Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:52

Казакстан, Тажикстан өлкөлөрү экстремизм жана терроризм боюнча айыпталып соттолгондорду өзүнчө камерада кармоо ыкмасынан кайра кайтып жатышат.

Бул тууралуу экстремизм, терроризмди алдын алуу боюнча Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиялык конференцияда сөз болду. Кыргызстан экстремизм, терроризм боюнча соттолгондорду өзүнчө кармоо чечимин эки жыл мурун кабыл алган. Ошондуктан азыр Жаза аткаруу кызматы кандайдыр бир натыйжа чыгаруу эрте деген пикирде.

Түрмөлөрдө психолог жетишпейт

Кыргызстанда экстремизм жана терроризм беренеси менен соттолгон адамдар күчөтүлгөн режимде, атайын камерада кармалат. Аларга башка абактагылар менен сүйлөшүүгө тыюу салынган жана атайын конвойдун коштоосунда жүрүшөт. Бул аракеттердин бардыгы экстремисттер өз катарына башкаларды азгырып албоо үчүн көрүлгөн.

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

Бирок бул берене менен соттолгон адамдарды реабилитациялоо ишинде Жаза аткаруу кызматы жетишпей жатканын моюнга алууда. Экстремисттик идеологияга сугарылган адамга күнүмкүсүн күнүнө тарбиялык иштер өтүп турушу керектигин айтат ЖАМКнын тарбиялоо иштери боюнча башкармалыгын башчысы Максат Турпанов. Бирок өлкөдө каражаттын жетишсиздигинен ар бир түрмөгө болгону бир эле психолог каралган экен.

- Булар менен күнүгө иш алып барыш керек. Күнүнө психолог, теолог, дин таануучулар иштеши керек. Бизде болсо азыр Кыргызстан боюнча болгону 18 психолог түрмөдөгүлөр менен иштейт. Ал эми дин жаатындагы адамдар аптасына бир келсе келет, келбесе жок. Экстремизм менен соттолгондор эртеден кечке камерада отурушат. Ошондуктан бизге ЖАМКнын штаттык бирдигине теолог, имамдарды алышыбыз керек болуп атат.

Өзбекстандын тажрыйбасы

Терроризм, экстремизм беренеси менен соттолгондорду өзүнчө камерада кармоо ыкмасы коңшу Казакстан менен Тажикстанда дагы жайылган. Бирок бул жаңылыш чара болгонун Өзбекстандын Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү Бишкектеги конференцияда айтып, Өзбекстан бул натыйжасыз ыкманы башынан өткөргөнүн маалымдашты.

Аталган өлкөнүн Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Жамшид Султанов экстремизм менен соттолгондорду жалпы абактагылар менен бирге социалдык иш-чаралар аркылуу аң-сезимине өзгөртүү киргизүүдөн өтөөр ыкма жок экени далилденгенин айтууда.

- Биз аларды өзүнчө бөлүп кармоо менен, тескерисиче, туура эмес багыттагы диндин ашкере фанаты кылып салат экенбиз. Ошондуктан тажрыйба бизди өзүнчө бөлүп кармоодон түртүп, жалпы түрмөдөгүлөр менен кармоого алып келди. Аларга канчалык психологдор таалим өтпөсүн өз көз карашынан кайтпайт экен. Бирок биз түрмөдө экстремисттерди туугандары менен көбүрөөк жолугууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, психологдун сөзүн туугандары, аялы, балдары аркылуу айттырганда натыйжасын бере баштады. Экстремисттер туугандарынын сөзүнөн кийин туура эмес жолдо барып жатканын сезишет.

Казакстандык эксперт Куат Рахимбердин экстремисттерди өзүнчө төрт чарчыда камоо менен мамлекет өзүн өзү алдап жатканын айтат. Анан калса Кыргызстан менен Казакстандын мыйзамдары экстремизм, терроризм менен соттолгондорго карата өтө татаал чаралар каралып, бул абактагы экстремисттерди ого бетер күчтөнүүгө түртүп жатканын белгиледи:

- Экстремизм менен соттолгондор өздөрүн абакта эмес, туткунга түшкөндөй сезимде жүрүшөт. Алар канчалык оңолсо дагы жазасы жеңилдебейт, жалпы абактагылар менен чогуу кармоого которулбайт. Ушундан улам алар стимул болбой турганын билип, ого бетер кыжырданат. Мыйзам аларга кийин пенсия, жөлөк пул алганга уруксат бербейт. Бул түрмөдө көп жылын өткөргөнү аз келгенсип, картайганда жакыр жашоого түртүп жатат. Эл аралык тажрыйба гумандуулукту талап кылганы менен биз күч жолу менен басып чыңалууну күчөтүп жатабыз.

Эл аралык коомчулуктун сунушу

Конференцияны уюштуруучулардын бири - Бириккен улуттар уюму Кыргызстан экстремизм жана терроризм менен соттолгондорго карата түрмөдөгү шарттарды жакшыртууга үмүт артууда. БУУнун маңзат жана кылмыштуулук башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ашита Миттал буларга токтолду.

- Абактарда экстремизм менен соттолгондорду коомго коркунуч катары баалабастан, тескерисинче, элге пайда келтирүүчүлөр катары мамиле жасалышы керек. Ал үчүн продуктивдүү натыйжа боло тургандай иш жүргүзүү зарыл. Бул жаатта түрмөлөрдө экстремисттерди коомго максималдуу аралаштырып, түшүндүрүү иштери менен катар баарлашууну активдештирүү зарыл. Биз кыргыз өкмөтү мыйзамдарды эл аралык шартка шайкеш келтирип, кармоо шартын жакшыртууга кадам жасайт деп ишенебиз.

Кыргызстан экстремисттерди жалпы абактагылардан өзүнчө бөлүү тууралуу чечимди эки жыл мурун кабыл алган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров система азырынча туура жолдо баратканын, бирок анык натыйжасын көрүү үчүн дагы жылдар керектигин “Азаттыкка” айтты. Себеби эки жылдан бери жабык жайда кармалган экстремисттер азырынча эркиндикке чыга элек.

2016-жылы өлкөнүн жабык жайларында терроризм жана экстремизм беренеси менен соттолгон 170 адам кармалса, быйыл алардын саны 185ке жетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG