Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Буддизмдин тарыхы менен өзгөчөлүктөрү


Индиядагы буддисттер.
Индиядагы буддисттер.

«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында дүйнөлүк диндердин эң алгачкысы болгон буддизм жөнүндө сөз кылабыз.

Будда окуусунун пайда болушу, идеологиялык башатын, анын агымдары менен дүйнө жүзүнө таралышын, Кыргызстандагы азыркы абалын иликтейбиз.

Жер шарындагы үч дүйнөлүк диндин эң алгачкысы – буддизм. Ал 2500 жыл мурда Индияда пайда болгон. Анын негиздөөчүсү - б.з.ч. VI-V кылымдарда Индияда жашаган Будда деген ат менен белгилүү Сиддхартха Гаутама.

Уламыштарга ылайык, Шакья уруу биримдигинин падышасынын уулу Сиддхартха Гаутама ханзадалык бакубаттан, шаан-шөкөттүү жашоодон өз эрки менен баш тартып, жашоонун чындыгын табыш үчүн такыба жашоону ыктыярдуу тандап алган. Атасы уулун мистикалык ой жүгүртүүдөн алаксытууга жана ага турмуштун жамандыктарын көрсөтпөөгө канчалык умтулганы менен анын баары натыйжасыз аяктаган.

«Жашоонун маңызы эмнеде?», «Эмне үчүн адамдар мынча көп азап тартышат?» деген суроолорго жооп табыш үчүн Сиддхартха хан сарайдан жашыруун чыгып кетип, жер кыдырган кечилдик жашоого өтөт. Ал көп жылдар бою такыба жашоодо жашап, көптөгөн кишилер менен таанышып, дүйнө таанымын кеңейтет. Бирок өзүнүн койгон суроолоруна эч кимден толук, өзүн канааттандырган жооп таба алган эмес.

Буддизм идеологиясына ылайык, Сиддхартха тунуу (медитация) учурунда аруулануу, нурлануу, көзү ачылуу, башкача айтканда Будда абалына жеткен. Мына ушул окуядан кийин ал башкаларга өзүнүн дүйнө таанымын, окуусун жайылта баштаган.

Будданын окуусу бир катар диний жыйнактарда камтылган. Алардын ичинен маанилүү орун «Трипитака» («Акылмандыктын үч себеби») деген китепке таандык.

Азыркы убакта буддизмди дин, философия, идеология, маданий компромисс, ал тургай жашоо образы катары да кароого болот.

Бул ишеним Чыгыш коомуна гана мүнөздүү болгон, өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү менен башка диндерден принципиалдуу түрдө айырмаланат.

Буддизм азиялык дин катары сыпатталып, анын жолун жолдоочулардын 99% Чыгыш Азияда жашайт. Бирма, Бутан, Лаос, Шри-Ланка, Жапония, Кытай, Тайвань, Корея, Вьетнам жана башка мамлекеттерде буддисттер басымдуулук кылат. Ал эми Таиланд, Камбоджа, Мьянма өлкөлөрүндө буддизм мамлекеттик дин болуп саналат. Индокытай жарым аралынын кээ бир өлкөлөрүндө буддизм дини жана этикасы дүйнөбий билим берүү мекемелеринин окуу программаларына да киргизилген.

Учурда дүйнө жүзүндөгү буддисттердин саны 700 миллионго жакын.

Дүйнөдөгү буддисттер регионалдык жана эл аралык бирикмелерге ээ. 1950-жылдан тартып буддисттердин «Бүткүл дүйнөлүк бир туугандык уюму» түзүлүп, иш жүргүзүүдө. Анын баш кеңсеси Баңкокто (Таиланд) жайгашып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө борборлору бар.

Ал эми Шри-Ланканы буддисттер үчүн ыйык деп айтууга болот. Бул шаарда жалпы буддисттер үчүн ыйык деп саналган бир катар храмдар, кечилканалар же алардын урандылары, буюмдар сакталып калган. Шаарга жыл сайын башка өлкөлөрдөн зыярат кылууга миңдеген буддисттер келип турушат.

Буддизм ишеними: космология жана мифология

Будданын өзү, анын шакирттери брахманизмдин ыйык тексттеринде иштелип чыккан сансара – кайра жаралуу принцибин, карма – жазмыш идеясын, дхарма – туура жол түшүнүктөрүн колдонушкан.

Буддизмде Кудайдын дүйнөгө, адам жашоосуна таасир этиши же болбосо адамдын жеке тагдыры сырткы күчтөрдөн көз каранды экендиги жөнүндө идеялар четке кагылат. Тагыраак айтканда, жамааттуулуктан четтеп, индивидуалдуулукка басым жасалат. Буддисттер адам жеке аракети менен сансарадан чыгып, тагдырын жана жазмышты өзгөртө алат деп ишенишет. Мындан сырткары коомдогу таптык, улуттук жана социалдык ар түрдүүлүк экинчи мааниде каралып, адамдарды Будда көрсөткөн жолго түшүүгө, өзүн-өзү өркүндөтүүгө, нравалык дараметине өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Буддизмдеги башкы максат - улам-улам кайра жарала берүүнүн чынжырчасынан чыгуу.

Буддизм мифологиясына ылайык, дүйнөгө 1008 Будда, болжол менен беш миң жылда бирден Будда жаралып келиши керек. Ар бир Будданын мыйзамынын (дхарма) өзгөчө күчү 500 жылга гана жетет, андан кийин ал күч акырындап алсырайт. Ал эми дүйнө кийинки Будда жаралганга чейин туңгуюкка, караңгылыкка чөмүлөт деп эсептешет.

Бул динге табынгандар Буддаларды ар дайым бардык нерселерден жогору турат, алар психикалык жактан башка адамдардын оюна кирип, адамдардын ар биринин касиеттеринин өзгөргөндүгүн билишет деп эсептешет. Учуп жүрүү, суу үстүндө басуу, көрүнбөй калуу сыяктуу кереметтүү күчкө ээ деп ишенишет.

Буга далил болуп, Гаутаманын ар кандай жаңы түрлөргө кубулгандыгы тууралуу окуялар «Жатакадада» Гаутаманын кереметтери жөнүндөгү аңгемелер жыйнагында баяндалган.

Буддалык космология көптөгөн дүйнөлүк системаларга бириктирилген, ага ишенгендер Гангадагы кум сыяктуу сан жеткис дүйнөлөр бар деп эсептеп, аларга таянышат. Дүйнөнүн борборунда айланта тоо кыркалары менен курчалган Меру тоосу, ары жагында төрт континент, алардын негизгиси болуп Жамбудвипа саналат дешет. Адата ал Индостан катары элестелет.

Кармалык дүйнөнүн – сансаранын алты чөйрөсүнүн экөө жердин алдында (тозок тургундарынын жана бабалардын рухтарынын чөйрөсү), экөө жерде (адамдар жана жаныбарлар), ал эми калган экөө асманда (кудайлар жана перилердин чөйрөсү) жайгашкан деп эсептешет.

Будданын окуусу

Буддизмдин негизги принциптери Бенарес осуяттарында камтылган. Будда материалдык байлыкка азгырылууну, жашоого кумарланууну жана ашкере такыбалык менен өз организмине ашыкча чектөө коюуну туура эмес деп эсептеген. Бул нерселерден баш тартуу менен Будда ички кунт коюуга, жогорку акылмандуулукка, арууланууга, нирванага алып келүүчү ортоңку жолду сунуш кылган.

Буддизм окуусуна ылайык, жашоо материалдык эмес бөлүкчөлөрдөн турат. Алар дхармалардын тынымсыз агымынын жана өз ара байланыштарынын натыйжасында пайда болот. Ар бир жаңы жашоо мурдагы жашоонун уландысы, тагыраак айтканда жашоо тынымсыз кайра жаралуудан турат. Ал эми кайра жаралуу карманын – жазмыштын мыйзамдарына баш ийет. Жашоодогу жүрүм-турумдун оң жана терс жактары кийинки кайра жаралуунун абалын аныктайт деп санашат.

Кайра жаралуунун түгөнбөгөн чынжырчасы (сансара же жашоо айлампасы) үзгүлтүккө учурашы мүмкүн жана аны үзгүлтүккө учуратууга бардык адам умтулушу керек. Бул абал нирванага (өчүү, тынч алуу, дүйнө менен дүйнө болуп эрип кетүү) жетүүнү түшүндүрөт.

Буддисттер ар бир тирүү жандык ар кандай абалда - рух катары, адам катары, жаныбар катары, кудай катары жаралыш мүмкүн деп ишенишет. Кайра жаралуунун айлампасынан чыгуунун эки шарты бар деп эсептешет. Биринчиси – «жогорку акылмандыкка» (мыйзамды билүү) ээ болуу, экинчиси – Будданын жолун жолдоо жана тунуу (медитация).

Ушул шарттарды аткарган буддист материалдык дүйнөгө көз каранды эмес ыйык адамга айланып, өлгөндөн кийин да нирванага жете алат деген пикирде.

Буддизм этикасындагы туура жүрүм-турум - «бирөөнү өлтүрбөө, тирүү жандыктарга зыян келтирбөө, ууру кылбоо, калп айтпоо, бузукулук жасабоо, башты айланткан, мас кылган ичимдиктерди жана башка каражаттарды колдонбоо» деген негизги принциптерге ылайык келиши керек.

Буддизмдеги агымдар

Тарыхый эволюциянын жана өнүгүүнүн негизинде буддизмде эки негизги багыт калыптанган. Алар хинаяна (кутулуунун тар жолу, чоң айлампа) жана махаяна (кутулуунун кең жолу, кичи айлампа) деп бөлүнөт.

Хинаянада кутулуунун жолу сангхага мүчө болуу аркылуу өткөндүктөн кечил болууга, жамааттык билимге басым жасалып, диний ырым-жырымдар жана жөрөлгөлөр салыштырмалуу жөнөкөй. Ашкере такыбалык хинаяна үчүн мүнөздүү көрүнүш.

Махаянада жөнөкөй адамдар (кечил эместер) кутуулунун жолун бодхисаттвалардын жетекчилиги жана жардамы аркылуу таба алышат. Ага ылайык сыйынуу, адам психикасы, анын жан дүйнөсү, аалам, космос, жогорку рухтар менен байланышып, ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр татаалдаштырылган.

Будда окуусу чань буддизм, дзен буддизм, ламаизм сыяктуу агымдардан турат. Булар бири-биринен адамдардын жашоо образы, көз карашы, нирванага медитация, йоганын жардамы менен кандай таризде жетүү өзгөчөлүктөрү, күнүмдүк убарагерчиликтен бошонуунун айрымачылыктары, устаттын (гуру), дубалардын жана тексттердин (мантра) ролу менен айрымаланып турушат.

Будда окуусундагы кечилдер

Буддизмде кечилдик өзүнчө өзгөчөлүккө ээ болгон институт катары белгилүү. Буддист кечилдери өтө зарыл болгон гана буюмдарга - кийим, кур, желпигич, устара, кайыр-садага чогултуучу идишке гана ээлик кыла алышат. Алардын оң колунан башка денесинин бардык бөлүгү кийим менен жабылып турат.

Кечилдер эртең менен күн чыкканда жана түштө эки жолу тамактанышат. Күндүн башка мезгилинде көчөлөрдө, эл көп кездешкен аймактарда атайын идишти кармап алып, кайыр чогултушат. Эч ким эч нерсе бербесе, өздөрү сурашпайт. Алар үйлөнбөйт. Аялдарга жолукканда беш гана сөз сүйлөгөнгө уруксат берилет. Желпигичти болсо аялзатынын көз карашынан жүзүн жашырыш үчүн алып жүрүшөт.

Будда кечилдери чачын, сакал-мурутун, ал тургай кээ бирөөлөрү каштарын да кырып салышат.

Кечилдик жашоонун өзү гана эмес, кечилдик статусту алуу да өтө оор. Талапкерликке 8 жаштагы балдар кабыл алынып, көп жылдар бою даярдыктан өтүшөт. Ар бир кечил ыйык китептердеги тексттерди гана жатка билбестен, анын түшүндүрмөлөрүн да жатка билиши керек. Мындан сырткары, кечилден чың ден соолукта болуу, күчтүүлүк жана чыдамкайлык талап кылынат.

Атайын даярдыктан өткөн, ата-энесинин уруксаты бар 20 жашка чыккан буддист кечилдикке кабыл алынат. Алардан башка бирөөнү өлтүрбөө, уурулук кылбоо, калп айтпоо, мас болбоо, үй-бүлө күтпөө жана аялзаты менен эч кандай байланыш түзбөө, түнкүсүн тамактанбоо, музыка укпоо, ырдабоо, кайыр-садагага алтын-күмүш албоо сыяктуу эрежелерди бекем сактоо талап кылынат.

Сыйынуу менен диний практикаларды аткаруу менен бирге кечилдер өзүн өзү өнүктүрүүнүн үстүндө тынымсыз иштешет.

Кыргызстандагы буддизм

Кыргыздар жана учурунда азыркы Кыргызстандын аймагында жашап өткөн элдер ар кандай диний ишенимдерди колдонуп келгени белгилүү. Чыгыш Теңир-Тоо, Чыгыш Түркстан аймагы байыртадан эле буддизм, христианчылык, манихейчилик, бакшылык жана теңирчилик тараган аймак болгонун түрдүү тарыхый булактар тастыктайт.

Айрым изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, Чүй өрөөнүндөгү буддизм маданиятына тиешелүү бир катар эстеликтердин табылышы жергиликтүү буддисттик жамааттардын Кытай, Түндүк Индия менен тыгыз байланышта болгонун да көргөзүп турат.

Учурда Кыргызстанда жападан-жалгыз «Чамсен» аттуу буддисттердин коому Бишкек шаарында иш жүргүзөт.

Бул коомдун жетекчиси Олег Цой жалпы эле өлкөдөгү буддисттердин ишмердүүлүгү, алардын сандык курамы, диний жөрөлгөлөрү, башка диндер менен болгон байланыштары боюнча мындай маалымат берди:

«Биздин коом 1994-жылы юстиция органдарында каталган. Анын улуттук курамын орустар, корейлер, кыргыздар, украиналыктар түзөт. Коомубузга мүчө болгон кыргыздар бир нече эле киши, басымдуу бөлүгү орус улутундагылар. «Чамсен» сөзү корей тилинен которгондо «эркиндикке чыгуу» деген маанини билдирет.

Кыргызстанда биз буддизмдин белгилүү бир багытын жактабайбыз. Учурда өлкөдө буддизмдин эки багыты өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Жапондук Ниппондзан Меходзи багытын будда кечили Дзюнсэй Тэрасава жетектейт. Ал дайыма жер кыдырып, көбүнесе Индияда болот. Кыргызстанга жылына 3-4 жолу эле келет. Бул жерде анын шакирттери менен жолун жолдоочулары бар. Бул мектептин Кыргызстандагы өкүлү - кечил Алексей Шмыгля. Алар Тоолуу Маевка айылындагы «Сапар Орду» деп аталган буддисттердин кичи ибадатканасында табынышат. Булардын сыйнуу жөрөлгөлөрү буддизмдин башка багыттарына окшош. Алсак, жыйындын чыгыш бөлүгүндө жайланышкан алтарь, чоң будда коңгуроосу бар. Негизги айырмачылыгы - алар барабан кагып, мантраларды окушат.

Мындан тышкары, Карма Кагью деп аталган дагы бир багыт бар. Алардын курамы 15ке жакын адам. Ал эми Ниппондзан багытына сыйынууга келген адамдарды санаган жокпуз. Сыйынуу жөрөлгөлөрүнө, Будданын туулган күнүнө, ушул мектептин түзүүчүлөрүнө арналган майрамдарга арналган иш-чараларга дайыма катышкан адамдардын саны 40-50 кишини түзөт, кээде 100 адамга чейин жетет. Өлкөдө буддизмди жактаган адамдардын так санын билбейбиз. 150 кишиге жакын деп боолголоп жүрөбүз. Биз адамдардын санын көбөйтүүгө умтулбайбыз. Себеби ал бизге эч нерсе бербейт.

Тоолуу Маевкадагы ибадатканага байланышкан бир эле түшүнбөстүктү эске албаганда, коомубузда башка диндер, алардын өкүлдөрү менен эч кандай чыр-чатак болгон эмес. Түшүнбөстүктүн башында турган киши ушул айылдын жашоочусунун тууганы болуп чыкты. Бул адам Ички иштер министрлигине «булар эмне менен алектенип жатканын тактагыла» деген мааниде кат жазып, бир канча убакыт териштирүү иштери жүргөн. Жыйындыгында бардык нерсе өз жайында болуп, мыйзам бузуу аныкталган эмес.

Негизинен буддизмдин негизги принциптеринде эч ким менен чатакташпоо идеясы, башка ишенимдерди жана диндерди сыйлоо орун алган. Буддизм ишениминин өзөгүнөн алып караганда да биз кайсы дин болбосун чатакташпайбыз. Карма мыйзамдарына ылайык, «эгерде чыр-чатак болсо, анда сен күнөөлүүсүң» деп айтылат. Ошондуктан бизде эч кандай чыр-чатак, түшүнбөстүк болушу мүмкүн эмес».

«Чамсен» коому - Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 1998-жылы эсептик каттоодон өткөн жападан-жалгыз буддисттик уюм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG