Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Тажик түрмөсүндө 32 киши өлдү


Саид Киёмиддин Гози, Саттор Каримов (Махсуми Саттор), Саидмахдихон Сатторов (Шейх Тимур). Укук коргоо органдары алар тополоң чыгаргандардын колунан мерт болгонун айтып жатат.
Саид Киёмиддин Гози, Саттор Каримов (Махсуми Саттор), Саидмахдихон Сатторов (Шейх Тимур). Укук коргоо органдары алар тополоң чыгаргандардын колунан мерт болгонун айтып жатат.

Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда 19-майдын кечинде чыккан тополоңдо каза тапкандардын саны 32ге жетти. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкерлери.

Өкмөттүк "Ховар" агенттиги Жаза аткаруу башкармалыгына таянуу менен жазып чыккандай, башаламандыкка катышы бар деген шек менен 35 киши кармалган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Вахдат түрмөсүндө жазасын өтөп жатып, 19-майдын кечинде чыккан тополоңдо каза тапкан 29 кишинин тизмесин жарыялады.

Анда түрмөдө жок кылынгандардын кеминде 17си "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү деп мүнөздөлгөн. Дагы беш киши Тажикстанда тыюу салынган оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрү катары көрсөтүлгөн. Азырынча бул тизмени көз карандысыз булактар ырасташа элек.

Тажик түрмөсүндөгү кандуу тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:18 0:00

«Ислам кайра жаралуу» партиясына 2015-жылы, мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин расмий тыюу салынган. Партия өкүлдөрүнө бийликти басып алуу пландарына тиешеси болгон деген айып коюлган. Кыймылдын жүздөн ашуун тарапташтары кармалып, ондогон өкүлдөрү эркинен ажыратылган. Ал эми Жогорку сот партияны террордук уюм катары таануу жөнүндө чечим чыгарган. Партиянын лидери Мухиддин Кабири бул айыптардын баарын четке кагып келет.

Тополоң учурунда өлгөндөрдүн арасында Саид Киёмиддин Гози, Саттор Каримов (Махсуми Саттор), Саидмахдихон Сатторов (Шейх Тимур) аттуу тажик коомуна белгилүү кишилер да бар. Укук коргоо органдары алар тополоң чыгаргандардын колунан мерт болгонун айтып жатат.

Башаламандык кантип башталган?

«Тополоңдун уюштуруучулары тыюу салынган террордук жана экстремисттик уюмдардын, анын ичинде өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган топтун мүчөлөрү болушкан. Алар негизинен Тажикстандын Кылмыш кодексинин 401-беренеси ("Жалдамачылык") менен соттолгондор. Козголоңду милициянын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири, кийинчерээк Сирияга чыгып кетип, "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулган Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз, Фахриддин Гулов, ошондой эле Махмадулло Шарипов жана Рухулло Хасанов жетектеген» деп айтылат Юстиция министрлигине караштуу Кылмыш иштери аткаруу боюнча башкы башкармалыктын расмий маалыматында.

Бычак жана башка учтуу заттар менен куралданган тополоңчулар алгач түрмөнүн үч кызматкери - майор Бурхониддин Муродовду, майор Абдуджаббор Халимовду жана ага лейтенант Махмуд Асоевди барымтага алып, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Андан соң алар жазалоо изоляторунда отурган, «Ислам мамлекети» террордук уюмуна тиешеси бар сегиз өтө коркунучтуу кылмышкерди бошотушат. Ушундан кийин башкалардын да үшүн алуу жана өз ниеттеринен артка кайтпай тургандыгын көрсөтүү максатында камактагы белгилүү адамдар - Саид Киёмиддин Гозини, Саттор Каримовду (Махсуми Саттор) жана Саидмахдихон Сатторовду (Шейх Темур) союп, дагы ондогон соттолуучуларды жарадар кылышкан.

Расмий маалыматтарда тополоң чыгаргандар абактагы медициналык бөлүмдү өрттөгөн жана бир канча соттолуучуну барымтага алып, өздөрүн абактан бошотууну талап кылышкан.

«Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн тополоңду басуу операциясы учурунда 24 соттолуучу жок кылынып, дагы 35 адам кармалган. Ал эми барымтадагылар бошотулган», деп айтылат расмий маалыматта.

Окуянын бийлик айткан расмий версиясына караганда, тополоң абактагы кырдаалды туруксуздаштыруу менен качып кетүү максатында уюштурулган. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо азырынча мүмкүн болгон жок.

"Алар бийлик сүйлөшүүгө барбай турганын билишкен да. Эмне үчүн алар мындай кадамга барышты. Демек бул жерде терең катылган бир себептер бар. Бийлик мына ушул нерсеге көңүл бурушу керек", деди "Перспектива+" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Ойнихол Бобоназарова.

Камактагылардын биринин аялы тополоң чыккан күнү жолдошу менен узак мөөнөттүү жолугушууда болчу. Анын айтымында, кечки саат тогузда атышуу башталып, ал жарым саатка созулган.

«Мен жолдошума жолугушууга келгем жана ал жерде дагы бир күн болушум керек болчу. Күтүүсүздөн эле ызы-чуу башталып, мени имараттын чыгып, үйүмө кетүүмдү суранышты. Атышуу болуп жаткан кезде күйөөм жанымда болчу. Азыр болсо ал абактагылар менен чогуу. Мен ал үчүн чочулап турам», - деди атын атагысы келбеген тажикстандык келин.

Тополоңдө өлгөндөр

Тополоң учурунда өлгөндөрдүн арасында Саид Киёмиддин Гози, Саттор Каримов (Махсуми Саттор), Саидмахдихон Сатторов (Шейх Тимур) аттуу тажик коомуна белгилүү кишилер да бар.

Махсум Саттор деген ат менен белгилүү Саттор Каримов Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын активисти жана аксакалдарынын бири болгон. Ал 2015-жылы камалып, 28 жылга соттолгон. Аталган партияны 2015-жылы ишке «ашпай калган көтөрүлүштөн» кийин бийлик террористтик уюм деп таап, ишмердигине тыюу салган. Бирок бул партияны Батышта бир да мамлекет экстремисттик деп тааныган эмес.

Ал эми 90-жылдардагы белгилүү диний аалым Саид Киёмиддин Гози 1992-жылы коммунисттик режимге каршы чыгып, Дүйшөмбү шаарынын Шахидон аянтына чогулгандарга сүйлөгөн чечен жана бирден бир лидер болгон. Аны «генерал мардуми» («элдик генерал») деп да аташкан. Жарандык согуш учурунда Ооганстандын аймагында жүрүп, Бирдиктүү тажик оппозициясы менен кызматташкан.

1997-жылдагы тынчтык келишиминен кийин Тажикстанга кайтып келип, оппозициянын атынан Жарашуу боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү болгон. Бул эмгеги үчүн кийин «Шараф» ордени менен сыйланган.

2018-жылдын май айында Тажикстандын Жогорку соту аны улуттук, расалык жана диний кастыкты козутканы, мамлекетке чыккынчылык кылып, ачык конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырганы үчүн 25 жылга соттогон. Ага чейин өлкөдөн чыгып кеткен Саид Киёмиддин Гозини 2017-жылы Санкт-Петербургдан Орусиянын жана Тажикстандын атайын кызматтары уурдап, алып келген. Быйыл жазында анын жаза мөөнөтү 18 жылга кыскарган жана абактан чыгарына дагы алты жыл бар болчу. Анын сот жабык эшик артында өткөн.

Турсунзаде районунун 68 жаштагы тургуну, өзүн “ислам дининин акыркы пайгамбары” деп атаган Саидмахдихон Сатторов 2015-жылы 16-февралда Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен кармалган. Андан он күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарткан, Сатторовдун иштери тууралуу жарым сааттык видео тасма көрсөтүлгөн. Ал ошол эле жылы өлгөн адамдын денесин мазактоого, акча талап кылууга жана көп аял алууга шектелип, 16 жылга соттолгон. Анын да сот иши жабык эшик артында өткөн.

Хожент түрмөсүндөгү тополоң

Былтыр 8-ноябрда да Хожент түрмөсүндө тополоң чыгып, аны басуу учурунда расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жарадар болгон.

Тажик бийлиги айыпталуучулар тополоң уюштурууга төрт ай даярдык көргөнүн билдирген. Козголоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алган. Бирок камактагылар ИМ өкүлдөрүнөн эч кандай тапшырма албаганы кабарланууда.

​Хожент абагындагы тополоңдун чыгышына түзөтүү абагындагы кызматкерлердин камактагыларга катаал мамилеси себеп болгону айтылып келет. Буга байланыштуу түрмөнүн сегиз кызматкери камалган. Алардын арасында абактын башчысы Файзулло Сафарзода да бар.

Ал эми тополоңду чыгарууга катышып, тирүү калган 30дан ашуун айыпталуучуга «Киши өлтүрүү», «Денеге оор залал келтирүү», «Бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү» жана «Түзөтүү абагындагы режимди бузуу» беренелери боюнча айып коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG