Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

«Мусулман агайындардын» эки өңүтү


Каирдеги «Мусулман агайындардын» митинги. Архивдик сүрөт.
Каирдеги «Мусулман агайындардын» митинги. Архивдик сүрөт.

«Мусулман агайындар» уюму 1928-жылы Египетте пайда болгон, кийин эл аралык бирикмеге айланган.

«Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында 1928-жылы Египетте пайда болгон, кийин эл аралык бирикмеге айланган «Мусулман агайындар» уюмунун негизги идеологиялык платформасы туралуу кеп кылдык. Мындан тышкары Жакынкы Чыгыштагы түрдүү чыр-чатактарга бул кыймылдын катышы, көптөгөн мамлекеттерде алардын ишмердигине тыюу салуу себептери, Кыргызстандагы жактоочулары менен тарапташтары жана келечеги тууралуу суроолорго жооп издедик.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен теолог Данияр Мурадилов талкуулады.

Канатбек Мурзахалилов: - «Мусулман агайындар» кыймылынын негизги идеологиялык платформасы кандай?

Данияр Мурадилов: - «Мусулман боордоштор» же болбосо «Мусулман агайындар» деген партиянын идеологиялык платформасын 1928-жылы Хасан аль-Банна деген киши Египетте түптөгөн. Ошол убакыттан бүгүнкү күнгө чейин булардын эки негизги багыты болгон. Алгач алардын идеологиясы пацифисттик, социалдык-саясий негизде ишке ашкан. Андан кийин бара-бара радикалдашууга өткөн деген изилдөөчүлөрдүн пикири бар.

Уюмдун радикалдашуусу Хасан аль-Баннадан кийинки келген жетекчиси Саид Кутубдун идеологияга жаңылык же өзгөртүү киргизишинин натыйжасында пайда болгон. Саид Кутубдун киргизген идеологиясы боюнча, мусулман адам азыркы биздин дүйнөбий жашообуздагы мыйзам менен жашабашы керек. Ал булардын баары «Жахилия» же болбосо караңгылык, түркөйлүк, отпарастык деген көз карашта болгон. Бул түшүнүктүн негизинде өзүн мусулманмын деп эсептеген жаран кайсы өлкөдө болбосун Алланын гана эркине баш ийип, адам баласы чыгарган мыйзамдарына баш ийгенде гана «чыныгы мусулман» боло алат. Мындай куралдардын бири катары «такфир» - «мусулманчылыктан каапырлыкка чыгаруу» да болуп саналат. Тагыраак айтканда кандай гана өлкөнүн башчысы болбосун, эгерде шариат менен башкарбаса, ал каапыр болуп саналат.

Саид Кутубдун идеологиясынан Хасан аль-Баннанын көз карашынын эң негизги айырмасы - ушул күнгө чейин бири-бири менен тирешип келген исламдын эки чоң багыты - салафийлик менен суфийликти бириктирүү, жараштыруу болгон. Тагыраак айтканда, партиянын идеологиясында теологиялык талаш-тартыштарга тыюу салып, оор басырыктуулукка, саясий жана социалдык ишмердүүлүккө багытталып, көңүл бурулган. Ал эми Саид Кутуб болсо көбүнесе коомду «жогортон төмөн карай өзгөртүү» ыкмаларына ыктаган.

Канатбек Мурзахалилов: - Акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарында Тажикстанда тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмунун мүчөсү деген шектенүү менен 70тен ашуун киши камакка алынганы тууралуу маалымат тарап жатат. Бирок расмий тажик бийлиги бул тууралуу комментарий бере элек. Сиздин оюңузча кошуна өлкөнүн мындай кадамдары эмне менен байланыштуу?

Данияр Мурадилов: - Ар бир өлкөнүн өзүнүн ички саясаты болот. Менимче, ушул ички саясаттын негизинде алар кандайдыр бир туура эмес иш-аракеттерге же болбосо Тажикстандын дүйнөбийлик принциптерине шек келтире турган бир иштерге барса керек. Дагы бир нерсени унутпашыбыз керек. Борбор Азия чөлкөмүндө демократияга көбүрөөк багыт алган өлкө - Кыргызстан эле. Ал эми Тажикстан бизге караганда бир аз авторитардык түзүмгө көбүрөөк жакын.

Канатбек Мурзахалилов: - Жакынкы Чыгыштагы «араб жазы», Египеттеги аскердик кутум, Сирия менен Ирактагы, араб-израил чыр-чатактарына да «Мусулман агайындардын» тиешеси бар деген маалыматтар айтылып жүрөт. Чындыгында бул кыймыл ушундай эле коркунучтуубу?

Данияр Мурадилов: - Бул уюмдун канчалык коркунучтуу экендиги ар бир өлкөнүн ички саясатына, шартына, саясий-экономикалык жана башка көптөгөн факторлорго жараша аныкталат. Мындан тышкары, жогоруда айтып өткөн Хасан аль-Банна менен Саид Кутубдун эки идеологиялык багытын карманган «Мусулман агайындар» кыймылына карата дүйнө жүзү боюнча бир өңчөй эмес болгон түшүнүк бар. Керек болсо кээ бир өлкөлөрдө кыймылдын мүчөлөрү парламенттин депутаттыгына чейин жеткен учурлар болгон. Алар бир учурда Египет парламентинде 40% чейинки орундарды ээлеген. Эң эле аз дегенде шайлоого катышкандардын 20% добушун алган мезгил да болгон. Мындан тышкары, бул уюм Тунисте, Иорданияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө бар. Алар саясий партия катары кабылданып, диний багытта, диний өңүттө болбогон, диний фактор аралашпаган саясий-либералдык партиялардын курамына кирип, саясатка аралашып, мүчөлөрү парламенттин депутаты болгон учурлар кездешет. Бул кыймылга тиешелүү айрым оң же терс көрсөткүчтөр геосаясаттын бир бөлүгү болсо керек ойлойм.

Саудияда, Орусияда жана башка мамлекеттерде бул уюмдун ишине тыюу салынган. Керек болсо террористтик деп табылган. Алсак, Орусияда «Имарат Кавказ» деген уюмга жардам берди деген айып менен «Мусулман агайындардын» ишине тыюу салынып, террористтик деп табылган.

Менин билишимче, «араб жазына» булардын катышы жок. «Араб жазы» болуп жатканда алар массалык маалымат каражаттары аркылуу «болуп жаткан окуяларга эч кандай тиешебиз жок» деген билдирүүлөрдү таратышкан. Ал эми Мухаммед Мурсинин бийликке келишин, анын бийликтен четтетилишин «араб жазы» бүткөндөн кийинки окуя, постфактум катары кабыл алганыбыз жөндүү. Мухаммед Мурси менен Абдел Фаттах Ас-Сисинин бийлик алмашуусу - бул башка бир геосаясий оюн.

Канатбек Мурзахалилов: - Ушул сөзүңүзгө улай, 2013-жылы Египетте биринчи жолу демократиялык негизде шайланган президент Мухаммед Мурсинин бийликтен четтетилиши жалпы эле «Мусулман агайындарга» урулган сокку болдубу? Булардын мисалында бир өлкөнү диний негизде түзүлгөн уюм башкарууга жөндөмдүү болуп, саясий исламдын, демократия менен демократиялык процесстердин өнүгүшүнө же артка кетишине кандай таасир эте алды деп эсептейсиз?

Данияр Мурадилов: - «Мусулман агайындардын» кайсы бир демократиялык түшүнүктөргө түрткү болуп же артка тартышын айта албайт экенмин. Бирок «ислам фактору» диний фактор катары саясатка аралашуусунун алкагында көптөгөн ийгиликке жетишкен, ийгиликтүү да болуп келе жаткан өлкөлөр бар.

Мисал катары Малайзияны, Түркияны, Пакистанды, Саудияны, Иранды алсак болот. Диний фактор саясатта кадимкидей эле бар. Эч жашырылбай эле «дүйнөбий өлкөбүз» деп эле динди саясатка колдонуп келе жатышат. «Диний фактордун» саясатка аралашуусу салыштырмалуу түрдө бир өлкөдө көп, кээ бир өлкөлөрдө аз болушу мүмкүн.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстанда «Мусулман агайындар» уюмунун жактоочулары, аларга тиешелүү болгон же алардын идеологиясын жактаган кыймылдар бүгүнкү күндө барбы?

Данияр Мурадилов: - Кыргызстанда көптөгөн кайрымдуулук фонддору бар. Алардын ишмердиги мечит салууга, социалдык маселелерди чечүүгө, диний билим берүү тармагына багытталган. Балким булардын арасында болсо керек. Эгер болсо да менин оюмча булар Хасан аль-Баннанын идеологиясын тутунгандар болушу мүмкүн. Бирок бул фонддордун ишинен бүгүнкү күнгө чейин эч кандай коркунуч жарала элек.

Канатбек Мурзахалилов: - Сиз жумшак факторду айтып жатасыз. Эгер кокусунан Тажикстандагыдай окуялар бизде болуп кетсе, анда бул кыймыл келечекте Кыргызстан үчүн кандай коркунучтарды жаратышы мүмкүн?

Данияр Мурадилов: - Коркунуч жаратат деген ойдон алысмын. Себеби, ушул күнгө чейин күч органдары, коопсуздук түзүмдөрү жөн отурбай, кызматын кылып, бул багытта иш жүргүзүп келатышат. Алар канчалык коркунуч туудура тургандыгын мен байкоочу, эксперт катары так кесе айта албайм. Бирок жогоруда сиз айтып өткөн кутум сыяктуу ыкмаларды колдоно турган болсо, анда коркунучтардын жыйынтыгы кандай болорун күч түзүмдөрүндө иштебегендиктен толук айта албайт экенмин.

Канатбек Мурзахалилов: - Демек, сиздин сөзүңүз боюнча коопсуздук, күч органдары бул маселеге да жакшылап көңүл бөлүшү керекпи?

Данияр Мурадилов: - Албетте, көңүл бөлүшү керек. Ошон үчүн бул органдар бар да. Ар бир орган өзү аткара турган кызмат, милдет катары бул маселени терең карап, «тамырды» кармап турушу зарыл.

Канатбек Мурзахалилов: - Коопсуздук органдарынан тышкары, ислам багытындагы диний чөйрө да радикалдуу кыймылдардын иш-аракетине каршы кандай алдын-алуу иштерин жүргүзсө жакшы болмок?

Данияр Мурадилов: - Радикалдуу кыймылдардын ишинин алдын алууда билим берүүнүн ролун мен такай эле айтып жүрөм. Билимсиздиктен, маалыматсыздыктан, чала сабаттыктан же болбосо маселенин маңызын түшүнбөй туруп, үстүртөн окуп же угуп алып эле өкүм чыгара берген туура эмес.

Маалыматсыздык - бул Кыргызстандын диний чөйрөдөгү эң чоң душманы.

Дүйнөбий көз карашты карманган адам болобу, динге ишенген адам болобу, эки жактын бири-бирине болгон карама-каршы пикири түшүнбөстүктөрдү жаратат. Көбүнчө диний чөйрөдөгү көйгөйлөрдүн баары, радикалдашуу да маалыматсыздыктан келип чыгат. Мисалы, медреселерде жалпы билим берүү предметтери окутулбай жатканы маалыматсыздыктын бир бутагы болуп эсептелет. Медресенин бүтүрүүчүсү жалаң эле диний сабактарды окугандыктан, кууш диний ой жүгүртүүгө ээ болот. Дүйнөдө эмне болуп жатканына академиялык, илимий өңүттөн баа бере албаганы аларды туура эмес чечимдерге, өкүм чыгарууга алып келиши мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG