Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Мырзаибраимов: Сакал - радикалдашуу күзгүсү эмес


Кыргызстан мусулмандарынын курултайы, 4-март, 2014.
Кыргызстан мусулмандарынын курултайы, 4-март, 2014.

Дин таануучу Самаган Мырзаибраимов Кыргызстан муфтийин шайлаган мусулмандардын акыркы курултайы мамлекет менен муфтияттын бирге кадам жасай аларын көрсөттү деп эсептейт.

“Азаттык”: Муфтияттын реформа жасоо аракеттерин мамлекеттик бийликтин диний кырдаал курчуп кетти деп көтөрүп жаткан маселесин жөнгө салууга салым кошо турган кадамдар деп эсептесе болобу?

Мырзаибраимов: Биринчиден, диний кырдаал өтө эле курчуп кетти деп айтуудан алыс болушубуз керек. Кээ бир учурлар гана байкалды. Ал массалык турдө деле эмес. Экинчиден, курултай чындыгында, эч болбосо мусулман коомчулугу менен мамлекеттин биргелешип таштаган кадамы катары көрүндү, чогуу иштегенге бир шарттар түзүлдү деп айтсак болот, бирок келечек көргөзөт .

“Азаттык”: Курултай мамлекет менен мусулман коомчулугунун өнөктөш боло аларын көрсөттү деп айтууга болобу?

Мырзаибраимов: Негиз бар. Себеби курултай жакшынакай өттү, экинчиден уставды даярдады, уставды даярдоодо дин комиссиясы менен чогуу иштегендиги да көрүнүп турат. Мурда да көптөгөн проблемаларды ушундай жол менен чечүү аракеттери болгон. Албетте кемчиликтер жок эмес, бирок салыштырмалуу жакшы деп айтсак болот баштагысына караганда.

“Азаттык”: Ошо сиз айткан көптөгөн проблемалардын ичинде дин радикалдашып кетти деген маселе, ажылыкка байланышкан маселе, анан диний билим берүүнүн чаржайыттыгына байланышкан маселе бар. Ушул үч багытта тең кызматташтык өз нугунда, өнөктөштүк шартында кетет деп ишенүүгө болобу?

Мырзаибраимов: Курултайда булар жөнүндө конкреттүү сунуштар болгон жок, бирок ажылыкты ачык-айкын, адилеттүү, объективдүү уюштуруу деген сыяктуу оозеки сунуштар болду. Системасы, механизми айтылган жок, аны менин оюмча, жакынкы күндөрдө айтып чыгышат го.

“Азаттык”: Бир жагынан муфтият, диний аалымдар мамлекеттин сунушуна макул болуп жатышат, мамлекет менен сиз айткандай, кандайдыр бир денгээлде тил табышуу бардай сезилип жатат. Ошол эле мезгилде бул бара-бара кандайдыр бир мамлекеттин тескөөсүнө айланып калбайбы?

Мырзаибраимов: Биринчиден, ачык түрдө мамлекеттин карамагына өтүшү мыйзам жактан да мүмкүн эмес, ал эми коопсуздук маселесинде мамлекет ансыз дагы милдеттүү, бирок антпеген учурда да муфтият өзү мусулмандардын укугун караганга аракет кылыш керек. Жанагындай белгилүү бир мазхабды жактап, башка мазхабдарды жактабай коюу сыяктуу аша чабуу азырынча байкалган жок, бирок мындай мүмкүнчүлүктөр болбойт деп үмүт кылышыбыз керек.

“Азаттык”: Азыр мусулман жамааттарынын баары бир тилде сүйлөшүп жаткандай сезилип жатат. Ошол эле мезгилде радикалдашуу бар деген кеп айтылып келатпайбы. Радикалдашкан жамааттар бар экени чын болсо алар көмүскөгө кирип кеткен жокпу?

Мырзаибраимов: Азыр радикалдашууну далилдей турган бир да факт жок да. Жанагы Таблиг жамаатынын, же дааватчылардын сакал коюп жүрүшү - бул радикалдашуунун күзгүсү эмес. Радикалдашуу болгондо саясий нукка бурулуп, конкреттүү талаптар коюла башташы мүмкүн эле, же болбосо мусулман эместерге болгон кандайдыр бир мусулмандар тарабынан басым жасалышы мүмкүн эле. Андай нерсе азырынча көрүнбөйт. Ошол биргелешип иштөө радикалдуулукка каршы иш-чара болуп эсептелет да.

Бирок кандай болгондо дагы Кыргызстанда чындыгында ар түрдүү жамааттар бар. Эми ошол жамааттар биргеликте иштеп кете алабы - муну мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG