Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 06:44

Динге ийкемдүү мамиле керек


Канатбек Мурзахалилов менен Нургүл Эсенаманова.

Кыргызстанда 2014-жылы кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын мөөнөтү быйыл соңуна чыгат. Ушу тапта адистер жаңы концепциянын үстүндө иштеп жатышат.

Буга чейинки концепциянын натыйжасы кандай болду жана жаңысында эмнеге көбүрөөк көңүл буруу зарыл? Мамлекет менен диндин өз ара мамилесинин модели кандай болууга тийиш?

«Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов менен саясий илимдердин кандидаты Нургүл Эсенаманова ушул теманы талкуулады.

Канатбек Мурзахалилов: - Төрт жылга жакын убакыттан бери дин жаатын тескеген даяр мыйзам долбоорун, диний билим берүүнү жөнгө салууга багытталган жобо баш болгон бир катар документтерди өкмөт парламентке киргизбей же кабыл албай турат. Бул диний саясатты жакшыртууга кедергисин тийгизеби?

Нургүл Эсенаманова: - Негизи диний чөйрөдөгү мыйзамдарды кабыл алуу акыркы он жылда токтоп калды. Менимче, бул жерде парламенттеги, чечим кабыл алуучу органдардагы саясатчылардын, аткаминерлердин маалыматынын, билиминин аздыгы себеп болду деп ойлойм. Башка себеби - көп адамдар динге байланышкан маселелерди абдан түйшүктүү деп эсептет. Кабыл алына турган мыйзамга, башка укуктук документтерге кандайдыр бир кооптонуу менен карап, анан мындай жоопкерчиликти өздөрүнө алгысы келбегендиктен кабыл алынышы токтоп турат деп ойлойм. Башкача айтканда алардын диний чөйрөдөгү жагдайды түшүнбөгөнү, теманы билбегендиги жана андан корккондугу роль ойноп атат. Экинчиден, диний чөйрөдөгү маселелерди маанилүү деп эсептебеген үчүн коркунуч пайда болуп жатат.

Канатбек Мурзахалилов: - 2014-жылы алты жылга эсептелип кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын мөөнөтү бүтүшүнө сегиз ай калды. Концепцияны ишке ашыруунун болжолдуу натыйжаларына кандай баа бересиз? Документте көрсөтүлгөн мүдөөлөр аткарылдыбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги айт намазы маалында. 11-август, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги айт намазы маалында. 11-август, 2019-жыл.

Нургүл Эсенаманова: 2006-жылы кабыл алынган концепцияга салыштырмалуу эң жакшы иштеген документ болду. Анткени, мурда дин жаатында кабыл алынган мыйзамдар кагаз түрүндө гана калып калчу. Көп нерселер ишке ашпай, кандайдыр кадамдар болгонун көргөн эмесмин.

2014-жылы кабыл алынган концепцияга ылайык жакшыдыр-жамандыр бир топ нерселер жасалды. 100% өзүнүн максатына жетти деп айта албайм. Бирок кабыл алынган мезгилинде коюлган максатына жетти деп ойлойм. Алты жыл мурда негизги коркунуч Сирия менен Ирактагы чыр-чатак, согуштук окуялар болгон. Ошондуктан, концепциянын көп бөлүгү коопсуздук тармагына багытталган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аракеттери көбүнчө ошол жакка арналды. Ички иштер министрлиги, башка мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар, муфтият менен бирге элге маалымат таратуу, үгүт иштери болду. Эл менен жолугуп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Көп иштер жасалды.

Ооба, кээ бир эксперттер айтып жатат: «Концепциянын ишке ашканын кантип текшерсек болот, анын натыйжасы кандай, пайда болдубу?» деп. Кандай гана сын-пикирлер, ойлор айтылбасын, бирок бул иш калктын калың катмарына жетти деп ойлойм.

Канатбек Мурзахалилов: - Концепцияда исламдын суннит агымындагы ханафий мазхабына жана матруди ишенимине артыкчылык берилип, мамлекет бул мазхабдын өнүгүшүнө колдоо көрсөтөрү жазылган. Ал тажрыйба максатына жеттиби же аны менен башка жааматтардын укуктарын чектеп койдукпу?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нургүл Эсенаманова: - Концепцияда мамлекет матрудини колдоду, ошон үчүн өнүгүп жатат деген ойлор туура эмес. Матрудиге мамлекет декларативдик түрдө гана колдоо көрсөттү деп айта алам. Бул ишенимдин өнүгүшүнө деп мамлекеттен чоң каражат бөлүнгөнүн көргөн жокмун. Акча бөлүнүп, башка мазхабдарды жаап же алардын иш-аракеттерине тоскоол болуп, укуктары бузулса - ошондо айтсак болот эле. Эми мечиттерде биздин мазхаб, матруди багыты боюнча маалыматтар айтылыш керек деген түшүнүк да калыптанды. Ушул сөздөр үчүн башкалардын укуктары бузулуп жатат же диний саясат туура эмес деген маани калышы мүмкүн.

Бирок биз бир нерсени өзүбүз да унутпашыбыз керек: концепция - бул укуктук-ченемдик документ эмес. Ал ушул чөйрөнүн өнүгүшүнө багытталган жөн гана сунуштама түрүндөгү документ. Анын планында көрсөтүлгөн иштерге мамлекет тараптан кандайдыр бир чон акчалай, материалдык нерселер жумшалган жок. Анан дагы башка мазхабдардын укуктары бузулбай эле турат. Алар бизде каалгандай эле өнүгүп жатышат.

Канатбек Мурзахалилов: - 2019-жылдын 21-ноябрында Бишкекте өткөрүлгөн «Ислам жана православие – тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциядагы сөзүндө президент С.Жээнбеков «диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы өзүнүн мөөнөтүн 2020-жылы аяктайт. Жаңы концепцияны иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл» деп айткан. Сиздин оюңузча, иштелип чыга турган концепциянын базалык принциптери кандай болушу зарыл?

Нургүл Эсенаманова: - Жаңы концепцияда баягы эле коопсуздук жаатындагы, экстремизмге жана терроризмге каршы профилактикалык иштер калат деп ойлойм. Эксперттер айткандай, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мамлекеттин ичиндеги диндер арасындагы мамилелерди жакшыртууга көбүрөөк басым жасашы керек. Ошол эле учурда концепцияда каралган альтернативалуу нерселер болушу зарыл деп ойлойм. Мурда болсо көбүнчө контржүйөлөр менен котрнарративдерге басым жасалса, эми болсо бардык нерселерге альтернативалуу көз караштарды бергенге багыт алыш керек. Мындан тышкары, концепция - бул жөн эле мамлекеттин дин саясатына багыт, ориентир катары каралган, биз кайсы жакка өнүгүшүбүз керек деген эле документ экендигин түшүнүшүбүз керек. Дагы айтам, ал укуктук-ченемдик документ эмес. Мыйзам эмес. Аны кабыл алары менен бардык мамлекеттик органдар, бардык жарандар аткарышы керек дегенди билдирбейт.

Канатбек Мурзахалилов: - Нургүл, өзүңүз көп жылдан бери диний абалды талдап, анын келечегин аныктоодо илимий көз караштарыңызды айтып, изилдөө жүргүзүп келе жатасыз. Бизде илимий көз караштарды диний чөйрөгө пайдаланууга убакыт келип жеттиби? Бул багытта биздин өлкөдө кандай иштер жүрүп жатат?

Нургүл Эсенаманова: - Албетте, диний чөйрөгө илимий көз караштарды пайдалануу - керек нерсе. Мен айтар элем, акыркы жылдары Дин иштери боюнча мамкомиссия илимий көз караштарды, илимий изилдөөлөрдү колдонууга аракет кылып келе жатышат. Бул жагынан аларда жылыш бар. Диний чөйрөдөгү, диний саясаттагы түшүнүктөр боюнча аныктамалар чыкты. Өздөрү да көп изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Өзүнчө диний кырдаалды изилдөөчү борбор да ачылды. Дин комиссиясында бул багытта иштер жүрүп жатат.

Канатбек Мурзахалилов: - Дин чөйрөсүндө саясаттын туура багытын, мамлекет менен диндин ортосундагы өз ара байланышты чыңдаш үчүн оптималдуу моделди канткенде табабыз? Бүгүнкү күндөгү дин менен мамлекеттин ортосундагы модел талапка жооп береби?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нургүл Эсенаманова: - Биз Советтер Союзунан чыккандан кийин көпчүлүк дин жаатында кандайдыр бир катуу моделди каалап жатат. Бир тарап Түркиянын моделин каалап жатат. Бир тарап болсо «биз 90% мусулманбыз, ошон үчүн исламга көбүрөөк артыкчылык берген модел керек» деп, аны каалап жатат. Бир тарап болсо «биз деген кыргызбыз. Кыргыздар мынчалык динге берилген эмес. Ошон үчүн бизге башка модел керек» деген көз караштарын билидирип жатат.

Учурда ар кандай моделдердин атаандаштыгы болуп жатат. Бирок, мамлекет менен диндин ортосундагы Кыргызстандын модели жок көрүнгөнү менен Борбор Азияда өзүбүздүн моделибиз чыкты. Билинбегени менен Кыргызстандын өзүнүн либералдуу модели бар. Толук Батыш мамлекеттериндей либералдуу модел деп айта албайбыз. Алардын бүт моделин сиңирип, кабыл ала албайбыз. Ага биздин тарыхый, маданий контекстибиз туура келбейт. Ошондуктан аябай либералдуу моделди каалаган тараптардын талабын аткара албайбыз. Себеби, Батыш өлкөлөрүндө өзүнүн саясий, маданий, тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында дин менен мамлекеттин байланышын аныктоочу модел келип чыккан.

Ал эми биздеги азыркы моделди өзүнчө аралашма, гибрид модел катары карасак болот. Катуу, тоталитардык моделди кармап алсак, анда да кыйынчылык келип чыгат. Азыркы учурдагы биздеги ийкемдүү модел жакшы - бир жагы иштебей жатса, башка жагына сунуш киргизип оңдоп турганга. Так ушул модел бизге туура келет деп ойлоймун. Башка мамлекеттердин моделин күчтөп, үстүртөн киргизип койсок, анда диний чөйрөдө көп кыйынчылыктар пайда болот. Азыр бизде ийкемдүү модел. Бир жеринде мүчүлүштүк кетип жатса же бир жерин оңдош керек болсо, аны түзөтүп кетип жатабыз. Менин оюмча, азырынча бул модел анча начар эмес. Учурда мамлекеттин, Дин комиссиясынын саясаты ортолук жол менен кетип жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG