Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Абдирасулова: мамлекет террорчулардын деңгээлине түштү


Укук коргоочу Азиза Абдирасулова
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова

№50 абактан качкандардын өлүмүнө байланыштуу окуя боюнча "Азаттык" укук коргоочу, "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова менен маектешти.

"Азаттык": Качып кармалган экөөнүн түрмөдө каза болушу, жашынып жүргөндөрдүн экөө жок кылынышы коомчулукта түрдүү пикир жаратууда. Айрымдары муну туура десе, кээ бирлер укуктук мамлекет үчүн бул жат көрүнүш деп жатат. Жаза аткаруу кызматы болсо кыйноолор жок экенин, абактын ичин текшерүүгө тыюу салынбаганын айтууда...

Абдирасулова: Жаза аткаруу кызматы абакка кирүүгө тыюу салынган жок деп туура эмес маалымат берип жатат. 12-октябрда окуя болор замат кармалган беш кишинин адвокаттары, туугандары бизге кайрылып, аларды аябай токмоктоп жатканын айтышты.

Ошол эле күнү биздин уюмдун юристи, Кыйноолорду алдын алуу борборунун үч өкүлү, акыйкатчынын өкүлдөрү эртең менен кечке чейин сагалап турушту колониянын алдында. Киргизишкен жок. Адвокаттарды бүгүнкү күнгө чейин киргизбей жатышат. Эгер эч кимди уруп-сабабаса, жаап-жашыра турган эч нерсе болбосо, анда эмне киргизишпейт? Эмне үчүн "мына, ден соолугу таптаза" деп көрсөтүп коюшпайт?

Мен Эдил Байсаловго (укук коргочу, саясатчы Эдил Байсалов качып кармалгандардын өлүмүн өч алуу деп атоодо - ред.) толук кошулам, бул жерде кадимки өч алуу жүрүп жатат.

Окуя мамлекеттик деңгээлде теске салынышы керек эле. Аларды төрт кызматкери каза болгон Жаза аткаруу системасынын эмес, башка структуранын абагына алып барып жайгаштыруу туура болмок.

Дордой-1 жаңы конушундагы операцияны баарыбыз көрүп турдук, бир бычагы бар жигитти жок дегенде бутуна атып, өлтүрө атпастан кармап алганга мүмкүнчүлүк жок болдубу? Бул жерде түздөн-түз өч алуу болду деп айтсак болот. Мамлекет бандиттердин, террорчулардын деңгээлине түшүп жатат.

Дагы бир айта кетчү нерсе, азыр качып жүргөн Алтынбек Итибаевди 2009-жылы биздин уюм коргогон. Ал аябай катуу кыйноого кабылган эле. Бул боюнча мамлекет тарабынан эч кандай аракет болгон эмес. Азыр эгер кааласа аны да атып салышат турбайбы деп жүрөкзаада болуп отурам.

“Азаттык”: Ушундай эле жагдай бир нече жыл мурда Бишкектеги №1 тергөө абагында болгон. Сыртта чогулуп турган адвокаттар, туугандарынын көзүнчө ичиндегилер жардам сурап кыйкырып, аларды ур-токмокко алып жатышканын айткан. Бирок кийин териштире келгенде эч ким күч колдонбогону, өзүнө көңүл бурдуруш үчүн гана ызы-чуу чыгарып, төшөнчүсүн өрттөп терезеден ыргытканы, дубалдарды атайлап булгаганы аныкталбады беле. Азыр да ошондой болуп жаткан жокпу?

Абдирасулова: Азыр ал жакка эч кимди киргизбей жатат. Мен учурдагы дайынсыздык тууралуу айтуудамын. Далил катары кармалгандардын жапжаш экөө жүрөгү кармады деп эле биринин артынан бирөө каза болуп жатканын айтса болот. Эгер адвокаттар, биз, укук коргоочулар кирип, өз көзүбүз менен көрсөк кыйноо болгон жок деп айта алат элек. Жолотпой жатса “демек бизди жөндөн-жөн киргизбей жатышпаптыр, абалы өтө оор экен” деген шек жаралат да.

Алардын качкан себебин да билбей жатабыз. Тогуз кишинин качып кетүүсүнө ким жол берди? Эмне үчүн кызматкерлердин коопсуздугун мамлекет камсыздай алган жок?

Бишкектеги №1 тергөө абагы шаардын так ортосунда турат. Аны башка жерге көчүргүлө деп канча жылдан бери айтып келатабыз. №50 абак четте, ал жерде аз эла адам кармалат, андыктан өтө чоң коркунуч болгон жок. Кудай бетин салбасын, №1 тергөө абагында бир нерсе чыгып кетсе эмне болот? Ал жерде эки миңдей киши жатат.

Мамлекет мыйзамдуу аракетин көрүп, эл аралык стандарттарга жооп бере турган колонияларды салып, иштеген кызматкерлерге да, кармалып тургандарга да жакшы шарт түзүп берсе №50 абактагыдай окуя болмок эмес, бөөдө балдардын каны төгүлүп, жаны кыйылмак эмес. Мына, бүгүнкү күндө кызматкерлерден төртөө, качкандардан төртөө каза болду. Сегиз адамдын өмүрү мамлекет үчүн эч нерсеге татыбайбы?

“Азаттык”: Демек ачыктыктын жоктугу күдүк ойлорго негиз болууда деген пикирдесиз?

Абдирасулова: Андай ойлорду пайда да кылып жатат. Далил – балдардын өлүмү. Качкандын өзү далил, шарт түзүлүп берилбегени далил. Бизде өлүм жазасы жок, бирок террорист деп талаадан атып салып жатышат. Алардын сөөгү туугандарына берилбейт, кайсы жерге көмүлгөнү да айтылбайт. Демек, бейтарап соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлбөйт. Алар чынында жүрөк оорудан каза болдубу же токмоктонбу, эч ким, эч качан билбей калат. Баарын жаап-жашыргандыктан мамлекет өзү кылмыш жасап жатат деп айтса болот.

“Азаттык”: Мыйзамда кандай жазылган? Алардын сөөгүн бербей коюу туурабы?

Абдирасулова: Террорчулукка каршы туруу жөнүндөгү мыйзамда эгер адам террорчу болсо ал атып өлтүрүлгөн жеринен жакындарына берилбейт, коюлган жери да айтылбайт деп жазылган. Бирок ушу норма мамлекет, күч түзүмдөрү үчүн аябай ыңгайлуу болуп жатат. Бирөөнү атып салып, бул террорчу болчу дешет. Мурун ага карата терроризм боюнча кылмыш иш козголгонбу, жокпу, кармап суракка алгансыңарбы, кантип делилдедиңер деп сурасак, бул сыр болгонун айтып жооп беришпейт. Тууган-уругу ал жөн гана мечитке барчу, намаз окучу, мурун бир кылмышка аралашып калган деп ыйлактап келишет.

Акыйкаттык жок мамлекетте террорчулар пайда болот. Биздин Кыргызстанда күч кызматкерлери өзүлөрүнүн шалаакылык, катаал, кесипкөй эмес мамилеси менен террорчуларды пайда кылып жатат. Кыргыз эли эч убакта террорчу болгон эмес.

XS
SM
MD
LG