Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

COVID-19: Индонезия: Байистүү исламды дааватчылык аркылуу мокотуу


Индонезиянын өкмөтүнүн чогулбай туруу тууралуу чакырыгына карабастан, момундар Батыш Ява вилайетиндеги Тасикмалайа шаарындагы ири жамы мечитке жума намазга жыйылышты. 20.3.2020.
Индонезиянын өкмөтүнүн чогулбай туруу тууралуу чакырыгына карабастан, момундар Батыш Ява вилайетиндеги Тасикмалайа шаарындагы ири жамы мечитке жума намазга жыйылышты. 20.3.2020.

Эң ири мусулман өлкөсү болгон Индонезияда байистүү ислам кандай тоскоолго кептелди? Өлкөдө жаңы таажы вирусунун коркунучуна бөгөт коюуда эскичил таблигчилер, дааватчылар кандай ролду ойношту? Тарыхчынын блогу.  

Алгы сөз

Дүйнөдө эң ири мусулман мамлекети катары таанылган Индонезия –– секулярдык (айдыңдык) мамлекет. Индонезияда дин ишениминин эркиндиги Башмыйзамга ылайык кепилдикке алынган. Калайыктын 88 пайыздайы мусулман (басымдуу көпчүлүгү –– суннийлер) болгонуна карабастан, бул мамлекет исламдан башка да христиан (протестанттар, католиктер), индуизм, бутпарас (буддизм) жана конфуцийлык диний агымдарга негизги диндер катары колдоо көрсөтөт. Булардан тышкары көөнө доорлордон калган шаманчылыктын жана башка диндердин калдыктары сакталып келет.

Борбордук Азия мамлекеттеринде үстөмдүк кылган исламдын суннийлик түрү ханафийлик тарыкаттын кыртышында өзгөчө сабырдуу, байистүү турумда болуп келген сыяктуу эле, Индонезия суннийлери да байистүүлүгү, башка диндердеги мекендештерине карата сабырдуу мамилеси менен айырмаланып келишкен.

Бирок, адистердин изилдөөсүнө караганда, соңку чейрек кылымдай мезгил ичинде Индонезияда кырдаал кооптуу багытка өзгөрдү. Бул өзгөрүүлөр Сауд Арабстан падышалыгынын өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып дүйнө өлкөлөрүнө акырындап жайылткан ваххабийлик дааватынын бери дегенде эки муундун өмүрүнө татыган мезгилди камтыган мээнетинин түшүмү болуп саналат.

Ваххабийлик идеялар сунний мусулмандарынын өтө эскичил түшүнүктөрүнө негизделген. Бирок бул идеялар өтпөй калган маалда, Сауд Арапстан падышалыгындагы сүрөөнчүлөр колго тийген башка мүмкүнчүлүктөрдү да колдоно беришет. Ошентип, Египетте (Мысырда) алгач кулач жайган салафийлик кыймыл ваххабийлердин колу жетпеген жерлерге алардын эскичил идеяларын жайылткан кошумча “унаа” болуп берди.

Алар улам жаңы түргө ээ болгон вирус сыяктуу эле өз таасирин жайылтуу үчүн бардык аргаларды колдонушту. Индонезиядагы байистүү мусулмандардын улуу муундарынын көз карашын өзгөртө албай койгон шартта, эскичилдер улам жаңы муундардын көңүлүн өзүнө имерүү максатында “даават” (таза исламга үгүттөп чакыруу) деп аталган кыймылды ийкемдүү пайдалана башташты.

Индонезияда секулярдык өкмөт исламчыларга мамлекеттик башкарууга, б.а. саясатка кийлигишүүгө бөгөт койгон чакта, дал ушул “даават” ыкмасы калайыктын бир бөлүгүн болочокто шариятка негизделген мамлекетти куруу идеясына тынч жол менен ынандыруу стратегиясына кызмат кыла баштады.

“Дааватчылык” жөн гана исламга чакырып үгүт айтып коюу менен чектелбейт. Индонезия тажрыйбасы көрсөткөндөй, дааватчылык кыймылы ар кандай мусулманды же расмий жана расмий эмес мекемени ар кыл ишмердик түрү боюнча “түздөп багыттоого”, алардын ишине кийлигишүүгө түрткү болот.

Дааватчылыктын жетекчилери өз тарапкерлерин башка диндегилерди жана исламдагы башка агымдарды (шийилер, исмаилийлер, ахмадийлер ж.б.) мындай кой, байистүү сунний имамдарга каршы да айыгыша каршы чыгууга шыкакташат. Ал эми айрымдары бул башка диндегилерге же “өз дининин тазалыгына шек келтирди” делген башка мусулман агымдарына өздөрүнүн чыгып сүйлөөлөрү аркылуу гана сын айтса, алардан тарбия алып, бирок ашынып (радикалдашып) кеткендери куралдын, жардыргыч заттын, террордун күчү менен өз өктөм режимин орнотууга далаалат кылышат.

Эгерде башка өнүккөн өлкөлөр Индонезияда өнөр жай тармактарына, илим жана технологияга инвестиция киргизсе, ал эми Сауд Арапстан мындагы дааватчылык борборлорду чыңдоого, жана секулярдык сабактар, илим жана техника, Индонезиянын тарыхы, жергиликтүү тилдери эч үйрөтүлбөгөн исламдык университет аталган жана башка диний окуу жайларды түптөөгө каражаттарды күргүштөттү.

Андай агартуу мекемелеринин арасында борбор шаар Жакартадагы ЛИПИА (Lembaga Ilmu Pengetahuan Islam dan Bahasa Arab –– Индонезиядагы исламдык жана арап коллежи) деп аталган жана Сауд Арапстан түздөн-түз каржылаган жогорку окуу жай бар. Ал эр-Рияд шаарындагы Имам Мухаммед ибн Сауд атындагы ислам университетинин бөлүмү (филиалы) болуп саналат. Бул окуу жайда “Мусулман агайындар” кыймылынын өкүлдөрү, салафийлер, ваххабийлер дарс окушат жана Индонезиядагы башка диндеги калайыкка жана байистүү исламдык көз карашка жек көрүү сезими калыптандырылат.

"2018-жылкы Азия оюндарынын" жабылыш аземи маалындагы фейерверк. Жакарта. 02.9.2018.
"2018-жылкы Азия оюндарынын" жабылыш аземи маалындагы фейерверк. Жакарта. 02.9.2018.

Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына Сауд Арапстан каржылаган бул сыяктуу диний мектептерде жана окуу жайларда таалим алуу үчүн гранттар берилип, бекер окуу, бекер жатак мүмкүнчүлүгү сунушталып жатты. Бирок мында таалим алгандарда индонезиялык атуулдук сезим калыптанбастан, эскичил диний түшүнүктөр басымдуу болуп жатты.

Мындай каржылоо акырындап өз түшүмүн бере баштаганы Индонезиядагы акыркы 4–5 жылдагы саясий окуялардан айрыкча айгинеленди.

Байтакты шаар Жакартанын 2014––2017-жылдардагы губернатору, дини боюнча протестант жана теги индонезиялык кытайлык болгон Басуки Чахая Пурнама (Basuki Cahaya Purnama; Basuki Tjahaja Purnama; анын “Ахок” деген эркелеткен ысымы да кеңири маалым) мырза 2016-жылы күзүндө шайлоо өнөктүгү маалында “жыландын куйругун” басып алгандай болду.

Ыйык “Курандын” Мединада Мукамбет пайгамбарга түшкөн делген “ал-Мумтахана” –– الممتحنة –– “Сынала турган (алиги айым)” аттуу 60-сүрөөсүнүн 7–9-аяттарында мусулмандардын башка диндегилерге карата сабырдуу болушу керектиги айтылган.

Тактап айтканда, бул аяттарда мусулмандарга эч кандай кастык сезимде жана душмандык иш-аракетте болбогон, айкөл жана адилет кайырдиндегилер менен мусулмандар дурусураак карым-катнашта болушу мүмкүн экендиги таасын белгиленген. Ал эми диний көз караштын айынан мусулмандар менен согуш жүргүзүп, момундарды үйүнөн кубалап, алардын бозгунга кетүүсүнө себепкер болгондор менен достошууга гана момундарга тыюу салынаары айтылган.

Караңыз (арапча түп нуска текст; 60-сүрөөнүн айрым аяттары): https://www.altafsir.com/Quran.asp?SoraNo=60&Ayah=8&AyahNo=8&NewPage=0&Tajweed=1&LanguageID=1

Орусча котормо жана түшүндүрмө (“ал-Азхар” университетинин диниятчыларынын варианты): https://quran.com.ua/tafsir/al-muntahab/60

Дал ушул аяттар ханафийлердин жана башка байистүү мусулмандардын башка диндегилерге карата сабырдуу жана бейпилдикте карым-катнаш курушуна тарыхый пайдубал болду.

Ал эми “Курандын” Медина шаарында Мукамбет пайгамбарга түшүрүлгөн делген 5-сүрөөсү “ал-Мааида” –– المائدة — “Дасторкондо”) деп аталат.

Мындагы 51-аятта “О, (Алла таалага) ишенгендер! Силер өздөрүңөргө калка катары иудейлерди (ал-йахууд) да, христиандарды (ан-насаараа) да албагыла! Алар бири-бирине үзөңгүлөш! Силердин араңардан кимде-ким алардын калкалоосуна таянып калса, анда ал –– ошолордун биринен болот. Чынында да Алла таала (жолунан) тайыгандарды туура жолго багыттабайт”, –– деп айтылган.

Караңыз (арапча түп нуска текст; 5-сүрөөнүн айрым аяттары): https://www.altafsir.com/Quran.asp?SoraNo=5&Ayah=51&AyahNo=51&NewPage=0&Tajweed=1&LanguageID=1

Орусча котормо жана түшүндүрмө (“ал-Азхар” университетинин диниятчыларынын варианты): https://quran.com.ua/tafsir/al-muntahab/5

Ыйык “Куранга” түшүндүрмө (тафсир) жазган байистүү диниятчылар ар дайым бул 5-сүрөөнүн 51-аятын 60-сүрөөнүн 7–9-аяттарындагы мазмун менен айкалыштырып түшүндүрүшөт да, момун мусулмандар өздөрүнө каршы ачык кастыкка барчу иудейлер менен христиандарга гана достук кол сунбашы керектигин, ал эми айкөлдүк кылган, жароокер, адамгерчиликтүү каапырлар менен мусулмандардын дурус карым-катнашты чыңдоосуна эч тыюу жоктугун баса белгилешет.

Басуки Чахая Пурнама

Кайра Индонезиянын борборуна келсек, 2016-жылы 27-сентябрда шаардын губернатору Басуки Чахая Пурнама байтактынын түндүгүндөгү “Миң арал” деп аталган аралдар тобунун аймагындагы калайыкка жаңы өкмөттүк долбоорду тааныштырып сүйлөп жатып, “Миң аралдын” айрым тургундары “Курандын” “ал-Мааида” сүрөөсүнүн 51-аятынын айрым түшүндүрмөлөрүн колдонгон кээ бир кишилердин коркутууларынын жана алдоосунун айынан өзү үчүн добуш бербей коюшу ыктымалдыгын айткан болчу.

Басуки Чахая Пурнама.
Басуки Чахая Пурнама.

Анын сөзү шаар бийлиги тарабынан YouTube интернет барагында толугу менен жарыяланган. Бирок бул тасманы Буни Йани (Buni Yani) аттуу бир университет окутуучусу кескилеп, өтө маанилүү бир сөздү алып салып, кайра интернетке чыгарганда, көптөгөн мусулман көрөрмандар борбор шаардын губернатору өз сөзүндө “Куранга” акаарат келтирди деп кабыл алышты да, шаар башчысына каршы бүткүл өлкөдө нааразылык жыйындар байма-бай өткөрүлө баштады.

Басуки Чахая Пурнама мырзаны өлтүрүп салуу чакырыктары да айтылды. Мусулман уламаларынын тобу аны өлкөнүн кудайга жана ыйык жайга шек келтирүүгө тыюу салган мыйзамын бузду деп айыптап чыкты.

2016-жылы 10-октябрда Басуки Чахая Пурнама калайык алдында өз сөзү кадыр-баркка шек келтирди деп эсептегендердин бардыгынан кечирим сурай тургандыгын айтып, анын эч кандай жаман ою болбогондугун, шаар башчы катары өзү мусулман калайыкка көп пайдалуу иштерди жүзөгө ашырып келгенин баса белгиледи. Андан тышкары “Миң аралдагы” тургундар анын сөзүн кол чабуу менен тосуп алышканын да эскертти.

Айтмакчы, Басуки Чахая Пурнама мырза диний ишенимге шек келтирди деген доо боюнча сот алдында жооп бере баштаганда, анын кыркылып-кесилбеген сөзүндө эч кандай катачылык болбогондугун белгилеп, тээ алыскы Австралиянын имамдарынын бири Мухаммед Тавхиди бул шаар башчысын коргоого өз көмөгүн сунуш кылып чыкты. Мусулман эмес киши деле мусулмандар басымдуулук кылган өлкөдө жетекчилик кызматтарды аркалайт деп айткан Тавхидинин өзүн да индонезиялык эскичил уламалар коркутуп-үркүткөнү маалымдалды.

Ошол 2016-жылдын күзү дааватчылыктын мөмөсү айгинеленген мезгил болду. 4-ноябрда Жакартага ал жайгашкан Ява аралынан гана эмес, башка да аралдардан демонстранттар учак, кеме, автобус жана башка унаалар менен жана жөө-жалаңдап келишип, Индонезиянын тарыхындагы эң ири нааразылык жыйынын өткөрүштү.

Мухаммад Ризык Шихаб

“Исламчы Коргоочулар майданы” (ИКМ, FPI) аттуу кыймылдын лидери Мухаммад Ризык Шихаб (Rizieq Shihab; 1965-жылы туулган) калайык алдында чыгып сүйлөп: “Ыйык “Куранга” акаарат келтиргендер жазаланууга тийиш. Биз каапырлардын лидерлерин четке кагууга тийишпиз”, –– деп Басуки Чахая Пурнаманы жоопко тартууга үндөдү жана бийлик элди укпай турган болсо, өлкөдө ыңкылап болушу ыктымалдыгын эскертти.

“Алла баарына улук!” “Биз ыңкылапка даярбыз” “Ахокко өлүм!” деген ураандар да чакырылды.

Индонезиялык саясатчы Басуки Чахая Пурнамага каршы мусулмандык нааразылык жыйынынын катышуучулары. Алдыңкы катарда солдон оңго: Мухаммед Арифин Илхам, Тито Карнавиан жана Мухаммед Ризык Шихаб. 02.12.2016.
Индонезиялык саясатчы Басуки Чахая Пурнамага каршы мусулмандык нааразылык жыйынынын катышуучулары. Алдыңкы катарда солдон оңго: Мухаммед Арифин Илхам, Тито Карнавиан жана Мухаммед Ризык Шихаб. 02.12.2016.

2017-жылы 9-май күнү Түндүк Жакарта райондук соту Басуки Чахая Пурнама (Ахок) мырзаны диний ишенимге акаарат кылгандыгы үчүн деп 2 жылдык мөөнөткө абакка кести. Анын жактоочуларынын “ал тек гана азчылык өкүлүнө карата саясий басынтууга жол бербөөнү көздөп, “Курандагы” аятка шилтеме жасаган болчу” деген жүйөөсүн сот четке какты.

53 жаштагы Басуки Чахая Пурнама 2019-жылы 24-январда Индонезия эгемендик күнү майрамына байланыштуу жаза мөөнөтү кыскартылып, эркиндикке чыкты. Эл аралык коомчулук аны Индонезиядагы ашынган динчилдикке каршы турган коомдук ишмерлердин бири катары кабыл алууда.

Айтмакчы, ИКМ лидери Мухаммед Ризык Шихаб өзүнүн жеңиштүү иш-чараларынын ыракатына көпкө чейин батууга жетишпеди.

Жакартадагы губернаторлук шайлоо өнөктүгүнөн көп узабай эле, Мухаммед Ризык Шихаб чоң чатак окуяга байланыштуу камакка алынаарда, 2017-жылы май айында өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болду.

Имиштерге караганда, бул диниятчы жана Фирза Хусейн (Firza Hussein) ысымдуу чоочун айым порнографияга каршы мыйзамга шек келтире турган жана жыныстык тема адепсиз түрдө козголгон деп шектелген электрондук каттарды бири-бирине жазышкан көрүнөт.

2006-жылы кабыл алынган порнографияга каршы мыйзамды Ризык Шихаб өзү колдоп чыккандыгы маалым. Эми бул мыйзамдын кылтагына кайра өзү илинип, 2017-жылы 29-апрелде шектүү катары сотко чакырылганда, Ризык Шихаб атажуртунан бозгунга кетүүгө үлгүрдү. Анын өлкөсүнөн ээн-эркин чыгып кетишине Меке менен Мединага “умрага баруу” шылтоосу көмөкчү болду.

Мурда Сауд Арапстан каржылаган ЛИПИАдан таалим алып, андан ары эр-Рияд шаарынан (Падыша Сауд университетинен) мусулмандык укук жаатында билимин улантып кайткан бул диниятчы үчүн Сауд Арапстандын борбору кайрадан баш паана берген жайга айланды.

2018-жылы Индонезиянын Сауд Арапстандагы элчилиги Ризык Шихабдын умра үчүн алган визасынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу анын бул өлкөдө кала берүүгө акысы жоктугун билдирди. Ошол жылдын ноябрында Сауд Арапстандын Индонезиядагы элчиси Ризык Шихабдын эр-Риядда кала берээрин, андагы эч бир мыйзамды бузбагандыгын билдирди.

Айтмакчы, ара-чолодо, 2012-жылдан тартып, Мухаммед Ризык Шихаб Малайзиянын Ислам университетинде (USIM) “Даават жана башкаруу программасына” ылайык докторлук диссертация жаза баштагандыгы айтылууда. Анын жазып жаткан иши “Сунна калкынын жана жамаатынын келип чыгышы жана бутактарынын айырмаланышы” деген темага арналгандыгы маалым. Илимий жетекчилери –– илим докторлору, индонезиялык Камалуддин Нурдин Маржуни менен нигериялык Ахмед Абдул Малик.

Мухаммед Ризык Шихаб Индонезияны таштап чыгып кеткенине карабастан, ал негиздеген дааватчылык уюму дагы эле өлкөдө ишмердигин улантууда. Эми Сауд Арапстандын бул уюмду түздөн-түз каржылоосу кыйындаганына карабастан, эр-Рияддын буга чейинки көмөгү бул уюмду бутуна тургузгандыгы, уюмдун жергиликтүү тарапкерлери ушул тапта кыйла тың экендиги айтылып келет.

Бул уюмдан тышкары да исламга жамынган айрым террорчул уюмдар Индонезияда тымызын иш-аракет кылууда. Алардын бири, “ал-Кайидага” таламдаш болгон “ыйык казатчылар” 2002-жылы Бали аралында ири террордук чабуул жасап, бул соккунун айынан 202 киши (көбүнесе туристтер) набыт болушкан. Бул жихатчылардын өкүлдөрү Ява аралынын чордонундагы “ал-Мукмин” исламдык интернат мектебинен таалим алышкан. Бул интернат мектепти 1972-жылы Сауд Арапстан падышасынын каржылоосу менен негиздешкен болчу.

Обама байистүүлөр тууралуу

Эми Барак Обама тууралуу бир-эки ооз сөз кыстара кетелик.

Өгөй атасы Лоло Суторо (1935––1987) индонезиялык болгондуктан, 6–10 жашында (1967–71-жж.) Жакартада чоңойгон Барак Обама индонезиялык тилди дурус өздөштүргөн экен.

АКШ президенти Б.Обама Жакарта университетинде. 10.11.2010.
АКШ президенти Б.Обама Жакарта университетинде. 10.11.2010.

АКШнын 2009––2017-жылдардагы президенти болгон Обама 2010-жылы Индонезияга келип кеткен. Кийинки сапарында Обама мырза өлкөдөгү байистүү исламдын ордун жана ролун кыйла тарыткан “арапташтыруу” (жергиликтүү тилде “Arabisasi”) жүрүмүнө өзүнүн кейигендигин билдирген.

Өгөй атасы менен энеси Стэнли Энн Данхэм (1942–1995) тээ 1980-жылы эле ажырашып кеткендигине карабастан, Барак Обама өгөй атасы тууралуу өзгөчө жылуу баалап, аны бир эле учурда ислам менен көөнө индонезиялык салттарды айкалыштыра алган, адептүү, токтоо, таалим-тарбиялуу индонезиялык байистүү мусулмандардын бири катары эскерет.

Тасма (орусча). Жакартада кеминде алты жардыруу болду. 14.1.2016.

Таажы вирусу жана таблигчилер

Индонезияда жаңы таажы вирусу козгогон COVID-19 илдетине чалдыккан алгачкы эки киши быйыл 2-мартта катталган эле. 29-мартта (жекшембиде) бул сан 1,285ке чыккан. Андан кийин алааматтуу илдетке кабылгандардын саны кескин өсө баштады.

Индонезиянын саламаттык сактоо министрлиги жаңы таажы вирусуна 20-апрелдин кечине карата 6,760 киши чалдыкканын маалымдады. Өлкөдө COVID-19 илдетинен 590 киши көз жумду, 747 киши айыгып чыкты.

Израилдеги айрым эскичил иудейлер, Пакистан менен Индиядагы таблигчилер өз өкмөттөрүнүн тилин албай коюп, бул жугуштуу илдетти тез таркатууга себепкер болушкандыгын мурдагы макалаларда айткан элек. Беларус президенти Александр Лукашенко да кенебестик мамилеси менен өз өлкөсүндө коомдук обочолонуу эрежесин киргизүүдөн баш тартып койгондугу да сынга алынып келет.

Ал эми Индонезияда көпчүлүк байистүү мусулмандар расмий Жакартанын коопсуздук чараларын күчөтүү чакырыктарын түшүнүү менен кабыл алышты.

Бирок бул өлкөдө да дааватчылыкка чакырган таблигчилер кырдаалга жоопкерчиликсиз мамиле кылышкандыгы баяндалууда.

Маселен, 2020-жылы 19-мартта Индонезиянын Түштүк Сулавеси аймагындагы Гова шаарында таблигчилердин ири чогулушу өткөрүлмөк болчу. 18-мартта бул шаарга 8,600дөн ашуун таблигчи келди, алардын жарымынан көбү –– өлкөнүн алыскы ар кыл аймактарынан жана Сауд Арапстан, Тайланд, Малайзия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн келишкен.

(Ал эми 2020-жылдын 27-февралынан 1-мартына чейин Малайзияда өткөрүлгөн таблигчилер жыйынына 16 миңдей киши катышкан эле. Куала-Лумпурдун чет жакасындагы бул жыйынга катышкандар ошол күндөрдөгү өлкөдөгү таажы вирусуна чалдыккандардын үчтөн экисин түзгөн.

Малайзия өкмөтү жалпы улутка эки апталык кыймылды чектөө тартибин жарыялаган күн. Куала-Лумпур. 18.3.2020.
Малайзия өкмөтү жалпы улутка эки апталык кыймылды чектөө тартибин жарыялаган күн. Куала-Лумпур. 18.3.2020.

Индиялык таанымал таблигчи, шейх Мавлана Ибрахим Девла (Maulana Ibrahim Dewla) Малайзиядагы таблигчилер жыйынан соң Индонезиядагы чоң жыйынга катышуу үчүн келгендердин арасында болгону “Фейсбукта” таблигчилер тарабынан кабардалды).

Говадагы жыйындын иргесинде илинген дааватчылык үгүт маалыматтарынын биринде “Бул дүйнөдө алчу ыракат аркы дүйнөдөгүгө салыштырмалуу өп-чап гана санда болот” деп жазылганын “Рөйтерс” кабар агенттигинин кабарчысы маалымдады.

Диний карта менен ойноого тырышкан индонезиялык саясатчылардын бири, ардагер генерал Гатот Нурмантйо (Gatot Nurmantyo): “Мечиттер ар кандай алааматтардан коргоп кала алчу өзгөчө коопсуз жайлар экендигин мусулмандар унуткарып салышыптыр”, –– деп жазып чыкты. Анын “Инстаграмдагы” барагын жарым миллиондой киши издеп окуйт.

Арийне, Гова шаарында 19-мартта өз ишин баштоого тийиш болгон бул ири жыйын Индонезиянын секулярдык бийлигинин талабы менен өткөрүлбөй калды да, сырттан келгендер кайра учак, кемелер аркылуу өз жерлерине кайта башташты.

Бирок өкмөт талаптарына баш ийбей койгондор (саботажчылар) бул өлкөдө да болбой койгон жок. 20-мартта, жума күнү, Батыш Жакартадагы ири жамы мечитке 200дөн ашуун киши жума намазга чогулду. Алар Индонезия жумуриятынын бийликтеринин таажы вирусунун коркунучуна байланыштуу жума намазга чоң мечиттерге котолоп жыйылбай туруу чакырыгына ачык саботаж кылышты.

Алардын ичинен үч мусулман таблигчи (бири – Түндүк Суматрадан, экөө – Ачех вилайетинен) таажы вируска чалдыккандыгы аныкталды. Жамы мечитте жалпысынан 106 индонезиялык жана 102 чет өлкөлүк таблигчилер (арасында 5 палестиндик арап) болгон. Бул тууралуу Жакарта шаарынын аскерлеринин башкы колбашчысы, генерал М. Салих маалымдады.

Индонезиянын куралдуу күчтөрү Батыш Жакартадагы жамы мечиттегилерди качырып жибербестен курчап калып, 28-марттан тартып чет-четинен бийик кабаттуу он имараттан турган “Висма” атлет сарайына жеткирип, өзгөчө карантинге алышты. (Бул спорттук жайда 2018-жылдагы Азия оюндарынын айрым мелдештери өткөрүлгөн болчу).

Индонезиялык адистердин айтымында, өкмөт шалаакылык кылып койду. Борбордук жана жергиликтүү бийликтердин иш-аракетиндеги чар-жайыттыктар, бири-бирине шайкеш келбеген кадамдар да терс ролду ойноду.

Индонезиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө мекемесинин башкы деректири Ахмад Йурианто мырза быйыл март айынын башында “илимпоздордун маалыматы калайыкты дүрбөлөңгө салууга гана жарамдуу болгондуктан”, алардын таажы вирусу тууралуу сөздөрүн эске албай коюуга болот деп билдирген. Ал эми саламаттык сактоо министри Тераван Агус Путранто болсо кудайга жалынып, дуба кылуу аркылуу өлкөнү COVID-19 илдетинен сактап калууга мүмкүн болду деп айтканы эсте.

Индонезиянын калк саны 260 миллион 357 миңден ашат.

Ал эми таажы вирусунун бар же жоктугу боюнча тест 7-апрелде карата болгону 11,500 кишиге, 18-апрелге карата болгону 40,000 кишиге гана жүргүзүлгөн.

Бул –– деңиздеги тамчыга тете. Адистер эми 23-майдын айланасында орозо айт майрамы менен байланыштуу өлкө ичинде саякаттар күчөсө, алааматтуу илдет ого бетер тездеп жайылат ко деп чочулап жатышат. Алар Индонезия өкмөтүнөн сырткы байланыштарга гана эмес, 6 миңдей ар кыл көлөмдөгү аралдарды камтыган ички саякаттарга диний майрам учурунда да убактылуу тыюу салуу, карантин эрежелерин катаалдатуу талабын айтышууда.

Кыргызстан өңүтү

Соңку жылдары Кыргызстанга жана андан чет өлкөлөргө дааваттарды уюштурган Пакистандагы жана Индиядагы таблигчилердин мекемелери да өз учурунда Сауд Арапстандан каржылык көмөк алып келишкен. Таблигчилер менен салафийлер да бул өлкөлөрдө деле сөз жүзүндө “саясатка эч кийлигишпейбиз” деп келишет.

Бирок алар Кыргызстанда курулушту каржылоого кызыкдар депутаттар аркылуу дээрлик ар бир кыштакта жана шаарларда бир нече мечит курдурушту жана Жогорку Кеңеште мечит бөлмөсүн ачтырышты. Өлкөдө ар кыл диний агымдагы адабияттын түрлөрү кеңири жайылтылууда (алар исламдан башка диндерге да тиешелүү). Ар кыл диний университеттердин бөлүмдөрү же факультеттери негизделди. Мурдагы мамлекет башчыдан бери жамы мечит курдурганына мактанышты.

КТМУнун –– секулярдык университеттин кампусунда (шаарчасында) ири жамы мечит курдурулду. Таблигчилер өз жактоочуларын чет өлкөлөргө (ал түгүл бутпарастык Монголияга да) дааватка жиберүүгө шыктандырышты.

Тынч жол менен жигердүү дааватчылык жүргүзүүнүн натыйжасында Кыргызстандагы калайыктын басымдуу бөлүгүн өздөрүнө имерип алган соң, болочокто ваххабийлердин жана салафийлердин тымызын эмиссарлары секулярдык бийликтен исламчыл динчилердин саясий партиясын түзүүгө уруксат кылгыла, шариятты башкы мыйзам жарыялагыла деп талап кылып чыгышы ажеп эмес. Эмитеден эле алардын өкүлдөрү Ферганада жана Борбордук Азияда халифат түзүү керек деген идеяларды интернеттин коомдук тармактарында ачык жаза башташты.

Борбордук Азиядагы исламчылардын өтө ашынган өкүлдөрү 1990-жылдардын акырынан тартып Ооганстанда, кылым башынан тартып –– Ирак, Сирияда “ыйык согушчу” ("жихадчы") деп өздөрүн атап, секулярдык мамлекеттерге каршы күрөшкөн жоочулардын айыгышкан уруштарына курал кармап катышкандыгы маалым (алардын арасында кыргыздар да болду). Ушулардын бардыгы оболу тынч делген саудиялык, пакистандык ж.б. келгин үгүтчүлөрдүн мурдагы ханафийлик салттарга сыйбаган эскичил, сабырсыз идеяларга жык дааваттарына кулак салышкан.

Индонезиянын ачуу-таттуу, оош-кыйыш сабагын, демек, Кыргызстандагы айдыңдык мамлекеттик системаны сактап калууга жана чыңдоого кызыкдар мекендештер астейдил үйрөнүүгө тийиш.

P.S.

Макалабыздын башын окуп эле “автор ислам динине каршы экен” деген ойдон улам андан аркы маалымат менен таанышуудан баш тартчулар болбой койбостур.

Ал эми чыдамкайлык менен макаланы этегине чейин окуп берген замандашыма айтаарым: дээрлик он бир кылымдан бери (б.а. X кылымдын ортосунда исламды ыктыярдуу кабыл алган Карахандар каганатынан бери) Кыргызстанда өкүм сүргөн суннийлик исламдагы салттык ханафийлик агым биздин демократиялык, көп этностуу, көп диндүү, айдыңдык (секулярдык; орусча “светский”), көп партиялуу жумуриятыбызда атуулдук коомду ынтымак менен чыңдоого андан ары салым кошо берээринде шек жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG