Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Олег Цой: Буддизм башка диндерди колдойт


Олег Цой.
Олег Цой.

Кыргызстандагы буддисттердин башын бириктирген “Чамсен” буддист уюмунун жетекчиси Олег Цой "Азаттыкка" маек курду.

Кыргыз эли буддизмге толеранттуу дин катары карап келет. Мьянмада болуп жаткан окуялар мусулмандардын буддизмге жана буддисттерге карата пикирин өзгөрттүбү? Кыргызстандагы буддисттер Мьянмадагы окуяларга кандай карашат?

"Азаттык": Олег мырза, алгач буддизм жөнүндө айтып берсеңиз.

Олег Цой: Буддизм бул дүйнөлүк негизги окуулардын, көз караштардын бири деп айтсак болот. Дүйнөлүк негизги төрт диний системанын катарына кирет. Буддисттер көбүнесе өздөрүн динчил деп эсептешпейт. Буддизмде диндин кээ бир гана элементтери бар. Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондон ашык буддист бар деп айтылат. Буддизм дүйнөдөгү негизги төрт диний системанын эң эскиси болуп саналат жана үч миң жылдык тарыхы бар.

"Азаттык": Кыргызстанда канча буддист бар же болбосо Кыргызстанда канча киши буддизмди карманат?

Индиядагы буддисттер
Индиядагы буддисттер

Олег Цой: Биз Кыргызстанда канча буддист бар экенин эсептебейбиз, себеби андай эсептин бизге кереги жок. Бул маселе боюнча буддизмдин туруму таптакыр башкача. Биз бар экенибизди, көп экенибизди же кандайдыр бир саясат жүргүзүп жатканыбызды көрсөтүүбүздүн кажети жок.

Биздин негизги саясатыбыз - башка диндерге жардам берүү. Биз тарапташтарыбызды, буддист уюмдардын санын көбөйтүүгө басым жасабайбыз. Бирок болжол менен Кыргызстанда буддизмдин активдүү жүз мүчөсү бар. Бул биз үчүн жетиштүү. Биздин негизги максатыбыз - элди үйрөтүү, жакшы жолго чакыруу жана түз жолго баштоо.

Кээде менден буддизм жөнүндө сурашат же болбосо буддизмге кызыгарын айтышат. Ошол учурда мен адамдын көз карашына, дүйнө таанымына карайм. Алардын кээ бирлерине "сиз христиан динине барсаңыз жакшы болот" дейм, ал эми кээ бирлерине "сиз мусулман болгонго ылайыктуусуз" деп айтам. Аябагандай аз сандагы кишиге мен "сиз буддизмди кабыл алганга даярсыз" деп айтам. Себеби буддизм негизинен интеллектуалдык диний багыт болуп эсептелинет жана көбүнесе ой жүгүртүүнү талап кылат. Ал эми көпчүлүк инсандар үчүн бар-жогу даяр болгон диний дүйнө таанымдар ылайыктуу. Алар кээ бир нерселерди аткарып койсо эле болду, башка аракет, ой жүгүртүү талап кылынбайт. Ошондуктан буддизм ой жүгүртүүнү каалабагандардын буддизмди кабыл алуусуна бөгөт койгон.

"Азаттык": Азыркы учурда Кыргызстанда буддизмге кайсы коомдук катмар көбүрөөк кызыгууда? Салттуу түрдө мусулман болуп келген адамдар да кызыгып жатабы буддизмге?

Олег Цой: Азыркы учурда буддизмге көбүрөөк жаштар кызыгууда. Көбүнесе шаардык жаштар буддизмге көңүл бөлүүдө. Бирок мен ачык эле айтып койойун, биз исламга жана мусулман жамааттарына каршы болгубуз келбейт. Себеби Кыргызстандын элинин көпчүлүгүн мусулмандар түзөт эмеспи. Биз жаштарга буддизмди көрсөтүүнү же аларды буддизмге тартууну эмес, алардын исламды жакшылап түшүнүүсүнө, үйрөнүүсүнө себепчи болууну каалайбыз.

"Мьянмадагы чатактан сабак алышыбыз керек"

"Азаттык": Мьянмада болуп жаткан окуялар кыргыз элинин буддисттерге болгон пикирин өзгөрттүбү?

Олег Цой: Интернетте айтылган, жазылган пикирлерге караганда элдин буддисттерге карата мамилеси мурдагыдай жагымдуу, сыйлуу болбой калды. Бул нерсе жалгыз эле Кыргызстанда эмес, мусулмандар көпчүлүктү түзгөн жана Азияда жайгашкан өлкөлөрдө байкалды.

"Азаттык": Мындай терс пикирлердин жайылышы сизде кооптонууну пайда кылдыбы?

Олег Цой: Жок, көп деле кооптонуу жок. Себеби буддизмге ылайык эгер кимдир бирөө бизге карата өзүнүн сын пикирин айтып жатса, анда биз бул нерсеге көңүл бурууга мажбурбуз. Ошондуктан өзүнүн көз карашын, сынын айткандар толугу менен туура нерсени айтышууда.

Ал эми Мьянмадагы окуялар жөнүндө айта турган болсок, бул татаал маселе деп ойлойм. Чындыгында бул окуяларга буддисттердин өздөрү да таң калышты. Эч ким мындай нерсени күткөн эмес. Ал жакта диндер ортосундагы эмес, негизинен диний түстөгү этникалык чыр-чатак болду. Албетте биз бул маселени изилдеп, талдап жатабыз. Бирок таң калычтуусу дүйнөдөгү негизги буддист өлкөлөр бул маселе боюнча өздөрүнүн турумун билдиришкен жок. Бир жагынан бул нерсе туура болушу мүмкүн. Эл өзү бул окуяларга баа берсин дешти окшойт.

Бул окуялар кийин дагы ушуга окшогон кагылышууларга жол бербеши үчүн буддисттерге сабак болду. Мьянмада мусулмандарды сындаган жана аларга каршы буддисттерди үгүттөгөн кечилди ал жердеги жергиликтүү буддисттер колдошпойт. Бирок массалык маалымат каражаттары ал кишини Мьянмадагы буддисттер колдойт дегендей кылып көрсөтүштү. Ал кечил кичинекей бир топтун эле кызыкчылыгын жактап чыкты. Ошондуктан жыйынтыктап айта турган болсок, чыр-чатактын чыгуусу бизге биз үйрөнө турган дагы көп нерсе бар экендигин көрсөттү.

Мьянма: мусулман качкындарынын агымы токтой элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:18 0:00

"Азаттык": Эксперттер Кыргызстанда жалгыз эле буддисттерге эмес, негизи эле башка диндин өкүлдөрүнө каршы кыжырданган, башка диндерди жактырбаган маанай пайда болуп жатканын айтышууда. Бул нерсе да сизди кооптондурабы?

Олег Цой: Бир жагынан алып караганда кээ бир мусулмандардын радикалдашып, чыдамсыз боло баштаганы мени кооптондурат. Бирок бул нерсе бизге күнөө өзүбүздө экенин көрсөтөт. Башкача айтканда себепсиз эч нерсе болбойт. Мындай терс көрүнүштөрдүн болушуна биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Баарыбыз бул нерседен сабак алышыбыз керек.

Эгерде кээ бир мусулмандардын кыжырдануусу кайсыл бир диний азчылыкка багытталган болсо, анда биринчи кезекте бул нерсеге ошол диний азчылыктар себепкер деп ойлойм. Анткени алар көпчүлүктү түзгөн мусулмандар менен тил табыша алган жок да.

"Саясатка аралашпайбыз"

"Азаттык": Мамлекеттик органдар менен мамилеңиздер кандай? Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен кызматташып турасыздарбы?

Олег Цой: Дин комиссиясы бизди негизинен колдойт. Анын үстүнө биз көп деле эмеспиз жана чоң деле ролду аткарбайбыз. Биз көбүнесе пайдалуу болгонго, жакшы нерселерди чагылдырууга, ынтымакта жашоо канчалык маанилүү экенин көрсөтүүгө аракет кылабыз. Дин комиссиясын сыйлайбыз жана мындай орган керек деп эсептейбиз. Себеби акыркы мезгилде көбөйүп жаткан чыр-чатак жана араздашуулар мамлекет тараптан жөнгө салынышы керек. Дин комиссиясы ушундай жумушту аткаруу үчүн аябай керек орган.

"Азаттык": Ушундай түшүнбөстүктөр көбөйгөн учурда буддизм бизге эмне бере алат? Саясат маселесинде да жаатташууга күбө болуудабыз.

Олег Цой: Будданын айткандарын карай турган болсок, ал өзүнүн насааттарында буддисттер саясат менен алек болбошу керек деп айткан. Ошондуктан биз саясатка аралашпайбыз. Бирок буддисттердин саясат боюнча негизги көз караштары жөнүндө айткым келет.

Буддизмге ылайык биз жашаган өлкө биз жараткан өлкө деп эсептелет. Тагыраак айтканда жамандыгы, жакшылыгы менен бул өлкөнү, дүйнө жүзүн биз калыптандырдык, бардык нерсе биз кылган нерселердин жыйынтыгы. Бирок көпчүлүк бул нерсени көргүсү келбейт жана сындашат. Чындыгында ошол туура эмес нерселерде биз өзүбүздү көрүшүбүз керек. Биз сындаган ошол туура эмес нерселер кайра эле бизди чагылдырат, бизди көрсөтөт. Алгач биз өзүбүздү сындашыбыз керек, өзүбүздү оңдошубуз керек. Биз сындаган ошол саясий абалга биз себепкербиз, себеби биз ошондойбуз. Өзүбүздү тааныбай, өзүбүзгө карабай туруп эмне үчүн башкаларды сындайбыз.

"Илимди таңуулабаш керек"

"Азаттык": Өзүбүздү тааныш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Олег Цой: Алгач саясий жараяндарга азыраак көңүл бөлүшүбүз керек. Мына азыр шайлоо жараяны өттү. Бул нерселерге басым жасоонун кереги жок. Митингдер жана башка нерселер абалды гана курчутат. Биз өзүбүздүн акылыбызды, оюбузду тынчтандырышыбыз керек. Ошондо биздин коом тынчтанат.

"Азаттык": Дүйнө жүзүндөгү башка буддисттер менен байланышып, катташып турасыздарбы?

Олег Цой: Көп деле байланышыбыз жок. Бирок Украинадагы, Казакстандагы буддисттер менен мамилебиз бар. Кээде Индиядан, Пакистандан, Орусиянын Алтай аймагынан келип турушат. Уксаңыз керек, кээде Кыргызстанга белгилүү кечил Дзюнсэй Тэрасава келип турат. Ал келген учурда дүйнөнүн төрт бурчунан буддисттер келип, мугалимге сый көсөтүп, жаңы нерселерди үйрөнүп кетишет.

Далай Лама
Далай Лама

"Азаттык": Эми жыйынтыктоочу сөздөрүңүздү уксак. Өзгөчө азыркы жаштарга кандай кеп-кеңеш айтар элеңиз?

Олег Цой: Илим бардык адамдарга ачык. Ким кааласа аны алат. Мисалы, ай дайыма жарык чачат. Ким айдын жарыгынан пайдалана алса, анда ал өзүнүн жолун таап кетет. Эгер кимде ким айдын жарыгынан пайдалана албаса, ал адашып кетиши мүмкүн. Айдын жарыгын, тагыраак айтканда илим-билимди таңуулоонун эч пайдасы жок. Ошондуктан кимде ким өзүнүн аракети менен айдын жарыгынан пайдалангысы келсе, ал каалаган нерсесине жетет.

Дагы бир нерсе жөнүндө айта кетишим керек. Өткөн жылы Он төртүнчү Далай Лама динчилдиктин мезгили өттү деп айткан эле. Чындап эле азыркы учурда адамдар белгилүү бир көз-караштардан, догмалардан эркин болушу керек. Азыркы тапта диний системалардын синтези жүрүүдө жана биз бул нерсени колдоого даярбыз. Мусулман, христиан деп бөлүнбөстөн адам баласы биригип бир коом болуп калыптануусу керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG