Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Карантин шартында Рамазан айы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзүндө 1,8 миллиарддай мусулман коронавирус жайылып жаткан убакта Рамазан айын белгилегени турат.

Мароккодон баштап Индонезияга чейинки өлкөлөрдүн айрымдарында катаал карантин чаралары киргизилген. Кээ бир мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү мечиттерди жаппай, сактык чаралары тууралуу эскертүү берүү менен гана чектелишти.

Мусулман өлкөлөрүндө COVID-19дан ажал тапкандар салыштырмалуу аз, бирок айрым бир өлкөлөрдөн илдет тууралуу так, ачык маалымат алуу мүмкүн эмес. Айдын жаңырганына карап 30 күндүк орозо кээ бир өлкөлөрдө 23-апрелде, айрым мамлекеттерде 24-апрелде башталат.

Пакистанда 22-апрелде аттуу-баштуу дарыгерлер өкмөт менен дин аалымдарына кайрылып мечиттерди жабууну, андагы жамааттык иш-чараларды тыюуну суранышты.

Пакистан.
Пакистан.

Пакистан медициналык ассоциациясынын баш катчысы Кайзер Сажид айрыкча Рамазан айында мечиттерге эл көп топтолсо оору көзөмөлдөн чыгып кетет деп кооптонорун айтты:

«Тилекке каршы биздин башчылар туура эмес чечим кабыл алышты. Биздин дин аалымдарыбыз олуттуу эмес мамиле кылышты. Алар адам өмүрүнө болгон мамилесин көрсөтүштү. Бул - коронавирус менен медицина кызматкерлеринин ортосундагы согуш. Баары муну түшүнүшү керек. Премьер-министр «сактыкка чара көрбөгөн мечиттер жабылат» деди. Өкмөт башчы мырза, ал убакта баары кеч болуп калат. Сиз муну бир жума же он күндөн кийин түшүнгөн учурда көптөгөн адам ооруканалардан орун таппай жүргөн болот, бир топ ооруканаларда керектүү жабдуулардын жоктугу өңдүү маселе жаралат».

Дарыгерлер өкмөт менен дин лидерлери макулдашып-такташкан, 20 жободон турган мечиттердеги сактык чаралары жетишсиз экенин эскертишет. Карачи шаарында ушул тушта коронавирус жугузгандарды дарылоо үчүн даярдалган ооруканалар толуп калды. Адистер оорунун кеңири жайылган учуру май айында башталарын белгилешет.

Пакистан - Индонезиядан кийинки эле мусулмандар эң көп жашаган дүйнөдөгү экинчи мамлекет. Расмий маалымат боюнча бул мамлекетте илдетти 10 миңден ашык адам жугузуп алды, 200дөн көп киши көз жумду.

Иран.
Иран.

Илдеттен эң көп жабыркаган Иранда бийлик мечиттерди жана мусулмандар үчүн ыйык деп саналган жайларды жапкан. Башында ушундай жайлардын айынан оору тарап кеткени айтылган. Президент Хасан Роухани айрым жайлар төрт айдан кийин ачылышы ыктымал экенин билдирди. Бирок өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жаңы вирустан улам Рамазан айы бүткөнчө жамааттык иш-чараларга тыюу салынышы ыктымал экенин айтты.

Расмий маалымат боюнча Иранда коронавирус жуккандардын саны 86 миң адамдан ашты. Оорудан 5400гө чукул киши ажал апты. Бирок бийликтин оппоненттери өлкөдө маалыматты таратуу көзөмөлдө болгондуктан бул сан анда канча көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.

Түркия.
Түркия.

Түркия, Египет жана Сауд Арабиясы өңдүү бир катар өлкөлөрдө мечиттер жабылган, диний аалымдар жарандарды намазды үйдө окууга чакырган. Ушул тушта бул өлкөлөрдө мечиттердеги диний жөрөлгөлөрдү онлайн көрсөтүлүп жатат.

Сауд Арабиясы Мекке жана Медина шаарларына зыяратчылардын келишин чектеген. Падышачылыктагы жогорку дин аалымдары «адамдардын өмүрүн сактап кудайга жакын болуш үчүн намазды үйдө окууга» чакырган.

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги Рамазан айында намазды мечиттердин сыртында окуса болот деген фатва чыгарган.

Ливанда, Иракта, Сирияда жана Египетте жарандар ооз ачар иш-араларына барышы үчүн коменданттык сааттын мөөнөтүн күн баткандан кийин жарым сааттан 1,5 саатка кеч баштоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Бангладеш.
Бангладеш.

Бангладеште болсо дин аалымдары бийликтен мечиттерде намаз окууга уруксат берилишин талап кылып жатышат.

Мусулмандар эң жыш жашаган Индонезияда бийлик жамааттык сапарларга тыюу салган. Адатта бул өлкөдө Рамазан айында жарандар өздөрү туулуп-өскөн шаар-кыштакка үй-бүлөсү менен айылчылашат. Адистер эгер сактык чаралары көрүлбөсө оору миллиондой адамга жугуп, ажал тапкандардын саны 200 миң кишиге чейин жетиши ыктымал экенин эскертип жатышат.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандарын саны 2,6 миллион адамдан ашты. Илдеттен 183 миңден көп киши көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG