Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

«Таблиги жамааттан» чыккан татаал маселе


«Таблиги жамаат» уюмунун Пакистандын Райвинд шаарчасындагы ири жыйынынан кайтып бара жаткан өкүлдөрү. 13-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда ишмердигин кеңири жүргүзүп жаткандыгы жоромол кылынган жана баш кеңсеси Пакистанда жайгашкан «Таблиги жамаат» уюмунун диний үгүтү секулярдык мамлекетке коркунуч келтирбейби? Дин маселелерин иликтеген адистин блогу.

Соңку окуялардан улам Кыргызстанда мусулман коомчулугунун айрым топторуна карата көз караш бир аз өзгөрө түштү. Буга айтылуу жаңы таажы вирусунун умра сапарынан жана чет элдик дааваттан кайткандар ж.б. аркылуу өлкөгө кирип келгендиги себеп болду. «Таблиги жамаат» уюмунун көп кишилер жыйылган чогулуштары да дал ушул өңүттөн кескин сынга калды.

Бирок бул көрүнүш жалаң эле биздин өлкөдө эмес, тийиштүү жамааттын иш-аракетинен жабыркаган башка өлкөлөрдө деле катталды.

Мунун уландысында сын-пикирлер күчөп барып, «дааватка тыюу салыш керек» дегенге чейин жетти. Менимче, кандайдыр бир жамаатка же топко карата баа берүүдө алардын күңгөй-тескейин толук талдоо эбегейсиз мааниге ээ.

Айрым адистердин тыянагына караганда, «Таблиги жамаат» уюму тууралуу тыянак дааватчылардын соңку кырдаалдагы катасынан таптакыр көз каранды болбошу керек. Маселен, Нарын, Ысык-Көлдө Индия менен Пакистандан келген бир-эки дааватчынын жергиликтүү бийликке баш ийбей карантин эрежелерин четке какканы бул жамаатка карата бир жактуу чечимге негиз болбошу керек. Бул - жеке пенделик кемчилик катары гана көрүлүүгө тийиш. Жагдай андан кыйла тереңирээк талдоону талап кылат, дешет алар.

Жалпысынан алып караганда, маселе кандайдыр бир жамаат, топ, тарикат, молдоке, ажыке же мечит же башка диндеги ибадаткана менен чектелбейт.

Маселе жамаатка тыюу салуу, молдокени сүйлөтпөй коюу, мечитти жаап салуу менен чечиле турганчалык жөнөкөй эмес. Эгерде биз дин жаатындагы аң-сезимди жогорулатпасак, бул маселе кайсы бир жамаат, мечит, молдоке, чиркөө, синагога менен чектелбеген жаңы мүшкүлдөрдү пайда кылып, улам жайыла бериши турган кеп.

Демек, маселе - калкы көп динге ишенген секулярдык мамлекеттеги кырдаалдагы аң-сезимди туура таразалоодо.

Диний аң-сезим

Негизи, ислам дүйнөсү соңку бир канча кылымдан бери кризисте экендиги чындык. Албетте, мунун бир топ себептери бар. Бирок негизги себеби катары Ренессанстан (орто кылымдардагы кайра жаралуу доору) башталып, гүлдөп өнүккөн Батыш маданияты менен тең ата эсептеше алган заманбап ислам маданиятын түптөй албаганыбызды айтсак болот.

Бүгүн мусулман коомчулугу катары биздин жүзүбүздү кызарткан көрүнүштөрдүн баары убагында гүлдөп өнүккөн ислам маданиятын аксатып алганыбыздын натыйжасы болуп жатат. Так ушул себептүү, бүгүн ислам динине караштуу ондогон, балким жүздөгөн агым, окуу, жамаат болгону менен баарынын дарты дээрлик окшош эле.

Бүт маселе - илим-билимден, сынчыл ой жүгүртүүдөн оолак калганыбызда...

Алсак, Ирандагы шииттердин эң негизги өзгөчөлүгү катары белгилүү диний жол башчыларын (аятолла сыяктуу имамдарын) «ыйыкташтырганын», мифтештиргенин айтууга болот. Адамдардын ортосундагы мамилени жөнгө салган укуктук жана адептик нормалар жамаат лидеринин оозунан чыккан норманын жанында көп деле маанилүү болбой калган мындай чөйрөдө эмнелер гана болуп кетиши мүмкүн экенин окурмандын ой жүгүртүүсүнө таштаган оң деп эсептейм.

Бул абал сунниттерде деле ушундай. Мисалга, Түркияда ондогон тарикаттын (уюшкан диний агымдардын) жигердүү иш алып барып жатканы бир чындык. Адамдардын диний сезимдерин колдонуу аркылуу бир топ жаман иштерди кылуу - илим-билимге, өзгөчө сынчыл ой жүгүртүүгө, философияга каршы турган агымдардын негизги өзгөчөлүгү болуп калган. Булардын катарын Индия, Пакистан, Ооганстан, балким келечекте Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөгү уюшкан диний топтор да толукташы мүмкүн.

Бул мааниде Кыргызстан салыштырмалуу бир кыйла артыкчылыкка ээ. Анткени бул аң-сезим баш бербей турган даражага жете элек. Учурду туура пайдаланып, диний аң-сезимди туура нукка буруп кала алсак, анда Борбор Азиядагы мусулман өлкөлөргө өрнөк болуп бергенге шарт түзүлмөк. Коомдук жашоо шарттын жакшырышына зор салым кошкон диний аң-сезимдин жаралышы эл аралык деңгээлде олуттуу мааниге ээ болуп калгандыгы маалым.

Бизде абал кандай?

Албетте, «Таблиги жамаат» уюмунун Кыргызстандагы абалын жогоруда купуя айтылган жамааттарга теңөө туура болбойт деп эсептеген адистер да бар. Алардын оюнда, дааватчылар кичи пейил, кечиримдүү болуу, ичкиликке берилбөө, жалган сүйлөбөө сыяктуу күнүмдүк турмушту тикелеп турган адеп-ахлак баалуулуктарын бир топ кишиге сиңирүүдө аз болсо да ийгиликке жетише алды.

Мындан сырткары, «бул жамааттын ачык-айкын түрдө элди көзгө илбеген, начар, адамды жийиркенткен кылыгын көрбөдүк» деп алар баса белгилешет. Бирок «Таблиги жамаат» уюму менен жогоруда сөз кылган жамааттардын орток өзгөчөлүгү - бир лидерге баш ийип, аны идеалдаштыруу жана ал лидердин иш-аракетин акыл менен логиканын элегинен кылдаттык менен өткөрбөө десек туура болчудай.

Буга мисал катары «Таблиги жамаат» уюмунун лидерлери тарабынан жазылган китептердеги илим-билимге, акылга, логикага сыйбаган бир топ түшүнүк, жоболор камтылганын көрсөтүүгө болот. Ким билет, илимди жетекчиликке албаган агым бир күнү келип жаңылыш дарекке же караңгы жашоого алып барбайт деп ким кепилдик бере алат?..

Дал ошондуктан бул уюмду сындагандар «Таблиги жамаат» уюмуна (башка айрым коңшу мамлекеттердегидей эле) Кыргызстанда да тыюу салыш керек деп сунуш кылышууда.

Айрым адистер болсо өлкөдөгү көп диндерди камтыган тармактагы ишмердүүлүк кандайдыр бир жамаатка караманча каршы туруу же колдоо эмес, тигил же бул диний уюмдун зыянга учураткан бөлүктөрүн түзөтүүгө багытталууга тийиш деп санашат. Бул үчүн «Таблиги жамаат» уюмунун өлкөбүздөгү өкүлүнө маселени кабыргасынан коюп, кеңешүү аркылуу алардын кемчилигин оңдоо жаатында акыл кошуу абзел, дешет алар.

Алар «Таблиги жамаат» уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн илимий жолго салууга, колдонмо китептеринен секулярдык мамлекеттик системага, илим-билимге, акылга, Курандын нукура рухуна төп келбеген жерлерин көздөн өткөрүүгө каршы болбосо керек деген ойдо.

«Таблиги жамаат» уюмуна тыюу салууну же анын ишмердигин реформалоону ислам динине кол салуу катары баалап, демагогия кылуунун эч кажети жок. Анткени акылга, логикага сыйбаган эч бир принцип Курандын принциби боло албайт. Бул чындыкты улуу ислам ойчулу Ибн Рушд XII кылымда эле, «Фаслу-л-макал» аттуу эмгегинде даана белгилеп кеткен.

Дааватка тыюу салуу керекпи?

«Таблиги жамаат» уюмунун мүчөлөрү деле биздин ага-ини, эже-карындаштарыбыз. Болгону аларды туура эмес жакка кайып бараткан түшүнүктөн куткарып калуу - эң туурасы болот. Аларга караманча каршы болуп тыюу салуу, менимче, туура арга болбойт. Учурда диний баалуулуктар менен жашаганга жанашкан жүз миңдеген мекендештерибиз бар. Булардын шыгын, кызыгуусун туура диний түшүнүккө багыттоо туурабы же ага (бир мааниде) чек коюп салсак утабызбы?

Тыюу сөзсүз түрдө каршылык жаратат. Бул - маселени чечүүнүн жолу боло албайт. Бул бир жараны дары коюп айыктыруунун ордуна, аны таңып, бекитип салуу менен жаранын айыгып кетээрине үмүт артканга окшош.

Мисалы, мамлекет «Таблиги жамаат» уюмунун ишмердигине канчалык жүйөлүү себептерден улам тыюу сала турган болсо деле, бул кадам жамааттагы калың катмар тарабынан «кооптуу диний түшүнүккө» эмес, «исламга каршы» кадам катары эле кабыл алына берет. Анткени «Таблиги жамаат» уюмунун мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү ислам тууралуу маалыматты бир гана даават жолу менен алгандыктан, «Таблиги жамаат» уюмунун ишмердүүлүгү жалпы исламга барабар деген түшүнүк калыптанып калган.

Совет өкмөтүнүн курамынан жаңы эле чыккан карапайым эл дээрлик бир эле каналдан дин үйрөнгөнгө кириптер болуп калганын эске алганда, бул абал түшүнүктүү эле болуп калат. Андыктан ыкластуу, ниети таза кишилерибизди туура эмес түшүнүктүн курмандыгы кылып албашыбыз керек.

Жыйынтыктап айта турган болсок, бул жердеги эң негизги маселе - «Таблиги жамаат» уюму эмес, жалпы мусулман дүйнөсүнүн жана көп улуттуу секулярдык мамлекеттин коомунун аң-сезими.

Биз бул аң-сезимдик кризистен азыраак насип менен диний маданиятыбызды оңдогубуз келсе, диний ой-пикирлерибизди, иш-аракеттерибизди илим-билимдин, акылдын, логиканын элегинен өткөргөнгө мажбурбуз. Бул үчүн эң биринчи кадам катары «Таблиги жамаат» уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө эч байланыштырбастан эле жалпы илим-билимдин, акылдын, логиканын жетекчилиги менен заманбап дин таануу багыттарын секулярдык мамлекеттин таламдарына ылайык жөнгө салуу зарыл.

Кыргызстандагы жарандык коом жалаң мусулмандардан турбай турганы да эске алынышы кажет.

Мына ошол жагдайды калыс таразалоо аркылуу гана коомдогу нукура диний баалуулуктарды «диний баалуулук сымактардан» арылтып алса болот.

Албетте, башка мамлекетте жашаган жана жалаң гана «халифат түзүү» идеясы менен оозанган диний агымдардын (Сауд Арабиясындагы, Пакистандагы, Индиядагы же Бангладештеги ж.б.) «көсөмдөрү» сызган, мазмуну боюнча секулярдык мамлекет идеясына каршы келген жолдон баш тартууга туура келет. Секулярдык демократиялык мамлекетти сактоо да заманбап ички дааваттын башкы ураандарынан болуусу кажет.

(Эскертүү: Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт)

COVID-19: Пакистанда чектөөлөргө баш ийбеген динчилдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (54)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG