Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү соттолду


Соттолуп жаткандардын жакындары. Тажикстан
Соттолуп жаткандардын жакындары. Тажикстан

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын орун басарлары өмүр бою абакка кесилди. Өлкөнүн Жогорку Соту 2-июнда ушундай чечим чыгарды.

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын эки орун басары Саидиумар Хусайини жана Мухаммадали Хайит өмүр бою абакка кесилди.

Партиянын дагы 11 мүчөсү 15 жылдан 28 жылга чейин эркинен ажыратылды. Айыпталгандар арасындагы бир аял - Зарафо Рахмони эки жылга соттолду.

Прокуратура 11-майдагы соттук жараянда партия жетекчилери деп айтылып келген беш кишини өмүр бою абакка кесүүнү сураган.

Өткөн жылы сентябрь айынын аягында өлкөнүн соту прокуратура кызматынын талабы менен Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясын "террордук" деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Бул партия мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык көргөн деп айыпталган. Партия лидерлери жана мүчөлөрү, жалпысынан 13 адам камакка алынган. Партиянын төрагасы Мухиддин Кабири чет өлкөдө болгондуктан кармалган эмес.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясын 2015-жылы сентябрь айынын башында куралдуу козголоң чыгарды деп, атайын операцияда жок кылынган коргоо министринин орун басары, генерал Абдухалим Назарзода менен байланыштырган.

Тажикстанда саясий партиянын лидерлерин жана мүчөлөрүн камакка алууну эл аралык укук коргоо уюмдары айыптаган. Бириккен Улуттар Уюму адам укуктары боюнча башкармалыгы өлкөдөгү жалгыз оппозициялык партияга тыюу салууну адам укуктарын бузуу катары баалаган.

Amnesty International уюмунун Лондондогу бөлүмүнүн өкүлү Йонна Хоари 2-июндагы сот өкүмүнө тынчсыздануусун билдирүү менен, ал эл аралык стандартка туура келбегенин белгиледи:

- Amnesty International ​бүгүн эртең менен партия лидерлери жана мүчөлөрүнө чыккан өкүмгө өтө тынчсызданууда. Сот эл аралык стандартка жооп берген жок. Жабык эшик артында өттү. Адвокаттар коргоо ишин толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк албады. Адвокаттардын бирине кылмыш иши козголуп, соттолуп жатат. Айыпталгандардын туугандарынын көрүшүүсү үчүн да мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Орусиянын президентинин алдындагы адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү, журналист Максим Шевченко оппозицияны соттоону олуттуу катачылык катары баалады:

- Муну мен бийликтин олуттуу катачылыгы катары карайм. Тажикстанда мен байкаган олуттуу социалдык-экономикалык жетишкендиктин айдыңында жакында эле парламентте болгон легалдуу оппозицияны талкалоо чынын айтканда, бийликти бекемдебейт, кырдаалды турукташтырбайт. Бул олуттуу катачылык. Аны оңдош керек. Бийлик башында туруп баары колдо дегендер, турмушта баары өзгөрмөлүү экенин эстен чыгарбашы керек.

Максим Шевченконун пикиринде, тажик коомунда ажырым пайда болду. Эл унчукпай турганы менен ал байкалууда. Тажикстандык көз карандысыз журналист Зафар Абдуллаев соттун өкүмү Тажикстанда туруктуулукка кызмат кылбашын белгилейт:

- Мен Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрү жана жетекчилерине байланыштуу болгон сот жана өкүм жалпы кабыл алынган эл аралык стандартка туура келбейт деп эсептейм. Бул абдан резонанстуу саясий иш болду. Тергөө аларды айыптуу деп тапкандан кийин сотто биз, жарандык коомдун өкүлдөрү анын аныгын көрүшүбүз керек эле. Бул сот жана өкүм Тажикстанда туруктуулукка кызмат кылбайт.

Зафар Абдуллаев бул сот жараяны жана өкүм Тажикстандын демократия жана адам укуктары боюнча эл аралык коомчулук алдында аброюн түшүрөрүн кошумчалады. Ал бул өкүм менен Тажикстанда оппозиция толугу менен жоюлуп, жабык саясий система түзүлүп, бийлик каалаганын жасоого мүмкүнчүлүк алды деп эсептейт.

22-майда Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Андагы өзгөртүүлөрдүн бири боюнча Эмомали Рахмон өмүр бою президент болуп шайланууга мүмкүнчүлүк алса, экинчи өзгөрүү менен президенттик шайлоого катышууга укугу барлардын жашы 35тен 30 жашка төмөндөтүлүп, президенттин 29 жаштагы уулу Рустам Рахмондун кезектеги президенттик шайлоого катышуусуна жол ачылды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG