Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Кыргызстанда диний уюмдар көбөйдү


Кыргызстандагы ар кайсы диний конфессиялар менен уюмдардын өкүлдөрү жыйындардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ар кайсы диний конфессиялар менен уюмдардын өкүлдөрү жыйындардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда катталган диний уюмдардын саны 3319га жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2014-2018-жылдарга карата «Кыргызстан цифраларда» аттуу жаңы жыйнагында маалымдалды.

Анда белгиленгендей, 2014-жылы өлкөдө 2 600 диний уюм болгон жана беш жылда алар 719га көбөйдү. Басылмада маалыматтар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан алынганы белгиленет.

Былтыркы жылдын эсебиндеги 3319 диний бирикменин 2 910у ислам, 395и христиан, 12си жаңы диний ишенимдерге жана агымдарга тиешелүү. Иудаизм менен буддизм динин тутунгандардын бирден уюму бар.

Улуттук статистика комитети акыркы беш жылдагы социалдык-экономикалык жагдай, каржы-соода тармагы, калктын турмушу, медицина, тейлөө, билим берүү, туризм, коомдук уюмдар, бирикмелер жана башка тармактар тууралуу басылманы ар жылдын ортолорунда жарыялап турат. 2014-2018-жылдардын жыйынтыгы 2019-жылдын август айында жарык көрдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG