Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Тажикстандагы жапырт камоо


Тажикстан, Дүйшөмбү, Ички иштер министрлиги. 1-август, 2014-жыл.
Тажикстан, Дүйшөмбү, Ички иштер министрлиги. 1-август, 2014-жыл.

Тажикстанда «Мусулман агайындар» аттуу уюмдун мүчөсү деген шек менен кармалгандардын саны 70 кишиге жеткени кабарланууда.

Бул боюнча тажик бийлиги бир да расмий маалымат тарата элек. Мындан эки жума мурун Тажикстандын укук коргоо органдарындагы жашыруун маалымат булактары «Мусулман агайындар» уюмуна кирет деген айып менен 27 киши кармалганын, бул көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдиришкен эле.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматынын укук коргоо органдарындагы маалымат булактары Тажикстанда акыркы эки аптада экстремизм үчүн шектүү катары кармалгандардын жалпы саны 70 кишиден ашканын аттарын жашыруун калтыруу шарты менен кабарлашты. Алардын айтымында, кармалгандарга «Экстремисттик уюм уюштуруу», «Тажикстанда иш жүргүзүшүнө тыюу салынган уюмга мүчө болуу» деген беренелер боюнча айыптар коюлууда. Тажик мыйзамы боюнча ал айыптарды мойнуна алган адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бул маалыматтарды тажик бийлиги азырынча төгүндөй да, ырастай да элек.

«Азаттыктын» тажик кызматынын маалымат булактарынын айтымында, азыр кармалган 70 кишиден сырткары дагы бир нече адам тергөөгө күбө катары чакырылган. Бирок алардын канчасы кайтып, канчасы камакка алынары белгисиз.

«Азаттыктын» тажик кызматынын кабарчылары Тажикстандын ИИМине акыркы камалгандар тууралуу маалымат сурап кат жиберишкен. Азырынча бийликтен жооп келе элек.

Ал арада «Мусулман агайындардын» мүчөсү деген айып менен Тажикстандын ар кайсы аймактарынан түрдүү адамдар камалып жатканы тууралуу кабарлар түшүп жатат. Кармалгандардын арасында ЖОЖдордун окутуучулары да бар.

Бир эле Тажикстан тилдер институтунун беш окутуучусу азыр камакта отурат. Жогорку окуу жайынан кармалгандардын баары араб тилинин окутуучулары болушкан. Бул камоо тууралуу басма сөзгө маалымат бербөө тууралуу милиция калган окутуучулардан тилкат жаздырып алганы айтылууда.

«Ахбор.ком» сайты 19-январда өзүнүн жашыруун булактарына таянып, камалгандардын арасында тилдер кафедрасынын башчысы Тожиддин Якубов да бар экенин жазган.

«Мусулман агайындар» уюмунун мүчөсү деген айып менен Абдухолик Хасанов аттуу ишкер да кармалганы айтылууда. Бул маалыматты ишкердин уулу Ёсин Хасанов ырастады. Ал атасы январь айынын башында эле камалганын, ошондон бери аны көрө элек экенин айтты:

- Алар атамды камаганда: «Сен товарды Ирандан алып келет экенсиң. Иранга эмне үчүн тез-тез барасың?»​ деген суроолорду беришти. Атам мурда чын эле Ирандан товар алып келип сатчу. Бирок акыркы убакта Иранга каттабай калган эле. Аны камакка алышканда Ирандан келген товарларга байланыштуу документтерди да кошо алып кетишкен.

«Мусулман агайындар» деген айып менен камоо Тажикстанда жаңы жылдын башынан башталган. Буга чейин тажик бийлиги өлкөдө тыюу салынган уюмдун мүчөлөрүн аныктаганын жарыялаган. Камалгандардын арасында Тажикстандагы белгилүү диний ишмер Туражонзоданын күйөө баласы, Тажикстандын Мамлекеттик мүлк кызматынын башчысы Исмоил Каххоров да бар экени кабарланган.

«Мусулман агайындар» уюму Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен 2006-жылы тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргизилген. 2016-жылы Тажикстандын Согди облусунан бир нече дин кызматкери камалган.

«Мусулман агайындар» уюму 1928-жылы Египетте түзүлгөн. Кийинчерээк бул уюмдун айрым мүчөлөрү Египетте бийликке келишкен. Бирок аймактагы көп өлкөлөр бул уюмдун ишмердигине тыюу салышкан. Айрымдар «Мусулман агайындар» уюмунун түпкү максаты - мусулман динин тутунган өлкөлөрдө шарият менен башкаруу тартибин орнотуу экенин айтышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG