Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Дин саясатынын салмагы сыноодо


Курман айт намазына чогулгандар. Бишкек, 2019-жыл, 11-август.
Курман айт намазына чогулгандар. Бишкек, 2019-жыл, 11-август.

Кыргызстанда дин жаатын тескеген укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу бир канча жылдан бери кечеңдеп жатат.

COVID-19 илдетинин таасири астында өлкө диний чөйрөдөгү саясатына тереңирээк көңүл буруу маселесин күн тартибине чыгарды. «Биз жана дин» түрмөгүндө ушул маселеге кайрылабыз.

Коронавирус Кыргызстанга диндар адамдар аркылуу тараган деген жүйөнү карманган Интернет колдонуучулар социалдык тармактарда динге байланышкан көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп жатышат. Алар өз ара дин туткандар, динге ишенбегендер, динди колдогондор менен аны сындагандарга бөлүнүшүп, ачык эле жаатташууга өткөндүгү таасын байкалууда. Бул талаш-тартыштар жана кайым айтышуулар дин темасында коомчулук арасында эки ача ой менен ажырым бар экендигин көрсөтүүдө.

Талкууга алынган негизги суроолор диний ырасымдарга тиешелүү болуп, умрага барууну чектөө, чет өлкөлөргө дааватка чыгууну тартипке келтирүү, диний билим берүүнү жөнгө салуу, диний объектилердин санын жана сапатын текшерүү сыяктуу маселелерге келип такалууда.

Мындан сырткары, динге байланышкан жалпы эле дүйнөдөгү тенденция, өлкөдөгү диний кырдаал, диний плюрализм менен сабырдуулуктун жетишсиздиги мамлекеттин дин чөйрөдөгү саясатын кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын күн тартибине чыгарды.

Эксперттик чөйрөдө дин жаатын тескеген мыйзамдар менен укуктук ченемдик актылар тез арада кабыл алынса, динге байланышкан көйгөйлөрдү чечсе болот деген ойлор көптөн бери айтылып келүүдө.

Саясат таануучу, Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев буларды айтты:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Өкмөт дин боюнча мамлекеттик саясатын жарыялады. Бирок бүгүнкү күндө аны так аныктай элек. Мага алар кайсы бир нерседен коркуп, чочулап тургандай сезилет. Эч ким өкмөттү катуураак чараларга баргыла, отургузгула деп чакырган жок. Мисалы, «Таблиги жамаат» боюнча ачык саясат жок. Кандайдыр бир кадамдар болушу керек да. Аларга катуу болбосо да уюштуруу жаатында талаптар болуп турушу зарыл. Адистер "таблигчилер" муфтияттын саясатына, көз карашына баш ийбей, өзгөчөлөнүп турган фактыларды айтып жатышат. Бул жакшы эмес. Мамлекеттик саясат бул жагынан такталып, өнүгүп, өсүшү керек».

Диний чөйрөдө базалык деп эсептелген «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын жаңыланган редакциясы 2017-жылы парламенттин эки профилдик комитетинин кароосунан өткөн. Бирок кээ бир беренелердеги тыюулар динчилдердин нааразычылыгын жаратып, «мамлекеттин репрессиялык маанайдагы мамилесин күчөтүп, радикалдашууга жакшы шарт түзүп бериши мүмкүн» деген коомдук пикирдин негизинде демилгечилер мыйзам долбоорун кайрадан чакыртып алган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Каныбек Ниязбаев чакыртып алуунун себебин мындай деп түшүндүрдү:

Каныбек Ниязбеков.
Каныбек Ниязбеков.

«Ошол убакта «дааватка тыюу салынат» деген берене бар экен түшүнүк коомдо аябай резонанс жараткан. Биз коомдо болуп жаткан нааразылыктарды эске алганбыз. Кээ бир ченемдер боюнча нааразылык болуп жаткандыктан, аны жеткире иштөө үчүн мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алуу демилгеси көтөрүлгөн. Коомдук пикирди эске алуу менен өкмөткө сунуш берилип, өкмөт мыйзам долбоорун кайтарып алган».

Кыргызстанда диний чөйрөнү жөнгө салган мыйзамды 1991-жылдын 16-декабрында Легендарлуу парламент кабыл алган. Ал постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан өтө либералдуулугу менен белгилүү болгон. 2008-жылдын 31-декабрында, арадан 17 жыл өткөндөн кийин мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Бул мыйзам 12 жылдан бери айрым оңдоп-түзөөлөрдү эске албаганда, олуттуу өзгөрүүгө туш боло элек.

2017-жылдын декабрь айында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дин жааттына тиешелүү болгон укуктук-ченемдик актылардын жаңы редакциясынын иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзгөн. Анын курамына мамлекеттик органдар жана түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, юристтер жана эксперттер киришкен.

Жумушчу топ дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамдын долбоорун даярдаган. Долбоор аймактарда коомдук талкуудан өтүп, кызыкдар тараптардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен кайрадан иштелип чыккан.

Мындан сырткары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы төмөндөгү укуктук-ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыккан:

  • «Диний билим берүүгө болгон укукту ишке ашыруунун тартиби жөнүндө». Долбоор 2019-жылдын 17-февралында өкмөткө киргизилген. Учурда өкмөттүн тиешелүү бөлүмүнүн кароосунан өтүп жатат.

  • «Көрүстөндөрдү диний таандыктыгына жараша бөлүү жөнүндө» колдонмо. Учурда мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатат. Өкмөттүн, Дин комиссиясынын расмий сайттарына коомдук талкууга койулган. Өкмөттүн кароосуна киргизиле элек.

  • «Мечиттерди куруу, ишин тартиптештирүү жөнүндө». 2018-жылдын жайында өкмөттүн кароосуна киргизилген. Жобо өкмөттөн кайтарылгандыктан учурда кайрадан оңдолуп, түзөтүлүүдө.

Юридика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлан Исмаилов эмне себептен иштелип чыккан документтер ушунча убакыт өтсө дагы кабыл алынган жок деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди:​

Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

«Диний окуу жайлары, көрүстөндөр боюнча жоболор иштелип чыгып, алардын бардыгы өкмөткө жөнөтүлгөн. Эмне үчүн булар боюнча өтө кеч, өтө акырындык менен кыймыл болуп жатканын өкмөт жетекчилигинен сураш керек. Себеби мыйзам долбоору, жоболор маанилүү мыйзамдык ченемдик актылар. Булар канчалык тез кабыл алынып, ишке ашырылса, диний багыттагы кээ бир маселелер иреттелмек».

Учурда өкмөттө тиешелүү процедуралык иштер жүрүп жатат деген жүйө менен парламентке киргизилбей жаткан мыйзамдын долбоору боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Каныбек Ниязбаев төмөндөгүлөрдү айтты:

«Мыйзам долбоору жеткире иштелип чыгып, 2018-жылдын декабрь айында кайрадан өкмөттүн кароосуна киргизилген. Өкмөт тарабынан өз регламентине жараша долбоор тиешелүү бөлүмдөрүнөн макулдашуудан өтүп жатат. Бирок азыркы абалга жараша убактылуу токтоп калды».

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын расмий иштөө мөөнөтүнүн бүтүшүнө үч айдан ашуун убакыт калды. Нурлан Исмаилов «депутаттар дин жаатындагы мыйзамды толугу менен кабыл жетишпейт» деп эсептейт:

«Азыркы учурдагы шартка жараша бул эле мыйзам долбоорунан башка Жогорку Кеңештин алдында көптөгөн иш-аракеттер турат. Бул маселелердин баары кийинки чакырылышка калды деген ойдомун. Мыйзамдын кабыл алынбай «көпүрөнүн» ортосунда калышы дин жаатындагы маселелерге өзүнүн чоң кедергисин тийгизет. Мындай аракет болбош керек. Өкмөт да, парламент да бир аз чабал эмес, ыкчамыраак кыймылдаса жакшы болот».

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев буларды айтты:

«Эгерде мыйзам каралып, кайсы бир деңгээлге чейин жетип, анан өкмөт кайтып чакырып алса, анын өзүнүн себептери болуш керек. Өкмөт ошол талаптарды аткарып, мыйзамды кайра киргизиши керек. Азыр маселе Жогорку Кеңеште эмес, маселе өкмөттө. Азыркы пандемиядан кийин каалайбызбы же жокпу, бирок бир топ нерсе диний чогулуштарга, диний зыяраттарга байланыштуу болуп калды. Мыйзамга ушул нерселер да камтылышы керек. Бул диний маселе болбой калды. Бул коомдук коопсуздук маселеси болот. Мамлекет менен диндин ортосундагы мамилени жалаң эле чакырыктар, билдирүүлөр, дин эркиндиги деген философиялык көз караш менен чектеген болбойт. "Баш мыйзамга жазылган дин эркиндигин ким, кандай жол, кайсы мыйзамдар менен камсыз кылат?" деген маселе ар качан күн тартибинде болушу керек. Эгер өкмөт, Жогорку Кеңеш позициясын ачык жарыялабаса, анда биз диний радикалдарга шарт түзүп берип жатабыз. Мындай нерседе көмүскө саясат болбош керек. Баарына бирдей талап кылып койсок, дин чөйрөсүндө жүргөн атуулдарда тандоо укугу пайда болот».

2014-жылдын 4-сентябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими боюнча «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдагы «диний уюмдардын түзүүчүлөрү болгон 200 адамдын тизмеси жергиликтүү кеңештер менен макулдашылууга тийиш» деген норма жокко чыгарылган. Мыйзамдын жоболорун конституциялык принциптерге ылайык келтирүү максатында 2019-жылдын 13-ноябрында Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG