып, «Ыйык Рух Кудай Атадан гана эмес, Кудай ­Уулунан да чыгат» деп ишенишет.

Католик ишеними боюнча бейишке же тозокко баруудан мурда өлгөн адамдардын жаны бир канча убакытта «тазартуучу жайдан» өтөт. Ал катаал сыноо жана кыйноо менен коштолот.

Рим папасынын Ыйык Петр аянтындагы кайрылуусунда тартылган сүрөт. 25-декабрь, 2019-жыл.
Рим папасынын Ыйык Петр аянтындагы кайрылуусунда тартылган сүрөт. 25-декабрь, 2019-жыл.

Рим папасы рим-католик чиркөөсүнүн башчысы гана эмес, Иса Машаяктын жердеги өкүлү, мурасчысы болуп эсептелип, ишеним жана адеп-ахлак маселелеринде анын артыкчылыгына басым жасалат. Ал кардиналдар коллегиясы тарабынан өмүр бою шайланат.

Учурдагы Рим папасы - 84 жаштагы Франциск. Ал 2013-жылдын 13-мартында шайланган. Чиркөөнүн 1200 жылдык тарыхындагы, 266 папанын арасындагы жалгыз европалык эмес киши.

Инжилден тышкары Ыйык баян, Бүткүл дүйнөлүк соборлордун чечимдери жана Папанын түшүндүрмөлөрү католиктердин диний окуусунун башкы булактары болуп саналат.

Католиктер латын тилинде жазылган Инжилди гана кабыл алышат жана аны башка тилдерге которууга тыюу салышат. Ал эми Инжилге түшүндүрмө берүүгө бир гана чиркөө акылуу.

Католик дин кызматкерлери үчүн кечилдик менен целибат (никесиздик) принциптерине орун берилген. Анткени алар өз өмүрүн толугу менен диний иштерге багыттап, башка турмуштук иштерге убактысын жана күчүн коротпошу керек деп түшүндүрүлөт.

Католик чиркөөсү жети сырдуулукту тааныйт. Алсак, дин кызматкерлери нан жана вино (нан - Иса Машаяктын денесинин, вино - анын канынын символу) менен кудайды эскерсе, жөнөкөй христиандар нан гана ооз тийүүгө укуктуу. Чокундуруу ырымы православдардай сууга чөмүлтүү жолу менен эмес, үстүнөн суу куюу аркылуу жүргүзүлөт.

Чиркөөнүн Европа коомунун өнүгүшүнө тийгизген таасири

Католик чиркөөсү орто кылымдардагы Европа коомунун өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон. Саясий чөйрөдө чиркөө эл аралык мамилелерди, мамлекеттерди башкарган адамдардын талаштарын жөнгө салып турган.

Чиркөөнүн дүйнөбий бийликке болгон үстөмдүгү тарыхта клерикализм (чиркөө бийлиги) деген ат менен белгилүү. Батыш Европанын орто кылымдардагы тарыхы Рим папаларынын чиркөөгө баш ийбеген мамлекеттер менен болгон тынымсыз күрөшү менен коштолгон. Улам жаңы аймактарга таасирин жайылтыш үчүн башка ишенимдерге каршы жортуул уюштуруп келген.

Чиркөө кызыкчылыгын коргогон падышалар менен императорлордун бийлигине көмөк көрсөтүп, «чектен чыккандарды» бийликтен четтетип да турган. Жер ээси болуу менен католик чиркөөсү өз жыйындары үчүн «чиркөө салыктарын» алып, эбегейсиз байлыкка ээ болгон. Падышаларга насыя да берип турган.

Маданият тармагы католик ишениминин эң күчтүү таасир берүүчү чөйрөсүнүн бири болгон. Материалдык колдоо же идеологиялык басым аркылуу чиркөө көп сандаган храмдардын жана монастырлардын курулушуна түздөн-түз таасирин тийгизген. Бул өз учурунда архитектуранын өнүгүшүн камсыздаган.

Батыш Европадагы бардык мектептер чиркөөнүн карамагында болгон. Бул мектептерде болочок дин кызматкерлерин тарбиялап өстүрүүгө багытталган окуу программасы түзүлгөн. Билим берүүнүн, бардык илимий эмгектердин латын тилинде жазылышы чиркөө үчүн жеңилдиктерди жараткан. Ишеним маселелери менен бирге моралдык принциптер менен ченемдер боюнча уюштурулган талкуулар чиркөөнүн кадыр-баркын ого бетер жогорулаткан.

Чиркөө бийлигинин мамлекеттик бийликтен жогору болушу ага абсолюттук бийликке ээ болууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Бир да дыйкан же феодал, ал тургай падышалар да чиркөө алдында өзүн коопсуз сезе алган эмес. Алардын баары тең чиркөөнүн эрки жана каалоосу менен эсептешип турууга аргасыз болушкан. Айрым учурда чексиз бийликке ээ болгон падышалардын, императорлордун маселелери чиркөө сотунун алдында каралган.

Зомбулук динди орнотуунун, таратуунун же аны коргоонун негизги каражаты болуп саналган. Ушул максатта католиктер тарабынан аскерлештирилген уюмдар жана кечилдик ордендер түзүлгөн. Көптөгөн кылымдар бою ырайымсыздык менен иш жүргүзгөн «инквизиция» деп аталган өзгөчө сот органы болгон. Ал эми негизги кечил ордендери болуп доминикандыктар менен францискандыктардын уюмдары эсептелген.

Ватикан – католиктерге гана тиешелүү мамлекет

Рим католик чиркөөсүнүн эл аралык борбору жана папанын резиденциясы - Ватикан. Ал Италиянын борбору Римде жайгашкан. Ватикандын аянты 44 гектар, калкы – миң кишиге жакын. Герби, гимни, желеги жана гвардиясы бар. Дүйнөнүн 174 өлкөсү менен дипломатиялык мамиле орноткон.

Азыркы Ватиканда дүйнөбий жана диний башкаруу айкалыштырылган. Папанын дүйнөбий бийлиги 1929-жылдагы Муссолининин фашисттик өкмөтү менен понтифик Пий XI ортосундагы Латерандык келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул келишимге ылайык Ватикан мамлекети негизделген жана анын эл аралык суверенитети таанылган.

Орусия президенти Владимир Путин менен Рим Папасы Францисктин Ватикандагы жолугушуусу. 2015-жыл, 10-июнь.
Орусия президенти Владимир Путин менен Рим Папасы Францисктин Ватикандагы жолугушуусу. 2015-жыл, 10-июнь.

Ватикан коммерциялык эмес пландуу экономикага ээ. Ал бүткүл дүйнөдөгү католиктердин чиркөөнү колдош үчүн берген акчасынын эсебинен жашайт. Мындан сырткары, кирешелеринин бир бөлүгүн туризмден, почта маркаларын, сувенирлерди, тыйындарды сатуудан жана музейлерден түшкөн каражаттар түзөт. Ватикандын капиталы Италиянын жана башка өлкөлөрдүн өнөр жайына салынган. Ватикандын Борбордук банкы эл аралык финансы операцияларына катышат. Бюджетин Рим папасы бекитет.

Ватикандын жарандыгын Рим папасынан тышкары кардиналдар, нунцийлер жана дипломатиялык кызмат учурунда Апостолдук нунцийликтин кызматкерлери, Ватиканда кызмат өтөгөн мезгилде швейцариялык гвардиячылар, шаардын губернатору менен анын трибуналынын претору, жарандык актыларды каттоочу кызматкерлер, папанын жеке жардамчылары ала алышат.

Ватиканда XIV кылымдын аягында түзүлгөн Григориан университетинен баштап 1973-жылы университет статусун алган Салезиан университети менен катар алты жогорку окуу жайы, «Араб жана ислам таануу» институту, хор мектеби, чиркөө музыкасы, понтифик институту жана виртуоздор асем искусствосу менен адабиятынын академиясы бар.

1603-жылы негизделген, мүчөлөрүн ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынан папа өзү гана тандаган Папа илимдер академиясы иштейт. Мындан сырткары, Чиркөө, Литургия, Католик дини, Археология, ыйык Фома Аквинский, ыйык Мария, Социалдык илимдер, Жашоону коргоо академиялары бар. Папанын сарайында 1475-жылы расмий негизделген Ватикан китепканасы жайгашкан. Анда 300 миңден ашык тыйындар жана медалдар бар нумизматика кабинети иштейт.

Ватиканда музейлер жана 1610-жылы негизделген архиви бар. Анда мамлекеттик документтер сакталат. Европадагы эң эски обсерватория да ушул жерде жайгашкан.

1931-жылы түзүлгөн радио борбору 34 тилде уктурууларды алып барат. Мындан сырткары өздүк телевиканалы да бар.

Ватиканга көрк берип турган, XVI кылымдын башынан баштап дээрлик бир кылымдан ашуун курулушу жүргөн ыйык Петр собору - дүйнөдөгү эң зор храм. Ага Микеланжелонун «Иса Машаякка аза күтүү» мрамор скульптурасы айрыкча көрк берип турат.

Ватикан шаар-музей болуп эсептелет. Ватикан ансамбли жана Римдеги «Ыйык Такка» тиешелүү имараттар 1956-жылдан бери ЮНЕСКОнун кайтаруусунда жана Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген.

Азыркы мезгилдеги католик чиркөөсү

Учурда чиркөөнүн карамагындагы окуу жайлары, кечилкана тармактары кеңейтилүүдө. Мындай борборлордо сыйынуу жана диний билимден сырткары азыркы коомдогу негизги көйгөйлөр боюнча талкуулар өткөрүлүп турат.

Жаштардын түрдүү топторун, алардын жаш курактарын эске алуу менен диний билим берүүнүн усулу иштелип чыгууда. Христиан ишеними менен моралынын негизги жоболорун камтыган китептер кайрадан мезгилдин талабына ылайыкталып жаңыртылууда.

Католик чиркөөсүнүн көп мамлекеттердин саясий турмушуна таасири бар. Католик ишеними саясий партияларга, кесиптик кошундарга, жаштар жана аялдар уюмдарына ээ.

Социалдык окууну ишке ашырыш үчүн католик ишениминдеги жөнөкөй адамдардын ишмердүүлүгү күчөтүлүүдө. Ар бир католик ишениминдеги адамга саясатта, экономикада, кесиптик ишмердүүлүгүндө, христиандык идеяларды активдүү жайылтуучуга айлантуу милдети коюлган.

Учурда католик динине табынгандардын саны дүйнө жүзү боюнча бир миллиард 300 миллиондон ашуун адамды түзөт. Салттык католиктик өлкөлөргө Италия, Испания, Ирландия, Франция, Польша, бардык Түштүк Америка өлкөлөрү, Филиппин, Германия, АКШ, Канада, Австралия, Балтика боюндагы мамлекеттер, Украина жана Беларустун батыш аймактары кирет. Көптөгөн Африка өлкөлөрүндө, Угандада, Конгодо жана Анголада католиктер калктын жарым бөлүгүн түзөт. Католиктик чиркөө православдык чиркөөдөн болжол менен жети эсе чоң.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG