Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Тажикстанда генерал Абдухалим Назарзода жок кылынды


Тажикистандын мурдагы Коргоо министирин орун басары Абдухалим Назарзода
Тажикистандын мурдагы Коргоо министирин орун басары Абдухалим Назарзода

Ромит капчыгайында Тажикстандын күч түзүмдөрү жүргүзгөн атайын операциянын жыйынтыгында мурдагы Коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода өлтүрүлдү. Бул маалыматты бүгүн Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ырастап, шаршембиде өткөн жумада башталган антитеррордук операция толугу менен жыйынтыкталганын маалымдашты.

Операция маалында топтун башчылары Абдухалим Назарзода, Жунайдулло Умаров жана алардын 10 жан-жөкөрү жок кылынган.

Ошондой эле атышууда Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы “Альфа” антитеррордук бөлүмүнүн башчысы, полковник Рустам Амакиев жана Ички иштер министрлигинин үч кызматкери окко учкан.

Генерал Назарзода өткөн жумада Вахдат шаарындагы милиция бөлүмүнө жана Дүйшөмбүгө кире бериштеги жол кайгуул бекетине жасалган чабуулдарды уюштурду деп шектелип жаткан. Ал окуяда 17 согушкер жана 9 полиция кызматкери набыт болгон.

Абдухалим Назарзода мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын мүчөсү жана 1990-жылдардагы жарандык согушта талаа командирлеринин бири болгон. 1997-жылы президент Рахмондун өкмөтү менен түзүлгөн тынчтык келишиминин негизинде өкмөткө келип, 2014-жылдын январында коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. Эки апта мурда ал иштен бошотулган болчу.

XS
SM
MD
LG