Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:38

Тажик активисти өкүмгө каршы даттанат


Наимжон Самиев.

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын активисти Наимжон Самиев соттун чечимине каршы даттана турган болду.

9-апрелде Согди облусунун Исфара шаардык соту аны «экстремизм жана жардыргыч зат сактаган» деп айыптап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Сот жабык өткөн.

«Азаттыктын» тажик кызматы жазгандай, Наимжон Самиевдин адвокаты аны менен тергөө абагында жолугушуп чыккан. Ал соттун 15 жылга кескен чечимине макул эмес экенин жана ага каршы жогорку инстанцияга даттана турганын айткан.

Сот чечимине активисттин жакындары да нааразы. Атасы Абубакр Самиев уулу күч органдарына алданып калганын билдирди:

«Биз өкүм менен макул эмеспиз. Иштин кайра каралышын талап кылабыз. Баламды алдап коюшту. Ал мага тергөөчүлөр «Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренесине ылайык («Жардыргыч заттарды, түзүлүштөрдү, курал-жарак, ок-дары алуу, сактоо, ташуу») коюлган күнөөнү моюнга алсаң мунапыс менен бошотуласың» деп убада беришкенин айткан. Бирок көшөгө артында ага дагы эки берененин негизинде, «экстремисттик уюмду уюштурган жана кылмыштуу топко катышкан» деген айып тагып коюшту».

Абубакр Самиевдин айтымында, тажик милициясы 2015-жылы Наимжон Самиевдин Исфарадагы үйүн тинтип, короодон ок табылганын жарыялашкан. Камактагы активисттин туугандары укук коргоо органдары окту атайлап жашыруун таштап койгон деп эсептешет. Бирок аны далилдей алышкан эмес.

Исфара шаардык сотунун судьясы Рустам Юнусзода Самиевге чыккан өкүм тууралуу комментарий берген жок.

«Иште «өтө жашыруун» деген гриф бар, ал жөнүндө айтууга укугум жок», - деди ал.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын Исфарадагы бөлүмүнүн мурдагы башчысы, 56 жаштагы Наимжон Самиев былтыр 1-декабрда Чеченстандын баш калаасы Грозныйда кармалган.

Тажикстандын бийлиги анын кармалышынын чоо-жайын түшүндүргөн эмес. Быйыл февралда Интернетте Самиевдин Москвадан Дүйшөмбүгө өз ыктыяры менен келгенин жана бийликке колго түшүп бергенин билдирген видеосу тараган.

Өлкөдө оппозиция өкүлдөрүнүн ушундай эле мазмундагы видеолору буга чейин да жарыяланганы маалым.

Тажик бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясына 2015-жылы мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзоданын көтөрүлүшүнөн кийин тыюу салган. Партияга «козголоңго катышкан жана бийликти басып алууну көздөгөн» деген айыптар коюлуп, жүздөн ашык тарапкери кармалып, ондогону түрмөгө кесилген. Көп өтпөй Жогорку сот партияны террордук уюмдардын катарына кошкон.

Тажик Башкы прокуратурасы Ислам кайра жаралуу партиясынын негиздөөчүсү, учурда чет жерде баш калкалап жүргөн Мухиддин Кабирини да «генерал Назарзоданын куралчан тобун колдогон» деп күнөөлөгөн.

Кабири өзүнө жана санаалаштарына коюлган кинени кескин четке кагып, муну бийликтин партияны жабуу далалаты катары сыпаттап келет. Былтыр жыл соңунда эл аралык жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзүндө Мухиддин Кабири Тажикстан оппозициянын сырттагы өкүлдөрүн да жазалоого умтулуп жатканын билдирген:

«Тажик бийлиги өлкө ичиндеги конструктивдүү сын, диалог үчүн бардык каналдарды жаап, ал тажрыйбаны эл аралык деңгээлде да колдонгонго аракет кылууда. Ал чет мамлекеттердеги оппозициянын ишин чектөөгө умтулуп жатат. Оппоненттерин, анын ичинде биздин партияны террорчулук, экстремизм үчүн айыптады. «Террорчулукка каршы күрөшүп жатабыз» деген шылтоо менен бийлик жүздөгөн саясий ишмерлерди, журналисттерди, адвокаттарды, диний жана жарандык активисттерди камакка алды».

Ушу кезге чейин Ислам кайра жаралуу партиясын бир да Батыш мамлекети экстремисттик уюм катары тааныган жок.

Тажикстандагы немис элчиси Найтхарт Хёфер-Виссинг жакында эле Дүйшөмбү Германияда партиянын мүчөлөрүнүн жашап жатканына тынчсызданып, аларды экстрадициялоону талап кылганын билдирди. Ошол эле кезде дипломат качкындардын саясий көз караштары Батыш өлкөлөрүн кызыктырбай турганын, алар жергиликтүү мыйзамдарды бузганда гана жоопко тартыларын эске салды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG