Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 05:24

17-18-мартта Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен Австралиянын атайын саммити өтүүдө. Бул жогорку жыйынды утурлай Индонезия Түштүк-Кытай деңизин кайтарууну аймактын өлкөлөрүнө сунуш кылды. Кытай дээрлик баарын өзүнүкү деп санаган бул деңиздин бөлүктөрүн андан Түштүк-Чыгыш Азиядагы коңшулары талашып келет.

Австралия Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен атайын саммитти өз аймагында биринчи ирет тосушун талдоочулар ириде Кытайдын таасири күчөп бараткан шартта бул чөлкөм менен саясий жана соода байланыштарын бекемдөө аргасы катары баалашты.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы он мамлекеттин башын кошкон АСЕАН уюмунун бир мүчөсү Индонезия Түштүк-Кытай деңизинде алар тараптан да кайтаруу уюштурууну мына ушул саммиттин алкагындагы жыйында сунуштады. Индонезиянын коргоо министри Рямизард Рякуду 16-мартта Сиднейден буларды айтты:

- Түштүк Кытай деңизи боюнча мен АСЕАН өлкөлөрүнүн коргоо министрлерине деңиздин жака белиндеги мамлекеттер жээктен 230 чакырымга чейинки ичкери аймакты кайтаруусу керектигин айттым. Эгер биз Вьетнамдан Индонезия жана Филиппинге чейинки чек араны карасак, биз Түштүк-Кытай деңизинин дээрлик жарымын камтыган болобуз жана бул аймактарды азыр эле кайтарып жатабыз.

Австралия менен Индонезиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери. Индонезиянын коргоо министри Рямизард Рякуду (солдон эң четки).
Австралия менен Индонезиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери. Индонезиянын коргоо министри Рямизард Рякуду (солдон эң четки).

Индонезия - Түштүк-Кытай деңизине ээлик кылуу укугун соңку жылдары гана ачык айта баштаган өлкө. Маселен былтыр күздө расмий Жакарта бул деңиздин түндүк ыптасындагы сууларын эксклюзивдүү аймагы деп жарыялаганда Бээжин бул жарыяны дароо эле “маңызы жок” деп четке каккан. Ага дейре 2016-жылы Индонезия менен Кытай кемелери деңизде үч ирет тиреше кетип, ал учурларда эскертүү октору атылган эле.

Кытай акыркы кездери Түштүк Кытай деңизинин дээрлик бардык бөлүгү ага гана караштуу деген турумун бекем коргоодо. Буга кошумча Бээжиндин талаштуу деңизде жасалма аралдарды, алардын айрымдарында портту жана учак учуп-конуучу тилкени кошо курганы Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн жана Кошмо Штаттардын тынчсыздануусун жаратып келет.

Ушул апта башында эле Кытайдын аскерий илимдер боюнча академиясынын вице-президенти, генерал-лейтенант Хе Лей өлкөсү Түштүк Кытай деңизиндеги аралдарда коргонуу жабдууларын орнотушу бул деңиздин дээрлик бүткүл бөлүгүнө болгон суверенитетин көргөзүүсү үчүн зарылдыгын жашырган жок.

Ал эми тышкы иштер министри Ван И 8-мартта Бээжиндеги басма сөз жыйында төмөнкүлөргө токтолгон:

- Маселе Түштүк Кытай деңизиндеги тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого келгенде, Кытайдын чечкиндүүлүгү анын милдеттенмесиндей эле күчтүү. Кытай өз элинин тарыхын, аймактык тынчтыктын императивдерин, эл аралык укукту эске алып, Түштүк Кытай деңизи маселесине жоопкерчилик менен кароодо. Бул турумубуз бекем жана ырааттуу.

Кытай тышкы саясий мекемесинин башчысы Бээжин азыр АСЕАН өлкөлөрү менен Түштүк Кытай деңизиндеги жүрүм-турум кодексин даярдоону макулдашканын кошумчалап, бул эрежени эки тарап башкалардын кийлигишүүсүз, өз алдынча эле иштеп чыга алат деп ырастады.

Түштүк Кытай деңизинин маанилүүлүгүн талдоочулар ал аркылуу дүйнөлүк сооданын 40% жүрүп же жылына 5 триллион доллардык товар ташылаары, деңиз ошондой эле мунай-газдын коруна бай экендиги менен түшүндүрүшөт.

Филиппиндин Түштүк Кытай деңизине болгон укугун коргогон активисттер. Манила, 20-февраль, 2018-жыл.
Филиппиндин Түштүк Кытай деңизине болгон укугун коргогон активисттер. Манила, 20-февраль, 2018-жыл.

Деңиздин бөлүктөрүн Кытайдан АСЕАНга мүчө Филиппин жана Вьетнамдан башка Бруней, Малайзия да талашып келет. Кытай деңиздин кеминде 90% бөлүгүн өзүнө таандык деп санайт.

АКШ болсо Бээжин Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралдарда курулуш иштерин жүргүзүү, аскерий турумун чыңдоо менен эл аралык нормалар менен эрежелерди сактабай, коңшуларынын укугун бузуп жатат, деңиз аркылуу кемелердин эркин каттоосу камсыздалышы керек деп эсептейт. Анткени Кытайдын Түштүк Чыгыш Азия боюнча коңшуларында, АКШда деңиздеги кан жол буулуп калбайбы деген камтамачылык бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG