Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

"Динчил жана улутчул болуп жаатташпайлы"


Ишембиликке чыккан имамдар. Ош. 2016-жылы тартылган сүрөт.
Ишембиликке чыккан имамдар. Ош. 2016-жылы тартылган сүрөт.

Коронавирустун Кыргызстанга кирип келиши өлкөдө көптөн бери айтылып келген диний плюрализмдин аздыгын көрсөтүп койду.

Өлкөгө COVID-19 вирусу алгач диндарлардан чыкканы коомдо эки ача пикирлерге, ал тургай жаатташууга чейин жеткиргендей болду.

“Азаттык” радиосунун “Биз жана дин" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов ушул маселени талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстанда жуктургандардын көбү умра сапарына жана чет өлкөлөргө дааватка барып келгендер экени билингенден кийин коомчулук арасында, айрыкча социалдык тармактарда талаш-тартыш күчөп, диний ырым-жырымга, диндар адамдарга, жалпы эле динге байланышкан маселелерде коомчулук экиге бөлүнгөнү байкалат. Сиздин оюңузча бул көрүнүш эмнеден кабар берет?

Акимжан Эргешов.
Акимжан Эргешов.

Акимжан ажы Эргешов: Учурда биз өзүбүздүн кайсы чөйрөдө, кандай мамлекетте, кандай мыйзамдык ченемдерди камтыган өлкөдө жашап жатканыбызга назар салышыбыз керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттин Баш мыйзамында адам укугу жогору экени жазылып, тандоо укугуна, дин тутуу эркиндигине, каада-салт, үрп-адатка, улуттук баалуулуктарга ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү берилген. Ошондуктан, Кыргызстандын ар бир жаранында мыйзамды урматтоо көз карашы калыптанышы керек. Туура айтасыз, тумоо бир эле Кыргызстандан чыккан жок. Дүйнөнү каптап жаткандыктан, аны ар бир адам жуктуруп алышы мүмкүн.

Ушундай учурда кайсы бир адамдын диний көз карашы үчүн эле аны сындап, какшыкты зырылдатып, басынткан учурларды көрүп туруп, Кыргыз Республикасындагы дин саясатынын өксүктөрү бар экенине ынандык.

Мурда диний сабатыздык гана көйгөй экени айтылып келсе, учурдагы кырдаал диний чөйрөгө каршы атайын топтор пайда болгонун көрсөтүп койду. Бул өтө өкүнүчтүү. Азыр жөн эле оозеки кайым айтышуу турүндө болуп жатат. Кийинки беш жылдыкта, балким он жылдыкта бул чоң коркунучтарды жаратышы ыктымал.

Канатбек Мурзахалилов: Бул түшүнбөстүктөрдү көз караштардын кагылышы катары сыпаттап койсок болобу?

Акимжан ажы Эргешов: Кайсы бир деңгээлде бул жөн эле көз караштардын кагылышы эмес, балким жаатташуу десек да болот.

Социалдык желелерде “булар ушундай, баскан жерине чөп чыкпайт”, - деген сыяктуу дин тутуу эркиндигин басынткан, айыптаган билдирүүлөр чыгып кетти. Бир тарап өзүнчө күч жыйнап, болгон заарын экинчи тарапка төккөнүн көрө алдык.

Муну мен айрым адамдардын кайсы бир деңгээлде түздөн-түз дин түшүнүгүнө бөгөт коюу аракети катары сыпаттайт элем.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: Тумоого байланышкан окуялар көптөн бери бири-бирибиздин ишенимибизди сыйлоо, аны урматтоо сезимин унутуп баратканыбызды көрсөттү окшойт. Ошондой эле диний билимдин жеткиликтүү эместигин, диний плюрализимдин аздыгын дагы бир жолу көрсөтүп койду. Эми биз кантип көз караштардын кагылышын минималдаштырып, өз ара түшүнүшүү, толеранттуулук маселесин жогорулатсак болот?

Акимжан ажы Эргешов: Бүгүнкү күндө иштеп жаткан “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамда бекитилген чектер дагы бир канча толуктоолорду талап кылып турат.

Диний сабаттуулук маселесин көтөргөндө биз жалаң гана динден түшүнүгү бар гана адамдарга басым жасайбыз. Алардын арасынан радикалдуу, толеранттуулукту билбеген кишилер чыгып, башкалардын укугун бузбасын деп этияттап, ошол топторго гана басым жасай бериптирбиз.

Коронавируска байланыштуу кырдаал динден алыс адамдарды дагы толеранттуулукка үйрөтүшүбүз керек экенин көрсөттү. Дин ичиндеги баалуулуктар жөнүндөгү түшүнүктү аларга мамлекеттик программалар, мамлекеттик телеканалдар аркылуу сиңирип, мамлекет кабыл алган окуу программаларына киргизүү зарыл экенин көрдүк.

Учурда “Дүйнөлүк диндердин маданияты” аталышындагы окуу предмети пилоттук негизде мектептерде окутулуп жатат. Бул предметтин программасы иштелип жатканда мен ушул комиссиянын мүчөсү катары бир канча сунуштарды бердим эле.

“Жөн гана тарыхты, жөн гана маданиятты чагылдырып койбой, балдарыбызга диний баалуулуктарды берели. Ошондо биз элге, мамлекетке, балдарга пайда келтиребиз”, - деп зар какшап айткам. Тилекке каршы, сунуштарыбыз эске алынбай калды. Бүгүнкү күндө бул предмет окутулуп жатат. Бирок анда биз бүгүн жон терибиз менен сезип жаткан нерселердин алдын ала турган эч нерсе жок.

Элдин сабатын жоюу керек. Эгерде биз элге диндин ичинде эмне катылганын айта албасак, күнөөкөрбүз. Себеби, алар билбегендиктен ушундай нерселерди сүйлөп жатат.

Канатбек Мурзахалилов: Учурда өлкөбүздө орун алган карантин, бири – бирибизден обочолонуу кырдаалында жалпыбызга, анын ичинен диндар, намазкөй жарандарыбызга кандай кеп - кеңештериңизди берип кетет элеңиз?

Акимжан ажы Эргешов: Бүгүнкү кырдаал жалпыбыздын, анын ичинде дин туткандардын, дин тутпагандардын, динди колдоочулардын, динди сындоочулардын баарына бирдей келген чоң сабак болду. Бул сабак аркылуу биз өзүбүздү тааныдык. Үй ичиндеги өзүбүздүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ордун билип, алар менен жакындан таанышып, алардын кулк-мүнөзүнө, баскан-турганына, деңгээлине назар салдык. Кошуналарды, тууган-урукту эстедик.

Биз азыр баарыбыз бир чатырдын алдындабыз. Ал чатыр биздин - мекенибиз, Кыргыз Республикабыз. Баарыбызга мээримин төгүп, билимге, абийирге, намыска, эмгек кылууга, билим алууга, аны менен катар эле дин тутууга укуктарды берип жатат.

Чатырдын астына жамгыр өтсө, баарыбыз суу болобуз. Чатырды шамал учуруп кетсе, ачык асман алдында үшүйбүз. Ошондуктан чатырыбызды сактайлы.

Бүгүнкү күндө жүздөгөн улуттар, калкынын саны түмөн болсо да өз чатырын табууга зар. Айрымдары бизге окшоп бири – биринен айып издеп, бири – бирин кодулап жүрүп чатырын учуруп алып, оор тагдырга туш келишкен. Мындай күндү биздин башыбызга салбасын. Андыктан, Кудай ар бирибизге берген укукту сактайлы.

Экинчиден, мамлекетибиздин Баш мыйзамында жазылган укуктарды сыйлайлы. Үчүнчүдөн, мамлекет ичиндеги улуттар башкаларды да сыйласын. Бири -бирибизди сыйлабасак, анда бизди ким сыйлайт?

Урматтуу диндар бир туугандарым, мындай учурду Кудай күндө эле бере бербейт. Бул учурду ар бирибизге берилген сыноо катары кабыл алалы. Дайыма Кудайга кайрылып, адамдардын жакшылыгы үчүн дуба кылалы. Адамдардын абийирин, уятын, укугун сактаганга аракет кылалы. Ошондо гана биз дин тутуп, дин жүктөгөн милдетти өтөгөн болобуз.

Андыктан, жалпыбыз мамлекет койгон шарттарды, өзгөчө кырдаал учурундагы көрсөтмөлөрдү, медицина кызматкерлери көрсөткөн шарттарды так аткаралы. Жеке жана коомдук гигиенаны сактасак, бул сыноодон баарыбыз эсен-соо чыгабыз. Мен азыркы учурда жер иштетип жатам. Кимдин дачасы, бак-шагы болсо эгинин эгип, көчөт отургузуп, эртеңки күндөн үмүт үзбөөгө баарыңыздарды чакырып кетет элем.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG