Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Дин аалымдары ысырапка каршы чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши той-аштагы ашыкча ырым-жырымдарды, ысырапкорчулукту токтотуу максатында кайрылуу таратты.

Буга чейин муфтият өкүлдөрү да ушул өңдүү чакырык таштаган. Жергиликтүү бийликтин деңгээлинде ысырапкорлукка тыюу салынган учурлар болгон. Бирок азырынча андан толук майнап чыга элек.

«Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүндө теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев талкуулады.

Мурзахалилов: - 10-майда сиз жетектеген Аалымдар кеңеши той-аштардагы ашыкча ырым-жырымдарды, ыксыз чыгымдар менен ысырапкерчиликти азайтуу боюнча жалпы элге кайрылуу тараттыңар. Ушул кайрылуунун маани-маңызына токтоло кетсеңиз.

Абибилла Кадырбердиев.
Абибилла Кадырбердиев.

Кадырбердиев: - Кыргызстандагы элдин турмушун артка тарткан социалдык жана экономикалык чоң мүшкүлдөрдүн бири - бул ашыкча, ыксыз чыгымдар. Тойлордогу, мааракелердеги оюн-зооктордун көпчүлүгү - улуттук менталитетке, калкыбыздын адептик түшүнүгүнө, үрп-адатына түп орду менен туура келбеген жосунсуз жоруктар. Бул мааракелердеги тарбиялык мааниси жок оюн-зооктор кылымдарды карыткан калкыбыздын түптүү маданиятына балта чапкан менен барабар.

Экинчиден, той-аштарда, өлүм-житимде жана башка иш-чараларда ашыкча чыгымдарга жол берген учурлар аябай көп. Коомчулукта ысырапкерчиликтин алдын алуу, аны азайтуу боюнча бир топ иш-чаралар өткөрүлгөн. Көп эле жолу жергиликтүү бийлик, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) тарабынан демилгелер көтөрүлүп келген. Бирок сөз жүзүндө гана калып, конкреттүү иштер аткарылбай жатат.

Бул маселе майда болуп көрүнгөнү менен ар бир кыргызстандыктын, анын үй-бүлөсүнүн, жада калса өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип келет. Материалдык жана моралдык чоң тоскоолдук болуп жатат.

Пандемиядан кийинки кырдаал ушул маселени колго алууга жалпыбызды мажбурлап жатат. Тапкан кирешебиз пайдалуу нерсеге жумшалбай, эл көрсүндөн, жасакерликтен ашыкча чыгымдарга барып жатканыбыз айкын. Дал ушундай зарылчылыктан улам бул кайрылуу келип чыкты. Анын маңызын учурдагы экономиканы оңдоонун келечектүү багыттарынын бири катары көрүп турабыз.

Биз бай-кедей ажырымынан арылып, социалдык теңдикти көргүбүз келет. Чыгашаларды азайтуу жолу менен элибиз илим-билимге, өндүрүшкө, жаңы ачылыштарга көбүрөөк көңүл бурса деген каалоо. Ошону менен катар азыркы глобалдык бороондуу доордо адеп-ыйманыбыз менен сакталып калсак деген тилек.

Мурзахалилов: - Силердин кайрылууңарга чейин муфтият тарабынан ушул өңүттө үгүт-насаат жүргүзүлүп, өлүм-житимдеги чыгашаларды азайтуу боюнча фатвалар да чыккан. Чындыгында аш-тойлордо, сөөк узатууда акылга сыйбаган салттар бар. Дин, анын ичинен шарият ашыкча чыгым, ашкере ысырапкорчулук маселесине кандай карайт?

Кадырбердиев: - Бул боюнча Куран менен сүннөттөгү бизге айтылган көз караштын өзөгүндө «адалдан жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Анткени, Алла-Таала ысырап кылуучуларды жакшы көрбөйт» деген принцип жатат. Ысырапкерчиликти жоюу же тыюу улуттук каада-салтка каршы чыгуу деген нерсе эмес. Байыртадан келе жаткан аш-тойлорубузда нукура улуттук баалуулуктарыбыз, шариятка терс келбеген каада-салттарыбыз жана үрп-адаттарыбыз сакталып калышын, ошондой эле аны келечек муунга таза-аруу бойдон өткөрүп берүүнү биз, дин кызматкерлери деле жактайбыз.

Муфтият тарабынан сөөк узатууга атайын фатвалар чыгарылып келгенинин себеби - динибизде буга тийиштүү маселелер бүт тартиптештирилген. Андыктан ошол көрсөтүлгөн тартипте болушу маркумдун акыретине да, анын артында калган туугандарына да пайдалуу болот. Ал эми бүгүнкү күндөгү аш-тойлордогу ыксыз ысырапкерчиликти болсо шарият эле эмес, ар бир акыл калчаган инсан колдобой тургандыгы же жактырбай тургандыгы айдан ачык. Айтор, тунук акыл менен таразаланган диний жана улуттук баалуулуктарыбызды өзүнө ылайык айкалыштыруу зарыл деп ойлойбуз.

Мурзахалилов: - Көз каранды эмес иликтөөлөргө ылайык, кыргызстандыктар жылына аш-тойго 2 миллиард доллардан ашык акча коротот экен. Ашкере ыксыз чыгымдар өлкөнүн тышкы карызына жакындап калды. Насыя алып той бергендер да бар. Аны билип, көрүп эле жүрөбүз. Эмнеге биз, кыргыздар, өлкөбүздө жашаган башка улуттардан айырмаланып, той-топурга ашыкча каражат жумшайбыз? Эми аларды кантип тыябыз?

Кадырбердиев: - Туура айтасыз. Кайсы улут болбосун ал каада-салты, үрп-адаты менен баалуу. Каада-салттын философиясы, анын маңызы өзгөрбөгөнү менен ички-тышкы формасы менталитетке, доорго жараша өзгөрө берет экен. Мисалы, үйлөнүү тоюна байланыштуу биз адабияттардан окуган мындан 100 жыл мурунку каада-салттар таптакыр башка болчу. Азыр башка. Муну ким өзгөрттү? Эл өзү өзгөрттү да. Демек, кайра эле элибиздин келечеги жана пайдасы үчүн чыгашалуу каада-салттардын маңызын калтырып, формасын, көлөмүн же өлчөмүн өзгөртүүгө мезгил келип жетти.

Ашыкча каражат жумшоодо адам тууган-уругумду жакшы сыйлап, тосуп алайын же мен өткөргөн маараке элден кем болбосун деген түшүнүк бар. Эми ушул «жакшылык кылайын» деген аң-сезимди кайрымдуулукка, балдардын келечегине инвестиция кылууга жана ден соолукка кам көрүүгө буруу учурдун талабы.

Элибиз куру намыстан арылып, башка элдердей сарамжалдуулукту, үнөмчүлдүктү үлгү алып, бешене тер менен табылган кирешени, каражаттарды максатуу пайдаланууга чечкиндүү киришүүбүз абзел. Тыюу же чектөө маселесинде коомдук пикир жаралышы да зарыл. Дин аалымдары катары кайрылганыбыздын өзөгү ушунда жатат. Коом бул маселени токтотууга аң-сезимдик жактан бышып жетилсе, ойгонсо же болбосо «чыгашалар азайтылсын» дегендер көпчүлүктү түзсө, анан албетте, мыйзамдык документ болсо, чектөө оңойго турат.

Мурзахалилов: - Биздин кошуналар Өзбекстан, Тажикстан жамандык -жакшылыктарды өткөрүүнү жол-жобосун иштеп чыгып, атайын мыйзам менен кабыл алышкан. Алар тойлорду өткөрүүдө, маркумду узатууда атайын эрежелерди жетекчиликке алып жатышат. Биздин өлкөдө маселе парламентте, өкмөттө, коомчулукта байма-бай көтөрүлгөнү менен натыйжасы алигиче жок. Бирок азыркы пандемиядан кийинки абал ашыкча ысырапкорчулукка бөгөт коюуучу укуктук-ченемдик документ керек экендигин да шарттап койду. Сиздин оюңузча, той-аштарга жумшалуучу ыксыз каражаттарды кыскартууну биз эмнеден баштасак болот?

Кадырбердиев: - Эң башкысы - тиешелүү мыйзам кабыл алып, аны аткарууга алыш керек. Муну жергиликтүү бийлик, коомчулуктун активдүү бөлүгү, дин кызматкерлери бирдиктүү аракет менен колдоого алуубуз кажет.

Куранда «чындыгында, Алланын элчисинде силер үчүн мыкты үлгү бар» деп айтылат. Демек, ар бирибиз кандай гана кызматта болбойлу, оболу өзүбүз үлгү болушубуз абзел. Арийне, көч башынан түздөлүп келгенде гана ысырапкерчиликти токтотууга болот.

Менин оюмча, жакшылык менен жамандыктагы ыксыз чыгымдардын баарын атайын топ иликтеп, эң зарылдарын калтырып, андан башка элге жүк болуп жаткандарын биротоло кыскартууну тиешелүү органдарга сунуш кылса болот. Эң башында өлүм-житимдеги мал-жандыктын көп союлганын, аш-тойлордогу, мааракелердеги ыксыз чыгашаларды, андан сырткары мажбур түрдөгү кошумчаларды биринчи кезекте кыскартууга же азайтууга баруу зарыл.

«Азаттыктын» архиви: 18-ноябрь, 2017-жыл.

Мурзахалилов: - Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши эмне жумуш аткарат? Анын сандык, сапаттык курамы кандай?

Кадырбердиев: - Аалымдар кеңеши - Кыргызстан мусулмандарынын курултайынан кийинки жогорку башкаруу органы. Ал муфтиятты көзөмөл кылуучу орган болуп эсептелет.

Аалымдар кенеши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан кабыл алынган муфтиятка тиешеси бар чечимдердин аткарылышын жана иш жүзүнө ашырылышын камсыз кылат. Курултай тарабынан аныкталган муфтияттын негизги максаттарынын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт. Акыйдага, мазхабга дал келбеген агымдардын иш-аракеттери жөнүндө коомчулукту кабардар кылат жана тийиштүү чечимдерди кабыл алат. Муфтияттын жана муфтийдин иш-аракеттерин көзөмөлдөйт жана багыттайт. Муфтийлик кызматка талапкерлерди каттайт, алардын программаларын угат жана татыктууларды аныктайт. Муфтийликке талапкерди төрт жылга шайлайт жана аны курултайдын бекитүүсүнө сунуш кылат.

Мындан сырткары муфтияттын түзүмдөрүнүн жылдык бюджеттерин бекитет жана анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Муфтийдин жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын отчётун угат. Алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат. Орчундуу диний, коомдук биримдик жана ынтымак маселелери боюнча хутба даярдап, муфтият аркылуу бардык жааматтарга жиберет. Маанилүү маселелер боюнча муфтияттын фатва бөлүмүнө алдын-ала өз пикирин билдирет. Орозо айт, Курман айт майрамдарынын убагын тактайт жана белгилейт. Ошондой эле күнүмдүк намаздардын убакыттарын да аныктайт.

Аалымдар кеңеши 21 адамдан турат. Ар бир мүчөлөрүбүз мурдагы Аалымдар кеңеши тарабынан сунушталат жана аларды Кыргызстан мусулмандарынын курултайы төрт жылдык мөөнөткө бекитет.

Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган инсан мусулмандар арасында жогорку абройго ээ болушу керек. Ал өлкөбүздүн негизги мыйзамдарын жана демократиялык принциптери жөнүндө түшүнүгү бар, ханафий мазхабын карманган, жогорку диний жана дүйнөбий билимге ээ Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек.

Мындан сырткары биздин мүчөлөрүбүз ислам негиздерин терең өздөштүргөн, муфтият системасында беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматтарда иштеген, мурда соттолбогон, эч кандай саясий партияларга жана кыймылдарга катышы жок адам болушу зарыл.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (62)

XS
SM
MD
LG