Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Жалал-Абад: баласын мектепке бербеген ата


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

​Жалал-Абадда «йакын инкарчы» деп эсептелген үй-бүлө 10 жаштагы баласын окутуудан баш тартып жатат. Шаар бийлиги менен казыят баланы мектепке тартууга аракет кылууга чакырууда. Баланын атасы дааватка чыгып кеткен.

Укук коргоочулар баланын дүйнөбий билим алышына ата-энелер шарт түзүп бериши керек экенин айтышат.

Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде убактылуу батирде жашаган үй-бүлө 10 жаштагы уулун мектепке жиберүүдөн баш тартууда. Анын себебин алар диний көз караш менен байланыштырат. Мектепке тартылбаган балдарды шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын адистери өткөн жылдын ноябрь айында үйлөрдү кыдырган учурда аныкташкан. Башкармалыктын башчысынын орун басары Назира Жакыпова мындай маалымат берди:

Назира Жакыпова.
Назира Жакыпова.

- Биздин кызматкерлер дайыма эле үймө-үй кыдырып, иш жүргүзүп турушат. Жылына 2-3 жолу комплекстүү кыдыруу болот. Ошол учурда 10 жаштагы окуучунун мектепке барбай жатканы белгилүү болгон. Кыдырууда жалпысынан окууга тартылбаган төрт окуучу аныкталып, анын үчөө мектепке барып калды. Ал эми бул бала мектепке тартыла элек. Баланын ата-энеси менен бир топ жолу сүйлөшүп, окууга кайтарууга аракет кылдык. Бирок атасы «өзүм үйдөн окутуп алам» деген пикирин айтып, баш тартып койду. Бул үй-бүлөнүн төрт баласы бар, улуусу мектеп курагында.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын карамагындагы балдар иштери боюнча комиссия бул маселени бир топ ирет талкуулап, баланын атасын да комиссиянын отурумуна чакырган. Бирок түшүндүрүү иштеринен азырынча майнап чыккан жок. Шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев бул үй-бүлө менен иш алып баруу шаардык хатибиятка сунушталганын айтты:

Руслан Алтымышев.
Руслан Алтымышев.

- Комиссиянын биринчи отурумунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү чечкенбиз. Ошого жараша шаардагы аялдардан куралган социалдык кызматкерлер жана «Салика» окуу борборунун кызматкерлери ал үйгө барышкан. Бирок күйөөсү каршылыгынан кайткан эмес. Азыр эми бул багытта шаардын имам-хатиби иш алып барып жатат. Биздин маалыматыбызга караганда бала Кара-Суу районунда туугандарынын үйүндө экен. Ал жакта да окууга тартылган эмес. Тилекке каршы, атасы дааватта болгондуктан бул суроо ачык бойдон турат.

Үй кожоюну жакында эле төрт айлык дааватка кеткени маалым болду. Ушундан улам анын аялы менен сүйлөшө алган жокпуз. Бул үй-бүлөнүн мектеп жашына чейинки дагы эки баласы бар. 17-январда болсо Жалал-Абад облустук казыятынын кызматкерлери кайрадан сүйлөшүүгө барышты. Казыяттын бөлүм башчысы Арпидин Жороев мындай дейт:

Арпидин Жороев.
Арпидин Жороев.

- Бүгүн да казыятта аялдар менен иштеген кызматкер менен кошо ошол үй-бүлөгө бардык. Аялына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, ал баласын окутууга макул. Болгону күйөөсүнө каршы чыга албай турганын айтты. Бала учурда Кара-Сууда карыдан билим алып, куран жаттап жатыптыр. Атасы мечитке келип намаз окуп жүргөнүн көрчүмүн, бирок баласын мектепке жибербей жатканын билчү эмесмин. Баланын билим алуу укугу корголушу керек. Бул мамлекеттин саясатына каршы чыгуу жана өтө караңгылык деп билем.

Жороев баланын билим алышына тоскоолдук жаратып жаткан ата «Йакын инкар» тобунун мүчөсү экенин кошумчалады.

«Балдардын укуктарын коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекова мындай жагдайда мыйзамда көрсөтүлгөндөй балдардын атасы ата-энелик укуктан ажырай турганын айтты:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

- Биз дүйнөбий мамлекетте жашап жаткан соң ар бир бала билим алууга укуктуу. Ага биринчи кезекте ата-эне шарт түзүп бериши керек. Эгер андай болбосо мамлекет камкордукка алат. Эгерде диний көз караштан улам баланы ата-энеси мектепке берүүдөн такай баш тартып келсе - акыркы чара катары сот аркылуу ата-энелик укуктан ажыратуу каралышы керек.

Эки жыл мурда Ысык-Көл облусунда 17 жана 12 жаштагы кыздарынын билим алышына тоскоол болгон ата-эне эки жылга эркинен ажыратылган эле. Прокуратура ата-эне кыздарын беш жыл мектепке барууга тыюу салып жүргөнүн иликтеген. Андан сырткары, көчөгө чыгууга, башка адамдар менен сүйлөшүүгө, диний китептерден башка нерсе окууга, коммуникациялык технологияларды пайдаланууга жана медициналык мекемелерден жардам алууга катуу тыюу салып келгенин аныктаган. Бул үй-бүлө да «Йакын инкар» агымын колдоочулар экендигин маалымдалган.

«Йакын инкар» агымы - дааватчылардын ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы сот аркылуу экстремисттик деп табылган. Милициянын маалыматына караганда Жалал-Абад облусунда бул агымдын 70тей мүчөсү бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG